Чыңгыз Шамшиев: «Кара-Жыгач багы» бара-бара токойго айланып баратат. Бул – биздин долбоордун ийгилиги
24 апрель

Чыңгыз Шамшиев: «Кара-Жыгач багы» бара-бара токойго айланып баратат. Бул – биздин долбоордун ийгилиги

«Кара-Жыгач багы» экопаркы 2018-жылдын май айында Бишкектин Кара-Жыгач багынын аймагында Бишкек мэриясы, Франциянын Экология министрлиги, Франко-Кыргыз экотуризм ассоциациясы жана Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) биргелешкен долбоору катары пайда болгон. Жыйынтыгында, 6 жылдан ашуун убакытта шаардын эң бир криминалдуу районунда дарактарды мыйзамсыз кыюу аракеттери гана эмес, кылмыштуулук да азайды. Бул тууралуу бизге бакка кезектеги көчөттөрдү отургузуу маалында, долбоордун катышуучуларынын бири, АУЦАнын вице-президенти, башкы аткаруучу директору Чыңгыз Шамшиев айтып берди.

– Жети жыл мурун биз Бишкектин түндүк-чыгыш четинде жайгашкан 41 гектар аянттагы жашыл массивдин баалуу экосистемасын сактоого багытталган «Кара-Жыгач багы» экопаркынын долбоорун баштаганбыз. Шаардын ичиндеги бул зор жасалма токой өзүнүн көлөмү жана мааниси боюнча Борбордук Азияда теңдешсиз. Ал тургай Алматыдагы атактуу Баум токою да көлөмү боюнча кичине. Кыргызстандын борборунун уникалдуу байлыгын сактап калуу үчүн күрөшүү керек.

– Сиздердин университет ар жаз сайын студенттерин жана окутуучуларын экопаркка көчөттөрдү отургузууга жөнөтүүнү жакшы адатка айлантып алды окшойт. Бул жылы канча көчөт отургузасыздар?

– Бул ирет биз беш жүздөн ашуун көчөт отургузабыз. Алардын жарымы биздин уюмдун атынан. Калган жарымы демөөрчүлөрдүн жардамынын жыйынтыгы: бул жакшы самаалыкка каражатын же убактысын сарптаган, отургузуу материалдарын сатып алган жана акцияга катышкан физикалык, юридикалык тараптар.

– «Кара-Жыгач» багын өнүктүрүүдө кайсы бакка же токойго окшоштурууга аракеттенип жатасыздар, кандайдыр бир үлгүңүздөр барбы?

– Албетте, бул бак Нью-Йорктогу Борбордук парк сыяктуу таанымал жана корголгон паркка айланышын каалайбыз. Көбү эле ал жашыл массивдин космостон тартып алынган сүрөтүн интернеттен көрүшсө керек. Бийик кабаттуу имараттардын курчоосундагы кооз, тик бурчтуу, изумруд өңдөнгөн бак. Биздин бак да ушундай суктандыра тургандай болсо дейбиз.

– Экопаркки кирүү акысыз экен. Вандализм көп болобу бул жакта?

– Долбоорубуз жаңы башталган маалда көп эле болду. Тилекке каршы, мындай көңүл чөгөргөн көрүнүш айрым адамдардын тарбиясыздыгынан, билиминин жетишсиздигинен болот. Андай вандалдар отургучтарды сындырып, өрттөйт, дарактарды кыят: бир кыйылган карагай кара базарда миң долларга чейин тураары белгилүү эмеспи. Кара-Жыгач багы Бишкектин эң бир криминалдуу районунда жайгашканын унутпайлы. Бирок учурда токойду кыюу жана экопарктын аймагындагы мүлктөргө кол салуу сыяктуу нерселер дээрлик токтоду деп айта алам.

Акыбалдын өзү да жакшы жагына өзгөрдү деп айтсак болот: кылмыштуулук жана административдик эреже бузуу бир топ азайды. Биз шаардын бул бөлүгүндөгү кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз салымыбызды кошуудабыз: долбоорубуздун катышуучуларынын тобу аймактык милиционер менен тыгыз иштешет, жакынкы калктуу конуштардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Вандализмдин коркунучу көбөйгөн маалдан өттүк деп эсептейм. Бирок азыр сугаруу курч маселеге айланды.

– Аны кантип чечип жатасыздар?

– Азыр ирригациянын гидротехникалык долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн донорлорду издеп жатабыз. Аны даярдаарыбыз менен ишке ашырууга акча караштырабыз. Сугат системасын отургузулган көчөттөр кургабай тургандай кылыш керек. Бирок сизге айтып коеюн, биз отургузган көчөттөрдүн 90 пайызы бүчүр алат. Бул абдан жакшы көрсөткүч, шаардын башка аймактарына, мисалы, жол жээктерине тигилген көчөттөргө караганда жакшы жашап кетүүдө.

– Долбооруңуздарга жакында жети жыл болот экен. Бул убакыт аралыгында экопарк кандай жана кайсы багытта өзгөрдү?

– Барган сайын чыныгы жапайы токойго айланууда. Экологдор токой экосистемасы бир нече катмардан - бадал, орто жана жогорку катмарлардан тураарын билишет. Ар бир катмар алмаштыргыс роль ойнойт, бирок табигый образ менен гана калыбына келет.  Жаратылышты жайына койгондо гана ал абдан тез калыбына келет. Болгону адам бак-дарактарды кыйып, курулуштарды куруу менен аны кордобош керек.

– Айрымдар кыргыздардын улуттук психологиясына айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу көчмөн турмуштун байыркы салтынан бери эле сиңип калган, болгону «Манас» эпосу сыяктуу чыгармаларда баяндалган моралдык принциптерге кайрылуу керек деген пикирде. Анда жаратылыш байлыктарын урматтоого жана сактоого чакырган саптарды табууга болот.

 – Буга толугу менен кошулам. Кыргыз эли илгертен көчмөн эл болгон, өткөн кылымда гана отурукташкан. Кыргызстанда бул жалпы тарыхый процесс совет бийлиги орногондон кийин, башкача айтканда, жүз жылдан бир аз ашык убакыт мурда өзгөчө тез жана массалык түрдө жүрө баштады. Бирок отурукташкан жана көчмөн элдердин дүйнөгө тийгизген таасирлерин салыштырсак, айлана-чөйрөгө эң чоң зыянды дал отурукташкан цивилизациялар алып келери белгилүү болот. Отурукташкандар жашоо чөйрөсүн көзөмөлгө алышат, ал эми көчмөндүн жашоо образы жашаган жерине аяр мамиле кылууга жана маал-маалы менен жер алмаштырууга багытталган, ошону менен жаратылышка өзүн-өзү калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаратылышка болгон сый мамиле кыргыздардын менталитетинде чагылдырылган, бул кыргыз фольклорунда да көрүнөт.

– Бир гана фольклордо эмес, башка жактарда чагылдырылса керек.

– Сиз айткандан кийин Лев Николаевич Толстойдун «Хаджи Мурат» повестин эстедим. Прологунда минтип жазылган: айтып берип жаткан адам айдалган талааларды көрүп «адам деген кандай коркунучтуу күч! Жолунда жолуккандын баарын өзгөртөт, баарын кыйратат» деп айтат.

Анан талаанын бир жеринен сокого өтпөй, ийрейип калган чөптү байкап, аны сууруп алууга аракет кылат, бирок майнап чыкпай, колун оорутуп алып, кайсы бир адамдын тарыхтын агымына баатырдык менен каршылык көрсөткөнүн эстейт.

Ошондо, климаттын кескин өзгөрүүлөрү, глобалдык жылуулук планетабыздын көпчүлүк калкынын жашоо образынан улам келип чыгууда. Ал барган сайын көбөйүүдө, баары топтолууда, баары кыйылууда. Ошондуктан кантип жашап жатканыбызды, жаратылышка жасаган мамилебизди ойлонушубуз керек.

Экопарк долбоорубуздун алкагында айлана-чөйрө менен жакшы мамиледе болуу түшүнүгүн студенттердин аң сезимине сиңирүүгө аракеттенип жатабыз. Адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды экосистеманы бузбай туруп түзүүгө болот, эгерде каалоо болсо эле.

Маектешкен Андрей Токомбаев.