Профайлер: Адамдын калп айтып жатканын аныктагыңыз келсе – анын жүзүнө караңыз
7 октябрь

Профайлер: Адамдын калп айтып жатканын аныктагыңыз келсе – анын жүзүнө караңыз

Арсланбек Камчыбеков – бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жүрүм-турум профайлинг жана калпты полиграфсыз аныктоо боюнча тастыкталган жалгыз адис. Ал Москва шаарындагы Калп айтууну изилдөө боюнча эл аралык академиясынын атайын курсун аяктаган. Милициянын отставкадагы подполковниги. 14 жыл КР ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясында сабак берген. Жогорку окуу жайларындагы окутуучулук стажы – 19 жыл. Жогорку билимдүү филолог, юрист жана психолог. Учурда " Profiling Kg Croup" окутуу курстарын жетектейт. Ал “Караван-Инфо” редакциясына калп айтууну аныктоодогу тажрыйбалары менен бөлүштү.

- Калпты тааный билүүгө бардык эле адамдар үйрөнө алышабы?

- Биз азыр адамдардын жүрүм-турум профайлингин окутуп жатабыз. Ал аркылуу кызматкерлерди тандоодо ал калп айтууга, атаандаштар менен иштөөдө маалыматтарды ташууга жөндөмдүүбү же жокпу, психотиби ээлеген кызматына ылайык келеби аныктап алса болот. Негизинен кардардын психологиялык профили түзүлөт. Аны жакшы өздөштүрүү үчүн окуп жаткандарда жок дегенде базалык жогорку билим болушу керек. Адамдын анатомиясын (мимикалык булчуңдарын, физиологиясын, нерв системасын) билиши зарыл. Бул ыкма – криминалистика жана психологиянын кесилишинде пайда болгон ыкма.

Мен профайлинг менен 2016-жылдан бери алектенип келатам. Андан бери 3000ден ашуун адамды окуттум: ИИМ, атайын кызматтын, банк кызматкерлерин, бажы адистерин жана HR кызматкерлерин. Башта ИИМге караштуу жогорку окуу жайында сабак берип, курсанттарга криминалдык-психология сырларын үйрөтүп жүрдүм. Азыр эми өзүмө иштейм, каалоочуларга окутуу тренингдерин өтөм. Сүрөт, видео аркылуу адамдын жүзүн анализдеп, болжолдуу психологиялык картинасын түзөм.

- Сизди алдоого аракеттенген адамдар болду беле?

- Албетте. Алдагысы келет, аракеттенишет, мен аны билем, бирок эч убакта “сен калп айтып жатасың” же “сен алдадың” деп айтпайм. Ичимде сактайм. Адамдын калп айтып жатканын мимикасындагы, кол жана дене кыймылдарындагы, сөзүндөгү, физиологиясындагы болуп жалпы 200дөн ашуун белгилер менен билүүгө болот.

- Кээде айрым нерсенин чындыгына караганда жалганы жагымдуу болот эмеспи, айрым учурда калп менен чынды айырмалаганды билбей эле койсом болмок экен деп өкүнөсүзбү?

- Адамдардын ар бир кыймылын изилдеп, чын менен калпы таап, ошондон жыйынтык чыгарып турууга көнүп калгам. Мага оорчулук жаратпайт, өкүнүч жок.

- Тандаган багытыңызда кызыктуу окуялар көп болсо керек?

- Бир гана нерсени айтайын – эки кызыма күйөө балдарымды жана уулума келинди ушул ыкманы колдонуу аркылуу тандап, биздин үй-бүлөгө бүлө кылгам.

- Калп-чынды аныктоочу бир катар белгилерди жогоруда санап өттүңүз, алардын арасынан мимика менен кыймыл-аракетти алалы, кайсы бирине көбүрөөк көңүл буруш керек?

- Мимика көп нерсени айтып бере алат, анткени адамдын толук жашоосу жүзүндө чагылып турат. Кайсы бир кырдаалда адам өзүн кандай сезип жатканын билгиңиз келсе, жүзүнө караңыз. Бирок бул чындыкты билүүнү каалаганда бардык көңүлдү мимикага гана буруш керек дегенди билдирбейт, кыймыл-аракетине, сөзүнө ж.б. дагы бирдей баам салуу зарыл. Кээде адамдын калп айтканын жүзү жашырып коет дагы, бирок кыймыл-аракети ачыктап салган учурлар да болот. Тескерисинче, жүз башканы, кыймыл-аракет башканы айтып туруп алган да учурлар жок эмес, андайда жеке мен жүзгө көбүрөөк ишенем, анткени кыймыл – аракетке караганда мимиканы контролдош кыйын.

- Мисалы, мимика аркылуу адамдын чын же калп сүйлөп жатканын кантип билсек болот?

- Биринчиден, оозун кымырат – бул калп айтуунун же кайсы бир нерсени жашырып жатканынын белгиси, адам ушундай кылуу менен ашыкча сүйлөп жиберүүдөн өзүн карманып жатат. Ошондой эле манжаларын эринине такашы мүмкүн. Эринге байланышкан дагы бир белги бар – мында ылдыйкы эрини гана азыраак алдыга чыгып, ооздун бурчтары ылдый түшөт дагы, ээкте бырыш пайда болот. Эгерде адам сизге бирдемени далилдеп жатканда ушундай абалда болсо, анда ал киши чындыгында эмнени айтып жатканын өзү деле түшүнгөн жок же өз сөзүнө өзү да ишенбейт же сизди алдап жатат.

Экинчиден, жүздүн кыймылсыз болуусу же мимиканын ашыкча болуусу – эмоция жок болгон же ашыкча болгон кезде адам толкунданып же алдоого аракеттенип же бирдемени жашырып жатат. Сизди угуп жаткан адамда ушундай белги байкалса, анда ал сөзүңүзгө кызыккан жок же ишенбей жатат. Кыймылсыз жүз – бул каш менен көз бир калыбынан жазбайт, бир гана ооз ачылып-жабылат. Адам чыныгы сезимин билдирип албаш үчүн булчуңдардын баарын контролдоп жатат. Бирок бул оңой эмес, ошондуктан кайсы бир учурда эмоциясынын бир бөлүгүн ачыкка чыгарып алуусу мүмкүн, а эгерде такыр ачыкка чыгарбаса дагы анын кебетесинен билүүгө болот: өзүн чыңалган абалда кармап, үстүңкү көз кабагы көтөрүлөт, ылдыйкы кабак бошоң тартат. Кыймылсыз жүз адамдын чарчаганын, уйкусу келгенин, кайгырганын да билдирет.

Үчүнчү, жасалма эмоция – бул калп айтуунун белгиси жана көбүнчө жалган кубануу жана таң калуудан турат. Чыныгы жылмаюуну жалган жылмаюудан айырмалоо үчүн көзгө абай салыңыз, эгер күлүп жаткан көз жымыйбаса, көз алдында мүшөкчө, көздүн тегерегинде бырыш пайда болбосо, бир гана эрин жайылса, анда бул жылмаюу чыныгы эмес. Жасалма жылмаюу – адам эч нерсени сезген жок же терс эмоциясын жашырууга аракеттенгенин билдирет.

Кээде адамды ал жасабаган нерсе үчүн айыптап жиберет эмеспизби, мындай учурда анда эч нерсени түшүнбөй жатканын таң калуу менен көрсөтөт. Эгер адам чындыгында өзү эмнеге айыпталып жатканын билбеген болсо, 1 секунддан ашык эмес убакытка созулган таң калуу пайда болот, анда адатта көз билдирет, өйдөңкү кабагы көтөрүлөт, оозун да ачышы мүмкүн, каштары ылдый түшөт же биригет, бул дагы 1 секунддан көпкө созулбайт. Ал эми эмне жөнүндө сөз болуп жатканын билип, бирок билмексен болгусу келген адамдын таң калуусу 1 секунддан көпкө созулат жана аны менен катар көзү өзгөрүүсүз калат.

Мимикадан билинчү калптын белгилери абдан көп. Кыскартып айтканда ушундай.