Мирбек Кадыралиев: Жокчулуктан ыза болуп элден жардам сурап жатам
15 сентябрь

Мирбек Кадыралиев: Жокчулуктан ыза болуп элден жардам сурап жатам

Ал эми каарманыбыз да татаал сыноого кабылган. Бир колунан айрылып же мурункудай иштей албай, же балдарын талаптагыдай камсыздай албай ыза болуп турган Мирбек мырзага да коомчулуктун колдоосу керек.

“Атамдан айрылып 6-классымдан баштап иштедим”

Мен 1983-жылы Чоң-Кемин районунун Кайыңды айылында төрөлүп-өскөм. Ата-энемдин беш баласынын улуусумун. Бул жашоодо түйшүкчүл болуп жаралсаң өмүр бою түйшүк менен өтөт окшойсуң деп кээде башымдан өткөргөн күндөрүмдү тизмектеп ойлоп калам. Мен 6-класста окуп жүргөнүмдө, 1996-жылы атамдан айрылып калдык. Апам кош бойлуу кезинде  чиедей балдар менен жесир калып, кичүү иним кийин төрөлгөн. Атам баласын көрбөй кеткен. Ошол жылдардагы жокчулукту жон терибиз менен сезген элек. Кийимге эмес, нанга жетпеген ачка күндөр биздин эле эмес, көпчүлүк кыргызстандыктардын башынан өтсө керек. Апам кичинекей бөбөктөрүм менен үйдө, менден башка эркек жок, нан табыш үчүн 6-классымдан баштап бирөөлөрдүн картошкасын казышып, чөбүн чабышып, ташышып, жыйнашып иштедим. 

“Дөңгөлөк жарылып, ортосундагы темир колумду жулуп кеткен”

Ачка калбайлы, бөбөктөрүм окусун деп жүрүп ошол 6-классты аяктаган боюнча мектепти окубай калгам. Кийин техникага кызыгып жүрүп машина айдаганды, оңдогонду үйрөнүп алгам. КамАЗ, эксковатор айдап жүрдүм. Жашоом жакшырып, үйлөнүп, өз алдынча жашоом улана баштаган кезде кырсыкка кабылдым. Көмүргө барайын деп КамАЗымдын техникалык абалын карап, дөңгөлөгүн жасап жатканымда дөңгөлөк жарылып, ортосундагы темир ыргып кетип колумду жулуп кеткен. Мен анда Токмокто үй-бүлөм менен жашачумун.  Бишкекке ооруканага жеткенче кансырап бир жумадан ашык реанимацияда жатып араң дегенде ойгонгон экемин. Өлүп тирилгем десем болот.  Ошол кезде айылдаштарым, досторум, жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, туугандарым чуркап жүрүшүп каражат топтошуп,  Түркия, Россиядан дары-дармегимди алдыртышып, операция жасатышып  аман алып калышкан. Ал үчүн баарына ыраазымын. 

“Бул жашоонун өгөй баласындаймын”

Кийин Токмоктогу квартирадан өз айылыма көчүрүп келишти. Азыр айылда квартирада турам. Өзүм үй баштап алып бир колум менен бүтүрө албай кыйналып жүрөм. Баягыдай машина айдап, көмүр, кум ташып тиричилик кыла албайсың. Ишке кирейин десең “майыпсың” деп  алышпайт. Пенсияга, же майыптуулукка чегерилген жөлөк пул алайын десең жериң жок, эмгек тажрыйбаң жетишсиз дейт. Жок дегенде балдарга жөлөк пул алайын десем  КамАЗ сенин наамыңда жазылуу экен деп беришпейт. Айтор, бул жашоонун өгөй баласындай эле абалда калдым. 

“Майыптуулуктун уяты жок”

Эркектик намыс менен кыйналсаң деле унчукпай жашап жүрө берет экенсиң. Бирок эч жерден кирешең жок болсо жаман экен. Балдарымды мектепке даярдай албай жатам. Жокчулуктан ыза болуп айлам кетип Президентибиз  Садыр Жапаровго кайрылдым. Менин үнүм жетеби же жокпу билбейм.  Жокчулуктун, майыптуулуктун эмне уяты бар деп намысымды жыйыштырып элден жардам сураганга туура келди. Карыздарым көбөйдү. Кредитим бар эле, мен кырсыктагандан баштап төгүлбөй калып анын пайызы өсүп сотко чакырып жатат. Өзүм майыпмын, квартирада турам, бир колум менен иштей албай айлам кетип жардам сураганга туура келди. 

Жардам берем деген кайрымдуу эл үчүн МБАНК 0702578168 Мирбек К