Талантбек Батыралиев: Илимдеги кадр маселеси өтө оор, анткени илимий ишмердүүлүктүн кадыр-баркы жок жана айлык акы төмөн
21 февраль

Талантбек Батыралиев: Илимдеги кадр маселеси өтө оор, анткени илимий ишмердүүлүктүн кадыр-баркы жок жана айлык акы төмөн

Илимий ишмердүүлүк канчалык мааниге ээ? Эмнеге өлкөдө илимий ишкерлер жетиштүү бааланбайт жана алардын кандайдыр бир ачылыштары тууралуу коомчулук кабардар эмес? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде профессор, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев маек курду.

2-бөлүк

– Маегибиздин биринчи бөлүгүндө илимдеги реформаны кантип жүргүзүү керектигин айтып бердиңиз. Бирок буларды ишке ашыруу үчүн каражат талап кылынат эмеспи, аны кантип чечүүгө болот?

– Каржылоону мамлекеттик да, эл аралык дагы каржы булактар аркылуу чечүү мүмкүн. Мисалы:

* Мамлекеттик жөнгө салуу – A*STAR гранттар, стипендиялар, акы төлөнүүчү стажировкалар үчүн жооптуу жана ишканалар менен келишим түзөт. Анын эки бөлүмү приоритеттүү багыттар үчүн жооптуу – Биомедицина (Biomedical Research Council (BMRC)) жана Инженердик-техникалык адистиктер (Science & Engineering Research Council (SERC)).

* Жеке каржылоо – мамлекеттик программалардын бар экендигине карабастан, Сингапурдагы R&D сектору жеке каржылоо үчүн негизги багыт болуп саналат. 2021-жылы эле инженердик багыттарга жеке булактардан жалпы каржылоо 7 миллиард сингапур долларын түздү (болжол менен 5 миллиард доллар) – бул мамлекеттик секторго караганда дээрлик 7 эсе көп.

* Эл аралык кызматташтык – Сингапур илим жаатында эл аралык кызматташтык идеяларын активдүү илгерилетет, глобалдык илимий долбоорлорго катышат жана чет элдик кесиптештери менен тажрыйба алмашат.

Бул салыштыруу үчүн абдан маанилүү учурлар жана аларды кылдаттык менен изилдөө керек.

– А кадр маселесичи, реформаны ишке ашырууда кадрлар маанилүү роль ойноору белгилүү, бул боюнча бизде ресурс жетиштүүбү?

– Эгерде илимдеги кадр маселесине өтсөк, анда ал ого бетер оор болуп чыгат. Кыргыз Республикасындагы илимдин учурдагы абалына талдоо жүргүзүү анын өнүгүшүнө олуттуу тоскоолдук кылган туруктуу структуралык чектөөлөрдүн бар экенин көрсөтөт.

Илимий ишмердүүлүктүн кадыр-баркынын төмөндүгү жана эмгек акынын атаандаштыкка жөндөмсүздүгү негизги себептердин бири болуп саналат.

Изилдөөчүлөрдүн жана ЖОЖдордун окутуучуларынын айлык акылары рыноктук шарттарга жана аймактык багыттарга дал келбейт, бул илимий ишмердүүлүккө болгон мотивацияны төмөндөтөт. Илимий карьера социалдык жана экономикалык жактан жагымсыз катары кабыл алынып, бул жаш таланттардын келишине тоскоол болуп, кадрлардын жетишсиздигин күчөтөт.

Учурда мекемедеги ачык гранттын эсебинен бүткүл администрация, бухгалтерия жана башка кызматтар жашап, ал эми аткаруучулардын өздөрү бул каржы агымынан тыйын-тыпыр гана алып калышы гранттарга жана долбоорлорго арыз берүүгө кызыгууну жоготот.

– Мындай теңсиздикти жоюунун жолу барбы?

– ИИИлердин, ЖОЖдордун жана башка илимий борборлордун Уставдык документтерине гранттарга жана долбоорлорго түздөн-түз тиешеси жок адамдарды каржылоого тыюу салууну киргизүү жана долбоордун/гранттын активдүү аткаруучулары деген шылтоо менен долбоорго тиешеси жок адамдардын кирип кетишине жол бербөө үчүн долбоордун ар бир катышуучусунун ролун так жазып чыгуу зарыл.

Фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча эл аралык гранттар ар бир талапкердин аты-жөнүн көрсөтүү менен изилдөөчүлөрдүн жамаатына гана даректүү түрдө жазылышы керек. Бул изилдөөчүлөрдү дүйнөлүк илимди каржылаган эл аралык фонддордун, корпорациялардын жана гранттарга мыктыларды көрсөткөн кесиптик коомчулуктардын татыктуу көңүлүн бура ала турган эл аралык форумдарга жана конференцияларга катыштыруу керек.

Өз темасы менен мамлекеттик каржылоо программаларына туура келбеген жана мамлекеттик эмес гранттарды, долбоорлорду алуу жана эл аралык жеке изилдөөлөргө, анын ичинде старт-аптан баштап олуттуу иштелип чыккан чечимдерге чейин катышуу үчүн аренага чыккан изилдөөчүлөрдү кубаттоо механизмдери зарыл.

–   Илимди каржылоо системасын модернизациялоого мүмкүнбү?

– Ал үчүн мамлекеттик долбоорлордун темасын так белгилеп алуу кажет, ошондо анда жарыяланган жана бекитилген темалар жетиштүү жана үзгүлтүксүз мамлекеттик каржылоо менен камсыз кылынат, ошол эле учурда аны кыскартпайт, а акылга сыярлык түрдө кеңейтет (мисалы, Японияда шарттуу 120 артыкчылыктуу багытка чейин).

Илимди башкарууну кантип өркүндөтүүнү түшүнүү үчүн, бүгүнкү структуралар өздөрүн объективдүү баалоого жөндөмсүз экенин билүү керек.

Бул багытта кандай жылыштар керектигин түшүнүү үчүн, өлкөдөгү кызыкдар топтордун жана тараптардын консалтингдик талдоого таасирин жокко чыгарган механизм -  баштапкы эл аралык консалтинг өтө максатка ылайыктуу.

Дүйнөдөгү алдыңкы консалтингдик компаниялар стратегиялык консультанттарга ("Чоң үчтүк" – McKinsey, BCG, Bain) жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган компанияларга ("Чоң төрттүк" – Deloitte, PwC, EY, KPMG) бөлүнөт. Алар ири корпорациялар жана өкмөттөр үчүн башкаруу, салык, каржы жана технологиялык консалтингди камсыздайт.

– ИИИ жана ИБдеги илимий наамдар талапка жооп береби? 

– Улуттук аттестациялык комиссия (УАК) диссертациялык иштерди жана профессор жана доцент илимий наамдарына аттестациялык иштерди кароо мөөнөтү боюнча катаал регламентке муктаж.

ИИИ жана ИБге илимий статусу боюнча ЖОЖдордогу доцент жана профессорго теңелген улук илимий кызматкер жана жетектөөчү (же башкы) илимий кызматкер илимий наамдарын киргизүү зарыл. Аларды ыйгаруу механизмин доцентке жана профессорго теңөө керек.

Илимий даражаларга жана илимий наамдарга документтерди тапшыруу процессин жөнөкөйлөтүү зарыл. Тапшыруу үчүн текшерүү баракчаларын мүмкүн болушунча кыска жана мазмундуу кылып, талапкердин даражасынын/наамынын кошумча илимий маанилүүлүгүн далилдеген ашыкча документтерсиз, маалымкаттарсыз жана башка кайталануучу документтерсиз жасоо жана аларды кароо мөөнөтүн белгилөө керек (14 календардык күн же 28 календардык күн).