Полина Фурсова: Пессимисттер эч убакта ачылыш жасабайт. Позитивдүү ой жүгүртүүгө кантип үйрөнүү керек?
13 апрель

Полина Фурсова: Пессимисттер эч убакта ачылыш жасабайт. Позитивдүү ой жүгүртүүгө кантип үйрөнүү керек?

«Ушул убакка чейин бир дагы пессимист жылдыздардын сырларына сүңгүгөн эмес, белгисиз жерди таппаган, адамзаттын алдына жаңы асман рухун ачып берген эмес» – америкалык жазуучу Хелен Келлердин бул фразасы адамдагы позитивдүү ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгүн так жеткирет. Позитивдүү ой жүгүртүү бизге жашообуздагы ар кандай кырдаалдардан оңой өтүүгө жардам берет. Бирок «кызгылт көз айнек» тагынган бойдон чектен өтүп кетпөө үчүн аны өзүңө кантип иштеп чыгуу керек? Бул тууралуу Караван-Инфо туруктуу эксперти, педагог-психолог Полина Фурсова менен талкуулады.

– Полина, түшүндүрүп берсеңиз, позитивдүү ой жүгүртүү деген эмне?

– Менимче, позитивдүү ой жүгүртүү – бул бир гана кыйынчылыкты эмес, мүмкүнчүлүктү көрө билүү, эң бир кыйын кырдаалдын дагы баалуулугу менен маңызын таба билүү. Бул жашоодогу негативдүү кырдаалдарга көңүл бурбай коюу дегенди билдирбейт, бул ошол кырдаал менен натыйжалуу күрөшүүгө жардам берчү ыкманы тандоого болгон жөндөм. Мисал келтирейин, эки адам жумушсуз калышат. Бири айтат: «Бул катастрофа, менин колумдан эч нерсе келбейт, эми эмне кылаарымды билбейм». Экинчиси минтип айтат: «Бул карьерамды кайра карап чыгып, мага чындыгында эмне ылайык келээрин табууга болгон мүмкүнчүлүк, балким, мен башка деңгээлге чыгууга тийишмин, бул жакта көпкө кармалып калдым».

– Позитивдүү ой жүгүртүүнү «кызгылт көз айнек» менен кантип алмаштырып албоо керек?

– «Кызгылт көз айнек» – бул дүйнөгө иллюзордук көз караш менен кароо, реалдуу маселелерди көңүлгө албоо. Өзүңүздү бирөөнү катуу сүйүп калгандай элестетип көрсөңүз, мында да ошондой эле сезим. Позитивдүү ой жүгүртүү болсо кыйынчылыкты көрө билүүнү камтыйт, бирок ага чөгүп кетпейт. Позитивдүү ой жүгүрткөн адам финансылык кыйынчылыкта көйгөйдү моюнуна алат, чыгымдарын анализдейт, чыгууга жол издейт. А «кызгылт көз айнекчен» адам маселесин чечүү үчүн реалдуу кадам жасабай эле, «баары өзү ордуна келет» дей бериши мүмкүн.

– Позитивдүү ой жүгүртүү мотивацияны буза алабы?

– Эгерде ал пассивдүү оптимизмге айланып кетсе, ооба. Адам «баары баары бир жакшы болот» деп адам ойлосо, анда ал аракет кылууну токтотот.

– Өзүңдү кантип кайрадан программалоо керек жана жашоого карата негативдүү мамиледен кантип баш тартса болот?

– Негативдүү орнотууларды түшүнүп жана байкоону үйрөнүү керек. Мисалы, «Менин колумдан келбейт» деген ички добушту «Мындан чыгууга кантип жол тапсам болот, мага эмне жардам берет?» дегенге алмаштыруу керек. Жаңы адаттарды калыптандырып, жала калса майда ийгиликтерди да байкоого алуу зарыл. Эгерде сиз өз процесстериңизди өз алдынча түшүнүүдө кыйынчылыкка туш болсоңуз, мен сизге психологго кайрылууну сунуштайм, анын жардамы менен сиз максатка жетүүңүзгө тоскоол болгон терең ишенимдерди жана мамилелерди изилдейсиз.

– «Алгылыктуу жоготуу» принциби деген эмне?

– Бул суроо экономика жаатынан келсе керек, тилекке каршы, ал жактан мен күчтүү эмесмин. А эгерде бул суроону психологдун көз карашынан алып көрсөк, анда бул мындай идея деп ойлойм: жашоодо жоготуулар болуп турат, аларды жолуңдун бир бөлүгү катары кабыл алуу маанилүү. Бул кайгыруунун сазына чөкпөй, өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жардам берет. Мисалы, адам башка өлкөгө көчүп кетти дейли. Ал көнгөн чөйрөсүн жоготот, бирок анын ордуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алат. «Алгылыктуу жоготуу» түшүнүгү ага жоготууга кылчая бербей, тезирээк ыңгайлашууга көмөк көрсөтөт.