Азем Бакасова: Кыргызстандык тигүүчүлөр Россияга товар жөнөтүүдө кабылган кыйынчылык жана андан чыгуу үчүн эмне кылуу керек
11 декабрь

Азем Бакасова: Кыргызстандык тигүүчүлөр Россияга товар жөнөтүүдө кабылган кыйынчылык жана андан чыгуу үчүн эмне кылуу керек

Учурда Кыргызстандын тигүү тармагы кыйынчылыкка кабылып турат. Өлкөнүн жеңил өнөр жайынын башкы өнөктөшү болгон Россиянын чек арасынан товарларды алып өтүүдө жаралган көйгөйлөрдөн улам, продукция көздөгөн жерине жетпей калууда. Бирок бул жаатта кыргызстандык тигүүчү ишкерлер жалгыз эмес, аларды коштоп, жол көрсөтүп турган – TIKME бар. TIKME – кыргызстандык тигүүчүлөрдүн, башкача айтканда тигүү жаатында ишкерчилик менен алектенгендердин жамааты. Анын өкүлү Азем Бакасова учурдагы көйгөйлөр жана андан чыгуу үчүн жасалып жаткан аракеттер тууралуу айтып берди.

– Алгач TIKME тууралуу маалымат берсеңиз, бул кандай жамаат, кандай иштерди аткарат?

– Бул тигүүчүлөрдүн жамааты, андагы тигүү жаатындагы тажрыйбага бай ишкерлер, мисалы ири фабрикаларды иштеткендер, бул тармакка жаңыдан аралашкан же өнүгүү жолуна ишенимдүү түшө элек ишкерлерге тажрыйбасын бөлүшөт. Биз тигүү жаатындагы ишкерлер үчүн ар кандай подкасттарды даярдайбыз. Анда эксперттерден, тийиштүү кызмат өкүлдөрүнөн тигүү тармагындагы ишкерлерге керектүү бардык маалыматтарды алып беребиз. Аны менен катар биз тигүү тармагын ачык, расмий иштөөгө чакырабыз. Чынын айтканда, Кыргызстандагы салык – Борбор Азиядагы эң жакшы салык. Тигүү иштерин өзү жасап, продукциясын саткан ишкерлер 0,25 пайыз салык төлөшөт. Бул абдан жакшы. Ачык иштеген ишкерлердин өзүнө да пайда, анткени ар кандай фонддор аркылуу гранттар, кредиттерди алууга болот, мында сөзсүз түрдө ачык иштеген компания керек. Учурда өлкөдө тигүү тармагынын басымдуу бөлүгү расмийлешип калды, бирок ошол эле учурда ачыкка чыга электери да бар. А биз баарын ачык иштөөгө чакырабыз. Ачык иштөө – бул көп мүмкүнчүлүктү ачат.

– Учурда өлкөдөгү тигүү тармагы кыйынчылыкта турганы белгилүү. Ушул тууралуу айтып берсеңиз, башкы себеби эмнеде?

– Базарларда соода күндөн күнгө басаңдаганынын себеби – экспорттун чектелип жатканы. Бизде тигүү тармагынын продукциясы негизинен Россияга экспорттолот. Ал жакта азыр онлайн соода өнүгүп, маркетплейстер алдыңкы катарга чыкты. Биздин тигүү жаатындагы ишкерлер ал жакка өздөрү чыгышат же ортомчулар аркылуу чыгып сатышат. Wildberriesке чыгуу – заман талабына айланган, бирок азыр ал кыйынчылык менен коштолууда. Анткен менен бул маселе чечилет деп турабыз.

– Мындай учурда тигүүчүлөр эмнеге көңүл буруш керек? Аларга бул абалдан чыгуунун кандай жолу сунушталып жатат?

– Мындай учурда талап кылынган эрежелер менен иштөө жана изденүү керек. Анткени, көнүп калган Россияда эле соода болот деген ойдон чыгыш керек. Бул кризис – биринчи эмес, акыркы да эмес. Ошондуктан, бир нече сатуу жолдору болууга тийиш экен. Бирок Европага же Жакынкы Чыгышка багыт алуунун алдында азыркы документтер менен иштегенди үйрөнүп алуу зарыл.

Азыр мамлекет тигүү тармагы туш келген кыйынчылыкка кайдыгер карабай, аларды бул туңгуюктан чыгарып кетүүнүн жолун издештирип жатат. Чынын айтканда, мамлекет ишкерлерге кол сунуп, алардын көйгөйүн тереңден таанып, чогуу жол издеп жатканы көңүл жылыткан көрүнүш болууда. КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдында “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору түзүлгөн, жогоруда аталган маселелерди чечүү жолдорун ушул борбор караштырып жатат. Эл аралык көргөзмөлөргө кыргыз тигүүчүлөрүнүн барышына жол ачып беришүүдө, чыгымдарынын жарымын, кээде толук бойдон мамлекет каржылайт, бул дагы тигүү тармагынын жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө өбөлгө болот.

– Ишкерлер сиздердин жамааттан кандай колдоолорду таба алышат?

–  Биздин түптөлгөнүбүзгө алты-жети гана ай болду. Ушул жылдын май айында ишибизди баштаганбыз. Бизге түз кайрылган ишкерлер болот, аларга колубуздан келишинче багыт көрсөтөбүз. Андан сырткары тигүү цехтеринин жетекчилерин окуудан өткөрдүк. Финансы, өндүрүш, коммерция, стратегия жагынан бизнесмендин ой жүгүртүүсү боюнча эки агымда толук кандуу окутуу өткөрдүк. Бирок тигүүчүлөрдүн чоң көйгөйү – бул убакыт. Алардын убактысынын тартыштыгынан андан ары окууларды уланта албадык. Анын үстүнө тигүү тармагындагы кризис бул ишти бир аз токтото турууга аргасыз кылды. Азыр башкы күч-аракет маселени изилдөө жана чечүү жолдорун камдоодо турат. Ишкерлер кандай шарттар менен иштеш керек? Чек арада кандай кыйынчылыктар бар? Кандай документтер керек жана алар кимдер аркылуу даярдалат? Көңүлдүн баарын мына, ушул суроолорго коюп, ушул багытты бет алдык. “Кыргыз экспорт” жакшы иш-чара уюштуруп, тигүү жаатындагы ишкерлерге кыска мөөнөттүү түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Сертификация, бухгалтерия, салыктар, маркировкалоо, деги эле бардык документациялоо боюнча көпчүлүк түшүнбөй жаткан суроолорго жооп табылды. Негизи, тигүүчүлөргө борборлоштурулган маалымат убагында жетпей калат, “Кыргыз экспорт” ошол боштукту толтурууга умтулууда. Биз дагы, TIKME, өз кезегибизде ишкерлерди маалыматтык жактан камсыздап, эксперттер менен суроо-жооп уюштуруп, зарыл иш-аракеттердин баарын жалпак тил менен жеткирүүгө аракеттенип жатабыз. Ишкерлерден суроо келет, ошонун негизинде жоопторду даярдап берээрибизди белгилеп кетейин.

– Эмне себептен ишкерлер продукциясын мурдагыдай кеңири өткөрө албай калды? Россия кандай талаптарды коюуда?

– Жаңы талап – бул жактан товар жөнөткөндө, ошол товарды Россия тараптан тосуп алчу импортер болушу керек. Буга чейин кыргызстандык ИПлар өздөрү жөнөтүп, Wildberriesтеги баракчасына киргизе алышчу.  Азыр болсо, Wildberries тосуп алуучу тарап (импортёр) эмес, мындан улам кыргыз ИПларга товарды баракчасына киргизүү мүмкүн эмес. Бул көйгөй азырынча чечилбей турат, аны мамлекет менен биргеликте Wildberries  гана чече алат. Бул боюнча жаңылыктарды “Кыргыз экспорттон” күтүп жатабыз. Жакында

Россия Федерациясынан Wildberriesтин өкүлчүлүгү Кыргызстанга келип, Экономика жана коммерция министрлигинде жолугушуу өткөрүшкөн, ага “Кыргыз экспорт” да катышкан. Андан кийин биздин өкүлчүлүк ушул маселени чечүү максатында Россияга кеткен. Жыйынтыгы кандай болоору белгисиз. Россиянын талабы боюнча КНСти импортёр төлөшү керек, демек, бизден барган товарлар үчүн төлөмдү россиялык компаниялар алууга тийиш. Азыр бул жактан Россиядагы тапшырык берүүчүгө түз товар жөнөткөндөр иштеп жатат, ал эми Wildberriesте кыргыз ИП катары катталган баракчаларга кирүү мүмкүн болбой турат. Таза, ачык иштеп, документтер толук болгон маалда дагы. Ушул нерсе мыйзамда каралбаган экен, ага өзгөртүү киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги аракет, сүйлөшүүлөр керек.

– Ошондо, Россия талап кылган документтер менен иштеп, товар жеткирүү эрежеге ылайык жүрсө, тигүү тармагы кризистен чыгып кетеби?

– Албетте, азыркы абалдан чыгуунун мүмкүнчүлүгү изделип жатат. Документациялоодогу көйгөй негизинен, буга чейинки эреже бузууларга байланыштуу болууда. Сертификациянын өзүнүн эрежелери бар, мурдараак эрежелер сакталбай, сертификатты туура эмес жасаган учурлар болуптур, ошондуктан Россиянын талаптары катуулашты. Мындан улам азыр көңүл сертификацияны тууралоого коюлууда.  Анын үстүнө улам жаңы токтомдор чыгып, талаптар өзгөрүүгө учурап турат, аны түшүнүшүбүз керек. Алтурмак кездеменин курамы да мааниге ээ. Документтерди туура топтоо олуттуу иш, ошол оңунан чечилсе эле, баары жайына келиши мүмкүн. Азыр жогоруда айтылгандай, маркетплейске эмес, россиялык дүңүнөн тапшырык кылган тарапка продукциясын саткандар сертификатын жасап, салыгын төлөп иштеп жатышат.