Кел-Суу көлүнө барчу жолду тегиздөө иштери туристтик сезондо күчөтүлдү
25 август

Кел-Суу көлүнө барчу жолду тегиздөө иштери туристтик сезондо күчөтүлдү

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы №20 Жол-эксплуатациялык мекемеси жалпы 452 чакырым унаа жолун тейлейт. Анын ичинен 406 чакырымы шагыл жол болсо анын 46 чакырымы асфальт-бетон жол болуп саналат.

Учурда туристтик сезонго байланыштуу жолдорду сүрүү жана оңдоо иштери күчөтүлүп, Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунда профилировкалоо, башкача айтканда жолдун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган жол Нарын облусундагы туристтер эң көп барган кооз жайлардын бири болгон Кел-Суу (Көл Тетири) көлүнө алып барат.

Туристтик сезондо Кел-Сууга каттаган унаалардын саны көбөйгөндүктөн, жолдун абалын талаптагыдай деңгээлде кармоого өзгөчө көңүл бурулууда. Көл-Суу көлүнө барчу жол сүрдүрүлүп, тегизделүүдө.