Жолдош Турдубаев, адабиятчы: “Парламент  улуттук аң-сезимдин, акыл-эстин ар-намыстын күзгүсү”
30 август

Жолдош Турдубаев, адабиятчы: “Парламент  улуттук аң-сезимдин, акыл-эстин ар-намыстын күзгүсү”

Коомдогу маселелерге кайдыгер карабаган, анализи күчтүү Жолдош Турдубаев агайды кепке тартып, парламент жана парламенттик  шайлоо тууралуу сүйлөштүк.  

– Парламенттик шайлоо күздө өтөрү тар чөйрөдө айтыла баштады.  30 округдан шайланып келе турган эл өкүлдөрүнөн билимдүүлөрдү, жаңы жүздөрдү көрө алабызбы? 

– Эл болгондон кийин татыктуу талапкерлер чыкпай койбойт. Алардын мандат алышы шайлоочулардын тандоо дараметинде жана аткаруу бийлигинин билимдүү, чыныгы намыстуу (куру дымактуу же популист эмес) депутаттар келишине канчалык кызыкдар экендигине жараша болот деп ойлойм.

– Эл арасында аткаруу бийлигинин ишине эч ким сын айтпашы керек деп эсептегендер бар, бул катмар калыңдап бараткансыйт. Бирок коомдогу, мамлекеттеги орчундуу маселелерди ачык талкууга коюп, иштиктүү сунуштарды бере албаса, анда парламенттин кандай кереги бар?  

– Парламент  улуттук аң-сезимдин, акыл-эстин ар-намыстын күзгүсү. Эгер Жогорку Кеңештин деңгээли жогору же төмөн болуп калса, демек, биздин активдүү катмардын орточо ай-кюсу (IQ - интеллектуалдык коэффициенти, башкача айтканда, акыл эстүүлүк даражасы) ошол абалда экенин көрүшүбүз керек...   

– Ачык талкуулар талапкерлердин дараметин аныктай алабы?  

– Шайлоодо татыктуулар өтүп келиши үчүн ар бир талапкер жөнүндө эң орчундуу маалыматтарды элге кеңири жеткириш керек. Мурун эң алгылыктуу жолдорунун бири – атаандаштарды теледебатка алып чыгуу. Ачык талкууда кимиси канчалык билимдүү, сабаттуу, намыстуу экенин көрүнүп калат.

Парламенттин деңгээли жогору болушуна аткаруу бийлиги да кызыгышы керек. Анткени кнопка басуу менен кошоматтан башкага жарабаган "өкүлдөр" бүтүндөй мамлекеттин кадырына доо кетирет, алардын алган айлыгы да арам болот.

– Баса, «2025-жылдан баштап, мыкты окуган окуучу үчүн мугалимдин айлыгы көбөйтүлөт экен.  Мындай нерсе мугалимдерди шыктандыра алабы?

– Мугалимдердин ишин окуучулардын ийгилигине карай баалоо идеясы жаман эмес. Мында алтын сертификаттардын саны боюнча баалоого болбойт, анткени көпчүлүк жеңүүчүлөр атайын курстарда даярдыктан өтүшөт. Ар бир мектептин ЖРТда топтогон орточо көрсөткүчүн жалпы жана ар бир предметтер боюнча эсептеп чыкса болот. Тестке катыштырылбагандар да эсепке алынып, жалпы упай бөлүнөт деген эреже киргизилсе, бир ууч "мыктылары" менен эле мактана бергендер уялып калат.

Бирок бардык мугалимдердин эмгек акысын реалдуу жогорулатуу, мектептеги окутуу мазмуну менен методикасын жаңыртуу мындан да зарыл.