Хоромона Хоро: «Кыргызстанда өз үйүмдө жүргөндөй сездим»
18 сентябрь

Хоромона Хоро: «Кыргызстанда өз үйүмдө жүргөндөй сездим»

Жаңы Зеландиядан келген белгилүү маори музыканты жана композитору Хоромона Хоро VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдө өткөн «Көчмөндөр санаты» фестивалына катышты. Кыргызстанга алгачкы жолу келген өнөрпоз өлкөнүн тоолору менен көлүнө суктанганын айтып, бул жерлер ага мекениндеги жаратылышты эске салганын белгиледи.

Хоромона Хоро фестивалда маорилердин салттуу музыкалык аспаптарында ойноп, өз элинин маданияты менен тааныштырды. Ал музыка ар түрдүү элдерди жакындаткан универсалдуу тил экенин айтып, Кыргызстандагы сапары тууралуу ой бөлүштү.

– Хоромона мырза, Кыргызстанга биринчи жолу келипсиз. Алгачкы таасириңиз кандай болду?

– Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Керемет жер экен. Тоолору абдан кооз, көлү да өзгөчө экен. Бул жер мага ата журтумду эске салды. Өз үйүмдө жүргөндөй эле болдум.

– «Көчмөндөр санаты» фестивалына катышуу сиз үчүн кандай мааниге ээ болду?

– Бул фестивалга катышууну чыдамсыздык менен күттүм. Анткени өз элимдин маданиятын, музыкасын жана салттуу аспаптарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Буга абдан кубандым.

Ошондой эле ар түрдүү элдердин маданияты менен таанышууга шарт түзүлдү. Анткени музыканын тили жок. Музыка аркылуу адамдар бири-бирине жакындап, бири-бирин түшүнө баштайт.

– Фестивалда кандай музыкалык аспаптарда ойнодуңуз?

– Фестивалда маорилердин салттуу музыкалык аспаптарында ойнодум. Алардын арасында пукаэа, пунгао, пумотомото, путорино жана поротити сыяктуу аспаптар бар. Жалпысынан алтыга жакын ар түрдүү салттуу маори аспабын колдондум.

– Сиздин аткарууларыңызда табияттын, өзгөчө суунун орду байкалды. Бул эмнени билдирет?

– Ар кандай обондорду ойноп, андан кийин үндү бир баскыч жогору көтөргөндө, суунун аялдык жана эркектик күчтөрүн чакырып жаткандай болом.

Анткени суу адамдын денесин азыктандырып, сергитет. Биз суу менен тыгыз байланыштабыз. Биздин элибиз океандан келип чыккан деп эсептейбиз. Ошондуктан бул обон аркылуу сууга таазим кылып, аны урматтайм.

– Сиз ойногон айрым аспаптардын жасалышы да кызыктуу экен. Алар кандай даярдалат?

– Айрым аспаптардын ички бөлүгү ичкери карай спираль түрүндө жасалат. Биздин элибизде деңиз жээгине барып, деңизден чыккан кабырчык сымал материалды алып, аны кесип, жыгачтан бөлүк кошуп, байлап жасаган салт бар.

Бул аспапты менин устаттарымдын бири жасап берген. Ошондуктан ал мен үчүн өзгөчө мааниге ээ.

– Сиз менен кошо алып жүргөн улуттук буюмдарыңыз да өзгөчө экен. Алардын тарыхы тууралуу айтып берсеңиз?

– Бул буюмдарды менин туулган жерим Хокианга аймагынан келген адамдар жасашкан. Үстүмдөгү кийимимди эжелеримдин бири токуп берген.

Ал эми моюнумдагы буюмда менин мекенимдеги тоолордун ташы бар. Саякатка чыккан сайын аны өзүм менен кошо алып жүрөм.

– Сиз тагынып жүргөн салттуу чач тарагыңыздын мааниси да өзгөчө экен...

– Бизде салттуу чач тарактар бар. Азыркы учурда адамдар аларды ар кандай максатта колдонушат. Бирок мен үчүн анын мааниси абдан терең.

Аны чачыма тагынганда, жөн гана кооздук үчүн тагынгандай сезилбейт. Мен үчүн бул – бата сыяктуу. Чачыма тагынганда, ата-бабаларымдын батасын өзүм менен кошо алып жүргөндөй болом.

Бул мен үчүн жөн гана буюм эмес. Ал – ата-бабаларым менен болгон байланышымдын белгиси.

– Дагы бир буюмуңуз эки устатыңыз менен байланыштуу экенин айттыңыз. Анын мааниси эмнеде?

– Бул буюм менин эки устатымдын, эки мугалимимдин көздөрүн билдирет. Экөө тең дүйнөдөн өтүп кетишкен. Ошондуктан кандайдыр бир иш жасап жатканда, аларды дайыма өзүмө жакын алып жүргөндөй сезем.

Алар кулагымдын жанында тургандай, мага акырын шыбырап, туура жол көрсөтүп, баары жакшы экенине көз салып тургандай болушат. Алардын насааты, мага үйрөткөндөрү дайыма жанымда.

Ошондуктан бул буюм мен үчүн абдан өзгөчө мааниге ээ. Ал устаттарымдын элесин жана алардын мага берген билимин эске салып турат.

– Кыргызстандагы сапарыңыздан кандай таасир алдыңыз?

– Бул жерге келгенде табият менен болгон байланышты өзгөчө сездим. Тоолор, көл, жаратылыш – мунун баары адамга таасир берет.

Менин мекенимде да табияттын өзгөчө орду бар. Ошондуктан Кыргызстанда өзүмдү бөтөн жерде жүргөндөй сезген жокмун. Тескерисинче, көп нерсе мага тааныштай сезилди.