Нуржан Бардинова: Аялдар биринчи кезекте, бири бирибизди колдошубуз керек
3 сентябрь

Нуржан Бардинова: Аялдар биринчи кезекте, бири бирибизди колдошубуз керек

Кыргызстандагы айымдар өздөрүн өстүрүүнү, финансылык жактан көз карандысыздыкка жетүүнү, деги эле коомдун ишине активдүү катышууну кааласа, бул кыялына оңой жете алабы? Ал үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүк түзүлгөнбү? Деги эле лидер-айым деген ким жана ага айлануу үчүн айымдарга кандай аракеттер керектелет? Бул боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын жана гендердик теңчиликтин укуктары боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Нуржан Бардинова көз карашын бөлүштү. 

– Лидер айым деген ким? Кандай айымдарды лидер деп айтууга болот? 

– Коомдо ушундай түшүнүк бар: лидер айым сөзсүз түрдө саясаттагы гана аялдар. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Ар кайсы тармактарда эмгектенген, жакшы тажрыйбага жеткен жана ал тажрыйбасын башкалар менен бөлүшкөн айымдардын баары – лидер. 

– Жакында “Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер” аталыштагы форум болуп өтпөдүбү, ага коңшу Өзбекстан келген делегация да катышты. Ушундай иш чаралардын өтүшү аялдардын арасындагы лидерлердин бөлүнүп чыгышына канчалык таасир берет? 

– Ооба, аталган форумда Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиеева өз өлкөсүндө аялдарга зомбулукка каршы мыйзам канчалык кыйынчылык менен кабыл алынганын айтып берди. Делегациянын курамындагы бир ишкер айымдын басып өткөн жолу мени катуу таасирлентти. Ал таштандыны кайра иштетүүчү заводду иштетет экен. Бул ишти баштоодо эл тарабынан ар кандай айтылган сөздөргө, “таштанды терип кетти” дегендерге чыдоого туура келиптир. Эч бирине көңүл бурбай, ишин улантып жатып, азыр ийгиликке жетишкен. Ал тажрыйбасын кыргыз аялдарына да бөлүшүүгө даяр экенин айтты. Албетте, мындай мисалдар башка аялдардын шыктануусуна түрткү болот.

Белгилеп кетчү нерсе, Өзбекстанда ишкер айымдарды колдогон жакшы программалар бар экен. Ошол ишкер айымдын айтымында, мамлекет жер бөлүп, пайызсыз кредит бериптир. Кыргыз ишкер айымдарына да ушундай шарт түзүлсө, Кыргызстанда мыкты айымдар абдан көп, алар көптөгөн бизнести башташмак. Бизде депутаттар Камила Талиева жана Элдар Абакировдун демилгеси менен “ишкер айым” деген терминология мыйзамга кирди. Мындан ары биз дагы айымдарыбызга көптөгөн колдоолорду көрсөтөбүз деп ишенем. 

– Биздин айымдар жеке ишин түптөө, бизнес баштоо жаатында канчалык маалыматка ээ? 

– Маалымат албетте, берилип жатат, бирок менимче, толук жетпей жатат окшойт. Мисалы, элет жергесиндеги айымдарга арналган көп эле программа бар, анын бирине токтолойун. Кеңештин жана БУУ-аялдардын колдоосу менен Баткен облусунда жакшы программа иштелип чыккан, ал жакында аяктады. Анын негизинде, 19 демилге колдоого алынып, аялдарды окутуп, бизнес план иштелип чыгып, ал ишке ашырылды. Аялдар кооперативдерди түзүштү, кол өнөрчүлүк менен иштешти, ал турмак Казакстан, Россияга экспортко чыгып, кулпунай жөнөтүштү. Аялдар өздөрү ушундай багыттарда окууга кызыкдар болушу, көп маалымат алышы, компьютерди үйрөнүшү керек. Ийгиликти багындырган кыргызстандык айымдар ар кайсы тармактарда абдан көп, алардын баары ийгиликтин сыры катары эмгек жана өзүнө болгон ишенимди айтышат. 

– “Кыргызстандын 100 лидер-айымы” программасынын негизинде айымдарды окуудан өткөрдүңүздөр, окууну аяктагандарга сертификат бердиңиздер. Ага кимдер катыша алат, лидер болом деген аялдар кантип бири бирин табышат, ушул тууралуу айтып берсеңиз? 

– Аялдар башкысы, бири бирибизди колдошубуз керек. Бири бирибизди колдобосок, өсүү же жакшы жетишкендиктерге жетүү абдан кыйын. Аталган программа президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде бекитилген. Анын бир пунктунда аял-лидерлерди даярдоо жана окутуу каралган. Бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге байланыштуу. Эки агым менен онлайн жана оффлайн тренингдер болду, өлкө боюнча бардык облус, район, айылдарда иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында тандоо жүргүзүлдү, алар арыз беришти. Окутуу абдан кызыктуу программалар менен коштолду. Мен анда “Аялдар лидерлигинин призмасы аркылуу саясий элита” темасында лекция окуп бердим. 

Биз, аялдар окуудан качпашыбыз керек. Советтик доордо чоңойгон бизге Лениндин “Окуу, окуу жана окуу” дегени ураан катары болуп калган да. 50дөн ашып калсам да, дайыма окуйм. 

Дагы бир программа бар, мен айымдарга аны сунуштайт элем. Саясий жана мамлекеттик кызматтарга кадрлар резерви. Анда абдан туура талаптар коюлуп жатат, мисалы бир нече тил билүү. Себеби, мамлекеттик кызматкер мамлекетибиз үчүн негизги кагаздарды иштеп чыгуучу, эл менен иштей турган кызматкер. Мисалы, башка өлкөлөрдө кандай маалыматтар болуп жатат, анализ жүргүзүп, салыштыруу керек, эгер ал мыйзамдарды жана тилдерди билбесе кыйын болуп калат. 

– Аялдар көбүнчө орто звенодо эмгектенип, айлыгы да эркектердикине салыштырмалуу азыраак болот эмеспи, мындай болбошу керек беле? 

– Тилекке каршы, ушундай көрүнүш бар. Негизи бизде аялдар менен эркектердин бирдей мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзам бар. Анда ар кайсы тармакта бир жыныстагы кызматкерлер 30 пайыздан кем болбошу белгиленген. Белгилей кетчү нерсе, гендердик теңчилик бир гана аялдарга эмес, эркектерге да тиешелүү. Гендер дегенде кээ бир саясатчылар аял деп түшүнүп алышат. Мен дайыма айтам, гендердик теңчилик бир гана аял эмес, эркектердин да маселеси. 

Бизде гендердик теңчилик кармалбай жатат. Мисалы, ЖКда аялдар 30 пайызды түзбөйт, Министрлер Кабинетинде бир гана аял бар – агартуу министри. Министрлердин орун басарларын алганда да, 30 пайызга жетпейбиз. Бир да губернатор, бир да аким аял жок. Эмне себептен деген ойлор пайда болот. Ошондуктан, аялдарды коркпой, тартынбай сынакка катышып, жогоруда айтып кеткен кадрлар резервине кирип, саясий кызматтарга дайындалууга чакырат элем. 

– Шаарга караганда элет жергесиндеги айымдарга лидер болуу кыйыныраак болсо керек? Деги эле аялдардын лидер болуу мүмкүнчүлүгүн элеттик же шаардык деп бөлүүгө болобу? 

– Мен бөлгүм келбейт. Бирок элетте мүмкүнчүлүк бир аз азыраак экенин моюнга алуу керек. Бул боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн, мисалы, айылда жер да, үй да эркектердин наамына катталат, эгер аял ишкерчилик баштоо үчүн насыя алууну кааласа, өз наамында мүлк жок болгондуктан, кыйыныраак. Себеби, кайсы жакка барбасын, күрөө сурайт. Бирок элеттин аялдары абдан мыкты келишет. Учурда жергиликтүү кеңештерде 30дан ашуун аял депутат болуп отурушат. 

– Алдыга умтулуп, көпчүлүктөн суурулуп чыгам деген аялга кандай колдоолор керек? 

– Бүт тараптан: бала-чакадан, үй-бүлөдөн, коомдон, мамлекеттен. Чынын айтканда, аялдарга коомдон колдоо абдан аз. Эң негизгиси, аялдар бири бирибизди колдошубуз керек. Колдоо адамдын өзүнө болгон ишенимин жаратат.