Насыят Русланова, Руслан Курманалиевдин кызы: «Мындай кырсык болорун билгенде атамдын жанынан карыш жылбайт элем...»
Жакында эле элибизге аттын кашкасындай таанымал актёр мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Коомчулук мыкты таланттан айрылганына өкүнүп, көңүл айткандардын аягы үзүлгөн жок. Артында калган апасы, келинчеги жана уул-кыздары, анын күйөрмандары жоктоп ыйлап, айрымдар мамлекет тарабынан татыктуу сыйлык берилбей калганына кейишти. Маркумдун жакындарына биздин редакция жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.
– Насыят, атаңдын арты кайырлуу болсун! Өтө кейиштүү окуя болду... Руслан мырзанын канчанчы кызысың?
– Мен атамдын эң кенже кызы болом. Касиет, Сыймык, Бакенбий анан мен болуп биз төрт бир тууганбыз. Балдарын жанынан артык жакшы көрдү. Адамзатына тиешелүү «эң мыкты адам» деген сөзгө татыктуу инсан болчу. Жумушта, көчөдө, үйдө дайыма бир калыпта жүрчү. Атам өзү алты бир тууган. Сегиз жашында атасынан ажырап, чоң апама жардам берип бөбөктөрүн өзү чоңойтуптур. «Чоң атам эрте кетиптир, атам узак жашаса экен...» деген ой эмнегедир мага келе берчү. Атам балалык чагында башынан көп кыйынчылык өткөнүн, чоң атамды тартып искусствого жакын экенин, 8-классты аяктагандан кийин эле Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырып, окуп калганын айтчу.
– Кырсык болгон күнү сен каякта элең? Жаман кабарды кимдер угузду?
– Атам каза болор алдында түшүмө ар кандай жагымсыз түштөр кирип жаткан. Мен аны жөн гана кыйналгандан же чарчагандан улам кирип жатат деп жаманга жоруган эмесмин. Кырсыктан бир күн мурун Касиет эжем келип мени үйүнө алып кетмей болду. Атам адатынча “кыздарымды жеткирип коёюн” дегенде “иштен чарчап келдиңиз, такси менен эле кетебиз” деп кеткенбиз. Атамды акыркы көрүшүм ушу болду. Окуя болгонун угуп эле келсек атам суналып жерде жаткан экен. Мындай кырсык болуп кетерин билгенде атамдын жанынан карыш жылбайт элем го. Ансыз деле эң көп жанында жүргөн мен болчумун. Эжем турмушка чыгып кеткен. Сыймык байкем чет мамлекетте окуусун улантып жаткан. Бакенбий агам, мен, ата-энем болуп жашачубуз. Атам үйдө кезинде кайда барса артынан жүрө берген адатым бар эле. Бала чагымда мени бала бакчага, андан кийин мектепке, бий ийримине жеткирип, кайра тосуп алып жүрдү. Мен быйыл мектепти аяктап, Баласагын атындагы улуттук университеттин бюджет бөлүмүнө өткөм. Атам, апамдар аябай сүйүнгөн. Балдарынын кенжеси болгонум үчүнбү, мени өзгөчө жакшы көрөр эле. Уктоочу бөлмөсүнө, телефонунун бетине, айтор кайда болбосун экөөбүздүн түшкөн сүрөттөрүбүздү коюп алчу. Мен азыр атамсыз жашоомду элестете албай жатам. Бул сыноону кантип көтөрүп кетем, билбейм... Эми эч качан атамды көрбөйт экенимди эстегенде жаным күйүп кетип жатат.
– Руслан мырза атанын ролдорун көп аткарды. Үйдө кандай ата эле?
– Үй-бүлөсүн ар дайым биринчи орунга койчу. Апамды “красавицам” деп аябай жакшы көрчү. Экөө бири-бирин кандай кырдаал болбосун колдоду. Апам чыгармачыл айым болбосо да атамды искусство адамы катары түшүнүп, дайыма кеп-кеңешин берер эле. Атамдын ар бир тартылган тасмасын бирге отуруп чогуу көрчүбүз. Апам Илимдер академиясында эмгектенет да. Иштер менен чет жакка кеткенде атам бөлмөсүнөн чыкпай, чай ичпей, апамды эле күтүп жол карап калчу. Кээде жаткан бөлмөсүнө чай алып барып берчүмүн. «Апаң жок үй башкача боло берет. Чай да даамсыз» деп тамашалап күлүп калчу. Экөө бири-бирин издеп, бири-бирин күтүп турар эле. Менин ата-энем эң бактылуу адамдар дечүмүн. Мындан ары апам кантип жашайт билбейм. Баарыбызга кыйын болуп турат. Кечээ эле «кыздарым» деп эркелетип маңдайыбызда турган атам бир заматта жок болуп калса ишениш да кыйын экен...
Бакенбий Русланов, Руслан Курманалиевдин уулу: «Атамды сактап калам деп болгон аракетимди кылдым»
– Апам менен байкем жумуштап Караколго кетишкен эле. Каргашалуу күнү атам экөөбүз болчубуз. Үйдө электр жарыгы өчүп калган болчу. Ошол маалда атам мени “суусундук алып кел” деп дүкөнгө жиберген. Дүкөндөн суу алып эсептешип жатканымда свет күйүп калды. Бейкапар эч нерсе оюмда жок үйгө келсем атам жок. Биздин үйүбүз мансард тибинде жаңы салынып бүтүп калган эле. Буюрса, ушул жылы толук бүткөндөн кийин той беребиз деп жатканбыз. Атам үстүңкү кабатта болсо керек деп чыксам эле тизелеп кыймылсыз отуруп калыптыр. Электр жарыгы жок учурда бир жерин оңдойм деп аткан. Свет күйгөндө ток уруп кеткенин дароо түшүндүм да, чуркап барып жүрөк согуусун текшерип, чалкасынан жаткырып жасалма дем алдырганга өттүм. Атамды сактап калам го деп болгон аракетимди кылдым. Тез жардам чакырдым, бирок 45 мүнөттөн кийин келди. Ал учурда атам көз алдымда бизди таштап кетип жатты. Ажалга алдырып жибердик. Айла жок экен. Мен таланттуу, залкар инсандын уулу экениме сыймыктанам, анын насааты менен жашайм. Бизге татыктуу тарбия берип, эч нерседен кем кылбай өстүрдү. Атама ыраазымын…
