Жамин Акималиев: Айдоо жерлерди туура пайдалансак, 7 миллион эмес, 10 миллион калкты тамак-аш менен камсыз кылабыз
25 апрель

Жамин Акималиев: Айдоо жерлерди туура пайдалансак, 7 миллион эмес, 10 миллион калкты тамак-аш менен камсыз кылабыз

Быйыл картошка адаттагыдан кымбат болду. Бирок ошол эле учурда айрым дыйкандардын түшүмү чирип, кирешеге эмес, чыгашага отурганы айтылды. Эмне себептен мындай жагдай жаралып жатат? Канткенде дыйкандардын эмгеги татыктуу акталчу абалга жете алабыз? Бул суроолорго Караван-Инфо айыл чарба илимдеринин доктору Жамин Акималиевден жооп издеп көрдү.

– Жамин агай, Кыргызстанга картошка Ирандан, Кытайдан келе баштаптыр. Биздин дыйкандар картошканы аз эгишкенби же кымбат сатабыз деп кармап отура бергени үчүн ушундай жагдай жаралдыбы?

– Картошка боюнча  болуп жаткан окуя акылга сыйбаган иш. Мындай болуп жатканынын  эки эле себеби бар. Биринчиси, биздин дыйкандар көп өндүрүп алып, кымбат сатабыз деп сактап коюшу мүмкүн. Ошон үчүн картошка таңкыстыгы жаралышы ыктымал. Бул жагына келгенде дыйкандардын күнөөсү жок. Анткени, дыйкандар өндүргөн продукцияны сатууну мамлекет уюштуруп бериши керек болчу.

Экинчиси, быйыл картошкабыз көп болуп калды деп сыртка миңдеген тонналар  чыгып кеткен. Мүмкүн ошон үчүн да картошка аз болуп жатышы мүмкүн.  Негизи  дыйкандардын өндүргөн картөшкөсүн сатып же кайра иштеткен  мамлекеттик орган болушу керек эле. Тилекке каршы, ошондой иштер уюшулбаганы үчүн ушундай жагдай жаралып жатат.

– Келерки жылы картошка эгилбей калбайбы?

– Коркунуч ушунда турат. Кээ бир дыйкандар келерки жылы көп айдабаш керек экен деген пикирди карманышууда. Себеби, биздин айыл чарба министри дыйкандарга «былтыркыга салыштырмалуу картошканы азыраак айдагыла» – деди.  Эгер былтыркыдан аз айдалып калса, картошканын баасы дагы асмандашы мүмкүн. Мына ушундай окуялар болбошу үчүн жогоруда айткандай, мамлекет жыл сайын өлкөгө керек болчу азык-түлүккө «баланча тонна картөшкө же эгин, эт өндүрүп бергиле» деп заказ бериши керек. «Силер өндүргөн продукцияны  мамлекет толугу менен сатып алат же сыртка чыгарабыз» деп дыйкандар менен эсептешип койсо, эл канча жерге эмне эгерин пландап, «кайсыл өсүмдүктү айдасам чыгым болбойм» дегенди билет эле. Тилекке каршы, ушундай сунушту көп жылдан бери айтсам деле эске алынбай жатат. Мунун кесепетинен бир жылы картошка кымбаттаса, бир жылы буудай арзандап, бир жылы пияздын баасы жогорулап жатат. Талааларды жеке менчикке берип койдук дебестен, мамлекет өзү дыйкандардын жерди пайдаланышына да кам көрүп, жардам бериши керек.

Эң негизгиси, жогоруда айткандай өндүрүлгөн азык-түлүктү экспортко чыгарып же кайра иштетүүгө жардам бериши зарыл. Анткени, жыл сайын сыртка чыгарбагандыктан өндүрүлгөн азык-түлүктүн 30 пайызы коромжуга учурап жатат.

– Быйыл кургакчылык болот деген маалыматтар да  айтылып жатат го. Кургакчылык болсо, түшүм аз болуп калбайбы?

– Бул жылы кургакчылык болушу мүмкүн, анткени быйыл көпчүлүк жерлерде, өзгөчө Нарын облусунда кар аябай аз жаады. Бирок бул көйгөй түшүмдүн аз болушуна алып келбеши керек, анткен себеби биз суунун башында турабыз. Жалпы Борбордук Азиянын сууга болгон муктаждыгынын дээрлик 40 пайызы Кыргызстанда жайгашкан. Башкача айтканда, өзүбүздүн өсүмдүктөрүбүздү суу менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ал үчүн бизде Токтогул, Кара-Буура, Орто-Токой, Найман жана башка ондогон жасалма суу сактагычтар өз убагында курулган. Кептин бардыгы өзүбүздүн суубузду натыйжалуу пайдаланууда турат. Анткени арыктарга бетон жабылбагандыктын, аларды тазалабагандыктын жана сугаруунун алдыңкы ыкмаларын өтө начар пайдалангандыктын натыйжасында колубузда болгон суунун жарымына жакыны коромжуга учуроодо. Демек биз сууну машиналардын жардамы менен жаадыртып жана тамчылатып сугарууну кеңири ишке ашырышыбыз керек, бир тамчы сууну дагы текке кетирбешибиз зарыл.

Айта кетчү нерсе, Республикада 1 миллион 250 миң гектар айдоо жерибиз бар. Аларды туура пайдалансак биз 7 миллион эмес, 10 миллион калкты тамак-аш менен камсыз кыла алабыз. Жер семирткичтерди колдонуунун ролу дагы чоң. Эгерде бизге бир жылга 300 миң тонна минералдык жер семирткич керек болсо, азыр 80 миң гана тонна көлөмүбүз бар, бул таптакыр жетишсиз. Минералдык жер семирткичтерди толук пайдалануунун эсебинен эле түшүмдү 35 пайызга көтөрсө болот.