Сергей Глуховеров: Мен адамдар “Кыргызстан” дегенди угуп, укмуштуудай “Салбуурун” фестивалын эстешин каалайм
Ысык-Көлдүн түштүк жээги ачык асман алдындагы аренага айланып, анда кооз шоу – "Салбуурун" этнофестивалы өтүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген туристтерди кыргыз элинин маданияты менен жакындан тааныштырып, байыркы көчмөндөрдүн салттуу аңчылыгына жана этно-оюндарына суктанууга чогултту.
Боконбаев айылындагы аянтчада фестивалдын коноктору үчүн бүркүттөрдүн, тайгандардын жана кыргыз жылкысынын тукуму - алабайлардын көргөзмөсү болду. Ошондой эле «Кыргыз күрөш», «Кыз куумай», «Тайган жарыш» сыяктуу улуттук оюндар көрсөтүлдү. Айрыкча бүркүтчүлөрдүн бүркүттөр жана тайгандар менен аңчылык кылуусу, ошондой эле жаа атуу боюнча сынак жана ат үстүндөгү трюк элементтеринин аткарылышы кызыктуу шоуга айланды.
"Travel Experts" тур компаниясынын негиздөөчүсү, КАТОнун башкаруу мүчөсү Сергей Глуховеров Кыргызстанда "Салбуурун" фестивалын өткөрүү жана бул иш чаранын шарапаты менен туризмди өнүктүрүүнүн перспективасы, ошондой эле өлкөбүздү туристтик тармакта бренд кылуу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү.
– «Салбуурун» фестивалынын өзгөчөлүгү эмнеде, айтып берсеңиз?
– «Салбуурун» федерациясы 2006-жылы негизделген. Салбуурун – кыргыздын аңчылыгы, ал үч негизги багытты камтыйт: бүркүт менен аңчылык кылуу, тайган менен аңчылык кылуу жана жаа атуу – ушундай этно-үч түрдүүлүк. 2012-жылы Салбуурун расмий түрдө улуттук спорттун түрү деп таанылган, ал эми 2016-жылы Көчмөндөр оюндарынын программасына кирген. Салбуурундун үч милдети бар – салттарды жана маданиятты сактоо, этноспортту өнүктүрүү жана Кыргызстандын туризмине көмөктөшүү.
Көп жылдардан бери федерация Кыргызстандын бардык аймактарында өз мүчөлөрүнүн арасында ар кандай мелдештерди өткөрүп келет, алардын мыктылары кийин Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышат. Эки жыл мурда мен федерациянын негиздөөчүсү Алмаз Акунов менен таанышып, Бөкөнбаев айылындагы фестивалды көрүп, абдан таасирленип, бул иш чараны кеңейтүүнү, дүйнөнүн ар тарабынан келген туристтер бул мелдештерге күбө болушу керектигин сунуштадым. Ал учурда коноктордун арасында жергиликтүү тургундар, достор жана Салбуурундун мүчөлөрү, ошондой эле бир аз туристтер бар болчу. Ал макул болду жана фестивалды туруктуу иш чарага айлантуу максатында жыл сайын өткөрүп турууну чечтик. Ошондо туркомпаниялар жана туристтер өздөрүнүн маршруттарын алдын ала пландаштыра алышат. Биз Кыргызстанда жыл сайын август айынын биринчи ишембисинде дал ушул жерде фестиваль өткөрүлөт деп белгиледик.
Өткөн жылы фестивалды туристтер үчүн кеңейтип ачканыбызда, 70ке жакын чет элдик жана жергиликтүү тургундар келди. Быйыл коноктордун саны 270ке жетти, башкача айтканда төрт эсеге көбөйдү. Биз алардан чакан маек алганыбызда, интернеттен фестивалдын өтөөрүн алдын ала угуп, кабардар болушканын айтышты. Адамдар атайын билет алып, Бөкөнбаевдеги фестиваль күндөрүнө туш келүү үчүн тур пландаштырышкан.
Биз фестивалды жыл сайын өткөрүүнү каалайбыз – ал ар бир жылдагы августтун биринчи ишембисинде өтсө, дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы туристтер анын сөзсүз болорун билип, бир нече жыл мурун билеттерди брондоп кое алышат.
– Иш чаранын алдына кандай максаттар коюлган жана аларга жетишүү мүмкүн болдубу?
– Негизги максаттардын бири – фестивалга көп адамдарды чогултуу эмес, жакшы сүрөттөр, пикирлер, макалалар жана видеорепортаждар аркылуу Кыргызстандын канчалык уникалдуу жана кызыктуу экенин бүт дүйнөгө көрсөтүү. Туристтер жылдын кайсы убагында болбосун өз туроператорлоруна кайрылып, тайгандардын ээлери, бүркүтчүлөр менен жолугушууну, жаа атууну уюштурууну суранса, анда бул адамдар жыл бою киреше таап, сүйүктүү иши менен алектенип, аны өнүктүрүп, өз каада-салттарын таштабай, кесибин өзгөртпөстөн, тескерисинче, аны бекемдеп, этноспортту өнүктүрө алышат. Негизги максаттардын бири – фестивалга көп адамдарды чогултуу эмес, жакшы сүрөттөр, пикирлер, макалалар жана видеорепортаждар аркылуу Кыргызстандын канчалык уникалдуу жана кызыктуу экенин бүт дүйнөгө көрсөтүү. Туристтер жылдын кайсы убагында болбосун өз туроператорлоруна кайрылып, тайгандардын ээлери, бүркүтчүлөр менен жолугушууну, жаа атууну уюштурууну суранса, анда бул адамдар жыл бою киреше таап, сүйүктүү иши менен алектенип, аны өнүктүрүп, өз каада-салттарын таштабай, кесибин өзгөртпөстөн, тескерисинче, аны бекемдеп, этноспортту өнүктүрө алышат.
Туристтер сүрөттөрдөн улам бүркүттүн кантип аңчылык кыларын көргүлөрү, аны менен сүрөткө түшкүлөрү, тайгандарын сылагылары келет. Алар Ошто, Таласта, Ысык-Көлдө Салбуурундун мүчөсүн кайдан жолуктурса болорун сурашат. Анан жолугушууну белгилеп, ал адамдар менен көрүшө алышат, бул өлкөгө туристтердин агымын көбөйтөт. Биздики уникалдуу турпродуктулар, мисалы, жөн эле тоо жана көл көп өлкөлөрдө бар, ал эми биздегидей тоо жана боз үй, көл жана анын жанында бүркүтчү, тайган жээгин бойлой чуркаган дарыя, жаачылар менен капчыгай – Кыргызстанды уникалдуу өлкөгө айлантат.
Биз азыр жаштар гаджеттерге жана бильярд, гольф, боулинг сыяктуу оюндарга көбүрөөк кызыгып жатканын көрүп жатабыз, ал эми салбуурунчулар жаштарды улуттук оюндарга жана аңчылыкка үйрөтүп, ошону менен кыргыздардын каада-салттарын жана маданиятын сактап калууда.
– Фестивалдын конокторунун эң чоң кызыгуусун эмне жаратты? Катышуучулар жана көрүүчүлөр кандай пикирлерин айтышты?
– Баары салбуурунчуларыбыздын өнөрүнө жана чеберчилигине абдан ыраазы болушту. Салбуурундун мүчөлөрү да коноктордун суктануусунан чоң ырахат алышты, алардын көбү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болушкан – бул өзгөчө жагымдуу болду. Эки тарап тең энергияга жана позитивге толушту. Аягында чогуу сүрөткө түшүштү жана бири-бири менен жакшылап таанышышты. Биз бул фестиваль жылдан жылга туристтерди көбүрөөк тартаарына жана өлкөнүн бренддик иш чараларынын бирине айланаарына ишенебиз. «Кыргызстан» деген сөздү укканда эле адамдар дал ушул укмуштуудай «Салбуурун» фестивалын эстешсе экен дейбиз.
Эгерде ЖМКлар Кыргызстандагы мындай маданий иш чараларды дүйнөгө жеткире алса, анда туристтер өлкөгө каалаган мезгилде келип, ар бир аймактагы салбуурунчуларга бара алышат. Натыйжасында адамдар өз өнөрлөрүн таштап, чет өлкөгө акча табуу үчүн кетпей, тескерисинче, өз хоббисинен ырахат алып, киреше таап, элинин каада-салттарын сактап, үйүндө, үй-бүлөсүнүн кашында калышат.
Фото: Влад Ушаков
