Азиз Биймырза уулу: Кыргыз ренессансы жана глобалдык диалог — "Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы" – жаңы доордун интеллектуалдык платформасы катары
Адамзат тарыхында айрым учурлар бар: алар жөн гана календардагы дата эмес, доорлордун жаңы барагын ачкан белги болуп калат. 2026-жылы белгиленип жаткан Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы дал ошондой учурлардын бири... Кырк жыл мурда, 1986-жылы, дүйнө эки идеологиялык лагерге бөлүнүп турган кезде, адамзаттын келечеги жөнүндө тынчсызданган улуу ойчул жана гуманист Чыңгыз Айтматов Ысык-Көлдүн жээгине дүйнөнүн көрүнүктүү акылмандарын чогулткан. Ал форум саясатчылардын эмес, руханий лидерлердин, жазуучулардын, философтордун жана окумуштуулардын үнү угулган сейрек аянтча болгон. "Муздак согуштун" карама-каршылыктары күчөп турган мезгилде Айтматов диалогдун, өз ара түшүнүшүүнүн жана адамгерчиликтин мүмкүн экенин, бийик үлгүсүн далилдеген. Бүгүн, кырк жылдан кийин, дүйнө кайрадан олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Эл аралык тартип өзгөрүүдө, жаңы күч борборлору жаралууда, цивилизациялардын ортосундагы атаандаштык күч алууда. Ушундай шартта Ысык-Көл форумунун кайра жаңырышы жөн гана тарыхый эстелик эмес. Бул — Кыргызстандын дүйнөлүк интеллектуалдык мейкиндиктеги жаңы миссиясын жарыялаган окуя. Бул — эскерүү эмес. Бул — кайра жаралуу, "Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик" Уңгу жолубуздун башталышы. 40 жылдан кийин, быйыл 2026-жылы, бул форум эгемендүү Кыргызстандын жаңы тарыхый шартында — БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө 142 мамлекеттин добушун алуу менен шайлануусу жана ШКУга төрагалык кылуу менен дал келип жатышы өзгөчө символикалуу. Бул — жөн гана эскерүү эмес, улуттук мүнөздү дүйнөлүк масштабга чыгаруунун "ИЛБИРС СЕКИРИГИ".
XXI кылымдын биринчи чейреги дүйнөнүн саясий жана экономикалык борбору акырындык менен Атлантикадан Евразияга жылып жатканын көрсөттү. Кечээ дүйнөлүк саясаттын чет жакасы катары кабыл алынган Борбордук Азия бүгүн глобалдык кызыкчылыктардын кесилишкен аймагына айланууда. Мына ушундай шартта Кыргызстан өзүн жөн гана географиялык мейкиндик катары эмес, идеялардын, маданияттардын жана цивилизациялардын жолугушуучу жери катары сунуштоого тийиш. Биздин эң чоң байлыгыбыз алтын эмес. Мунай эмес. Газ эмес. Биздин эң чоң байлыгыбыз — руханий мурасыбыз. Дал ушул жерде, улуу «Манас» эпосу жаралып, жашап жатат. Дал ушул жерде көчмөн цивилизациянын өзгөчө дүйнө таанымы калыптанган. Дал ушул жерде Чыңгыз Айтматов дүйнөгө адамзаттын абийири жөнүндө сүйлөгөн чыгармаларын жазган. Эгер XX кылымда Кыргызстан дүйнөгө Айтматовду берген болсо, XXI кылымда дүйнөгө жаңы интеллектуалдык платформаны сунуштай алат. Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик мурасын, "Манас" эпосунун глобалдык потенциалын жана форумга чакырылган интеллектуалдык элитанын П. Франкопан, Мо Ян, Л. Перетти, Анар Рзаев идеяларын интеграциялоо менен, Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы жаңы ролуна- "интеллектуалдык жана маданий хаб" катары токтолгум келди.
Белгилүү тарыхчы Питер Франкопан өзүнүн изилдөөлөрүндө дүйнөлүк тарыхтын негизги кыймылдаткычы Батыш эмес, Улуу Жибек жолу болгонун далилдеген. Питер Франкопандын Жибек жолу тууралуу концепциясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы стратегиясына төп келет. Анын көз карашы боюнча, цивилизациялардын өнүгүшүндөгү чечүүчү процесстер дал ушул Евразия мейкиндигинде жүрүп келген. Бүгүнкү күндө ошол тарых кайрадан жанданып жаткандай. Кытай менен Европаны байланыштырган жаңы транспорттук коридорлор, "Кыргызстан - Өзбекстан- Кытай" темир жолу, энергетикалык долбоорлор, санариптик байланыштар жана маданий алакалар Борбордук Азияны кайрадан дүйнөлүк процесстердин борборуна чыгарып жатат. Бирок, жаңы Жибек жолу жалаң гана товарлардын жолу болбой, идеялардын жолу болушу керек. Маданияттардын жолу болушу керек. Тынчтыктын жолу болушу керек. Дал ушул жерде Ысык-Көл форумунун жаңы тарыхый ролу башталат.
Көп учурда биз «Манасты» улуу эпос катары мактайбыз. Бирок, анын дүйнөлүк маанисин толук түшүндүрө албай келебиз. «Манас» — бул жөн гана тарых эмес. Бул адамзат жана мамлекет жөнүндө философия. Бул биримдик жөнүндө ажайып дүйнө тааным. Бул планетардык жоопкерчилик жөнүндө философия. Бул адам менен коомдун, адам менен жаратылыштын, адам менен келечектин ортосундагы мамиле жөнүндө философия. Бүгүн адамзат жаңы коркунучтарга туш болуп турат: согуштар, климаттык кризис, маданий бөлүнүү, технологиялык трансформациялар. Ушундай шартта «Манас» эпосу көчмөн дүйнөнүн гуманисттик тажрыйбасын дүйнөлүк интеллектуалдык жүгүртүүгө сунуштай алган сейрек булактардын бири болуп саналат. Биз «Манасты» музейге коюлган эстелик катары эмес, XXI кылымдын суроолоруна жооп бере ала турган тирүү идея катары кабыл алышыбыз керек.
Форумга келе жаткан Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Ян өз элинин тарыхын жана трагедияларын дүйнөлүк адабияттын деңгээлине чыгара алды. Анын чыгармалары көрсөткөндөй, улуттук маданият дүйнөлүк мааниге ээ болуш үчүн ал биринчи кезекте чынчыл болушу керек. Биз дагы «Манасты» же улуттук тарыхыбызды идеалдаштырып гана койбостон, анын ичиндеги татаал суроолорду, карама-каршылыктарды жана адамдык драмаларды изилдөөгө тийишпиз. Улуу маданият өзүн мактагандан эмес, өзүн терең түшүнгөндөн жаралат. Мо Ян өзүнүн жергиликтүү тарыхын дүйнөлүк трагедияга айланта алгандай эле, кыргыз манасчылары жана изилдөөчүлөрү "Манасты" адамзаттын глобалдык көйгөйлөрүнө (согуш, тынчтык, экология) жооп бере алган интеллектуалдык ресурс катары сунушташы шарт.
Бүгүн дүйнөдө шаарлар жөн гана имараттардын жыйындысы катары эмес, жаңы цивилизациялык идеялардын лабораториясы катары каралууда. Экологиялык архитектура боюнча адис Лаура Перетти сунуш кылган көз караштар адам менен табияттын гармониясын жаңы деңгээлде кароого мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан үчүн бул өзгөчө маанилүү. Анткени биздин цивилизация тоолордун арасында жаралган. Биздин маданият табият менен күрөшүүнү эмес, аны менен тил табышууну үйрөткөн. Ага, "Кожожаш" дастаныбыз далил. Ошондуктан келечектеги Кыргызстан бетон дубалдардын өлкөсү эмес, адам менен жаратылыштын ортосундагы жаңы тең салмактуулуктун үлгүсү болууга тийиш. Лаура Переттинин "эко-шаар" концепциясы — бул архитектуралык чечим гана эмес, бул коомду бириктирүүчү философия. "Манас" эпосундагы "Айкөл", "Биримдик" түшүнүктөрү заманбап шаар курууда, табият менен адамдын гармониясында чагылдырылышы керек. Кыргызстан үчүн 40 жылдык мааракенин алкагындагы ири курулуштар дагы бир жолу, баса белгилегим келет, "таштан жасалган эстелик" эмес, адамдарды бириктирүүчү, келечекти куруучу "эпикалык мейкиндиктер" болуп калышы керек.
Чыңгыз Айтматов менен Анар Рзаевдин достугу эки адамдын достугу гана эмес. Бул элдердин достугу. Бул адабият аркылуу жүргүзүлгөн дипломатия. «Манас» менен «Деде Коркут» эки башка эпос эмес. Алар бир цивилизациялык дарактын эки чоң бутагы, тектеш. Бүгүн түрк дүйнөсүнүн мамлекеттери экономикалык жана саясий жактан жакындашып жаткан учурда, маданий жана интеллектуалдык интеграция дагы жаңы деңгээлге көтөрүлүүгө тийиш. Ысык-Көл форуму дал ушул процесстин руханий борборлорунун бири боло алат.
Ар бир элдин тарыхында өзгөчө учурлар болот. Кээде мындай учурлар революциялар менен келет. Кээде согуштар менен келет. Ал эми кээде идеялар менен келет. Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы дал ушундай идеялардын мезгили болуп калышы толук мүмкүн. Эгер биз Айтматовдун мурасын заманбап мааниге ээ кыла алсак; эгер биз «Манасты» дүйнөлүк интеллектуалдык жүгүртүүнүн бөлүгүнө айландыра алсак; эгер биз Борбордук Азияны атаандашуунун эмес, диалогдун мейкиндиги катары көрсөтө алсак; анда Кыргызстан өзүнүн жаңы тарыхый миссиясын аткарууга жакындайт. Кыргызстан дүйнөгө дагы бир жолу өз үнүн жаңыртууга, улуттук мүнөзүн көрсөтүүгө даяр. Бул үн күчтүн үнү эмес. Бул үн үстөмдүктүн үнү эмес. Бул үн — акылдын үнү. Бул үн — маданияттын үнү. Бул үн — диалогдун үнү. Бул үн — Айтматов баштаган, Айкөл Манас атабыз шыктандырган жана келечек муундар уланта турган Кыргыз ренессансынын үнү.
Кыргыз ренессансы — бул өткөнгө кайтуу эмес. Бул өткөндөн күч алып, келечекти куруу. Бул Манасты жаттоо эмес, Манастын идеяларын заманбап дүйнөгө которуу. Бул Айтматовду эскерүү эмес, Айтматов сыяктуу дүйнөлүк масштабда ой жүгүртүү. Бул экономикалык өсүштү руханий жаңылануу менен айкалыштыруу. Кыргыз ренессансы — бул улуттук өзөктү сактоо менен дүйнөгө ачык болуу философиясы.
40 жылдык маараке — бул Кыргызстандын "акыл-эстин борборуна" айлануусунун башталышы. Форумга келген глобалдык лидерлер жана ойчулдар аркылуу Кыргызстан өзүнүн "Манас" эпосундагы гуманизмди, экологиялык аң-сезимди жана дипломатиялык туруктуулукту дүйнөгө көрсөтүүдө.
Кыргызстан — бул жөн гана суверендүү өлкө эмес, бул — "Манас" философиясы менен дүйнөнү өзгөртө ала турган интеллектуалдык мейкиндик.
Акыркы жылдары Кыргызстан экономикалык өсүштү камсыз кылуу, инфраструктураны жаңылоо, аймактарды өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана эл аралык аброюн чыңдоо багытында олуттуу кадамдарды жасоодо. Жаңы жолдор, өнөр жай ишканалары, энергетикалык долбоорлор жана билим берүү демилгелери өлкөнүн өнүгүү багытын аныктап жатат. Бирок мамлекеттин чыныгы күчү материалдык жетишкендиктер менен гана өлчөнбөйт. Узак мөөнөттүү өнүгүүнүн негизи — улуттук идея, руханий баалуулуктар жана интеллектуалдык капитал. Дал ушул жерде Айтматовдун мурасы менен «Манастын» философиясы заманбап реформалардын руханий тирегине айланууга тийиш.
Бүгүн Кыргызстан жаңы доордун босогосунда турат. Өлкө тоолорду тешип жол салууда, дарыялардын күчүн энергияга айландырууда, жаңы ишканаларды куруп, жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Бирок мунун баарынан да маанилүүсү — Кыргызстан өзүнүн руханий бийиктигин сактап калууга жана дүйнөгө жаңы идея сунуштоого умтулуп жатат. Эгерде XX кылымда дүйнө Кыргызстанды Айтматов аркылуу тааныса, XXI кылымда Кыргызстан өзүн дүйнөлүк диалогдун, маданияттын жана акыл-эстин борборлорунун бири катары тааныта алат. Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы дал ушул улуу жолдун башталышын символдоштурушу мүмкүн. Анткени кээде тарыхты армиялар эмес, идеялар өзгөртөт. Ал эми идеялардын мекени болгон элдин келечеги ар дайым кең болот. Балким, XXI кылымдын тарыхында Кыргызстан дүйнөлүк саясаттын эң чоң өлкөлөрүнүн бири катары эмес, дүйнөлүк диалогдун эң маанилүү аянтчаларынын бирин жараткан өлкө катары калат. Анткени мамлекеттерди аймактары эмес, адамзатка берген идеялары улуу кылат.
Форумга ийгилик каалап,
Манасчы Азиз Биймырза уулу
