Меңди Мамазаирова: Коррупция менен күрөштө мамлекеттин мүлкүн жегенге ыңгайлуу жерде отурган депутаттарга, министрлерге аёо болбошу керек
Акын, жазуучу, драматург, КР Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун мүчөсү Меңди Мамазаирова менен Кыргызстандагы коррупция менен күрөш, снос маселеси боюнча ой бөлүштүк.
– Меңди эже, коррупция менен күрөш күчөгөн сайын коррупционерлер күч ала баштадыбы? Неге күндө кармап атса деле коррупционерлер түгөнбөй жатат?
– Коррупцияны токтотууга УКМК чоң күч жумшап, катуу аракет жасап жатат. Бирок, ал да жетишсиз болуп жаткандай. Себеби, З0 жылда бүт республикага ажырыктай тамырын жайган коррупцияны жок кылуу, түгөтүү чынында кыйынга турууда. Болгондо да так ошол тартип коргоочулардан, мыйзамды мыкты билгендерден, коррупционерлер чыгып атканына таңгалам. Өткөндө социалдык тармакка "Таң калам" деген постту ошон үчүн жазганмын.
– Мүмкүн коррупционерлерге жаза жеңил болгону үчүн коррупциянын кыныгын таап алгандар токтоно албай жаткандыр?
– Албетте, жазаны катуулатпасак коррупцияны токтотуу кыйын. Жазанын жеңилдигинен коррупционерлер кайра эле баш көтөрүшүүдө. Коррупцияны тамырын кыркуу боюнча менин бир топ сунушум бар:
Биринчиси, мамлекетке өтө чоң зыян алып келгендерди көп жылга, катуу жаза берчү жайга кесүү.
Экинчиси, мамлекетке чоң зыян алып келгендерди башка өлкөлөрдөгүдөй кылып, бир колун билегинен кесүүнү мыйзамдаштырсак колун кестирбеш үчүн да сестенип, коррупциялык иштерден кооптонуп калышат.
Үчүнчүсү, мамлекетке орточо зыян алып келгендердин баш бармагын кесип, экинчи, үчүнчү уурулук кылгандардын манжаларын катарынан кесүүнү жолго коюу керек. Эл манжасы бүтүндөр элдин акысын жебегенин билип калмак.
Ошондой эле мамлекетке эбегейсиз зыян келтиргендерди эл алдына алып чыгып атуу да керек! Чынында мындай зыянкечтерден эл азайып кетпейт. Өлүм жазасын киргизүү абдан зарыл.
Коррупция менен күрөшүүдө бир адам же бир органдын күрөшкөнү аздык кылат. Ошон үчүн кармалышса дагы азайбай жатат. Коррупция менен күрөшүүдө расмий команда түзүп, күрөштү мындан да күчөтүү зарыл.
Ошондой эле мамлекеттин мүлкүн жегенге ыңгайлуу жерде иштеген депутаттарга, министрлерге жана чиновниктерге аёо болбошу керек.
Мына, кечээ эле 300 миллиондун изи жок жок деп, Маданият министрлигине доомат коюлду. Чынында маданият тармагында канча жасалбай жаткан иштер бар: айыл жериндеги китепканалар, кээ бир маданий жайлар кароосуз калып, ремонтсуз турат.
Ошончо каражат бөлүнүп атса дагы жасалбай жаткан иштер бар. Айтайын дегеним, эки жылдан бери драматургдардын толук метраждуу пьесаларына конкурс жарыяланып, калем акы төлөшөт. Таңгалганым ал ошол бойдон калып калат...Көтөргөн идеясына, темасына карата республикалык театрларга бөлүштүрүү, спектаклге керектүү каражатын бөлүп берип, сахналаштыруу жагына келгенде эле “каражат жок” дешет. Мен болсо 300 миллиондун изи каяктан, кимден табылат, ошончо каражат кайсы куу кекиртекке кирип кетти экен деп отурам. Мамлекет ошончо сумманы берип атса деле, неге маданият тармагында каражат жетишсиз болуп жатканын түшүнө албайм. Угушубузга караганда маданиятка миллиарддаган каражаттар бөлүнүп аткан имиш.
– Снос оң жыйынтык берип жатабы же карапайым адамдар эле жабыркап жатабы?
– Снос абдан жакшы натыйжа берип жатат. Жакында Ошко барып келдим. Айтылуу Акбуура дарыясын мурун чоңдор бөлүп алып, дайранын үстүнө сауна- мончолорду куруп алышкан. Алар Акбуурадан суу ичкен элдин убалын ойлобой сауна, мончолордон чыккан бок- сийдикти сууга төгүшчү.
Оштун жигердүү мэри ага бөгөт коюп, алардын баарын снос кылды. Анын бул аракети мактоого татыйт.
Акбуура арууланды деп ыр жаздым.
Бул иш үчүн ТОКТОРБАЕВге эл алкышын жаадырып атат. Ал эми борборубуз Бишкекте да мыйзамсыз салынган имараттар снос кылынып, иретке келтирилүүдө. Снос болгон имараттардын көпчүлүгү атка минерлердин үйү, жайы.
Негизи эле сностон карапайым эл жабыркабай турган жолун табуу зарыл. Себеби, аларды ар тараптан шарт түзүп берип, анан бузуу керек. Араң жашап аткан мекендештерибиз көчөдө үй, жайы жок калбашы керек. Бардык нерсени бузарда терең иликтенип, жашоочулардын ал акыбалына кароо зарыл.
