Айзаратбек Эсенов: АЙТИЛ – жасалма интеллектин кыргызча варианты
22 июнь

Айзаратбек Эсенов: АЙТИЛ – жасалма интеллектин кыргызча варианты

Кыргыз тилин өнүктүрүү жаатындагы дагы бир самаалык ишке ашты – «АЙТИЛ – акыл ачкычы» улуттук платформасы ишке кирди. Бул платформа кыргыз тилин өнүктүрүүгө кандай кызмат кылат жана кандай функцияларды алып жүрөт? Бул боюнча КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айзаратбек Эсенов айтып берди.

– Мындай платформаны ишке киргизүү мезгил талабы болуп калган. Ал кыргыз тилинин санариптүү дүйнөдөгү ордун аныктайт. Эмнеге тилди санарипке өткөрүү керек, анын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар деген суроо жаралышы мүмкүн. Баарыбызга маалым болгондой, азыр маалымат технологиялары, анын ичинде Жасалма интеллект тездик менен өнүгүүдө. Ушул маалда тилибизди заман чакырыктарына шайкеш келтирбесек, санарипке өткөрбөсөк, анын колдонуу мүмкүнчүлүгү азайып калышы ыктымал.

Ата-бабаларыбыз: Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев бир убактарда алфавитти ойлоп таап, түптөгөн, алардын эмгеги биздин муунга чейин жетти. Биз дагы алардын жолун улап, тилди санарипке өткөбөсөк, заманбап санарип доорунда, келечекте жок болуп кетүү коркунучу бар. Жасалма интеллект, анын айланасында тилдик моделдер бири бири менен атаандаштыкта өнүгүүдө. Бирок өнүгүү чоң тилдердин гана айланасында болуп, биздей калкынын саны азыраак болгон, интернет мейкиндигинде көп контенти болбогон тилдер көз жаздымда калып жатат. Ошондуктан, өзүбүздүн улуттук, көз карандысыз платформабызды иштеп чыктык, – деди Эсенов.

Ал белгилегендей, АЙТИЛ – 2019-жылы «Санарип Кыргызстан» концепциясынын алкагында, кыргыз тилинде иштетилүүчү продуктыларды иштеп чыгуу максатында жүзөгө ашырылып баштаган.

Ошентип, 2020-жылдан 2025-жылга чейин платформанын ичиндеги продуктылар этап-этабы менен ишке ашырылды. Андан соң, баары бир платформага чогултулуп, АЙТИЛ деген аталыш берилди.

– Эмне үчүн АЙТИЛ? AI – жасалма интеллект. Бул демек, биздин кыргыз тил дагы жасалма интеллекти колдойт деген маани. Ошол эле маалда кыргызча мааниси Ай – бул караңгыда жарык чачкан жакшы түшүнүк. Ушундай кыска-нуска, так аталыш бердик. Логотиби ачкыч түрүндө. Максатыбыз – санарип доорунда келечек муун үчүн жакшы иштердин ачкычы болуп берсин, – деди ал.

 Айтымында, платформада 6 продукт камтылган. Алар:

  1. Үндү текстке айландыруу.
  2. Текстти үнгө айландыруу.
  3. Чат-боттун кыргыз тилиндеги варианты.
  4. Котормо кызматы.
  5. Видео котормо.
  6. Сүрөт, ПДФтерден кыргызча текстти чыгарып алуу.

– Булардын аткарган иштери абдан чоң. Мисалы, текстти үнгө алмаштыруу теле, радионун ишине керек, жаңылыктарды ЖИ добушу менен окутууга болот. Ошондой эле, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жакын досуна айланат. Андан сырткары китептерди аудио форматка өткөрүүдө да абдан чоң жардамчы.

Үндү текстке айландыруу, сот отурумдарынын стенограммасы, журналисттердин маалымат жыйындарын чагылдыруусу үчүн абдан керектүү табылга.

Ал эми чат-бот АЙТИЛдин жүрөгү десек болот, фокус ошого жасалган. Ал кадимки виртуалдык жардамчы, каалаган сурооңузду берсеңиз, кыргыз тилинде жооп таап берет.

Котормо кызматы 2025-жылдын башында колдонууга берилген. Эртерээк бергенибиздин себеби, котормонун сапатын жакшыртуу болгон. Ал жакта кыргыз тилинен 10 тилге жана 10 тилден кыргыз тилине тексттерди которуу мүмкүн. Колдонуучулардын пикирине караганда, Google, Yandexке караганда контекстти жакшы которуп жатат. Google, Yandex майда тилдерге көп деле маани бербейт. Биздин тилдин спецификасын терең анализ кылбай эле, үстүртөн киргизип коет.

Видео котормо болсо, мисалы, YouTube тиркемесинен видеолордун шилтемесин салса, аны автоматтык түрдө кыргызчага которуп, үн коштоп, субтитри менен чогуу чыгарып берет.

ПДФ, сүрөттөн текст алуу – мындай программалар дүйнөдө көп, бирок аларда биздин ө, ү, ң тамгалары жок. Биз кыргызча вариантын иштеп чыктык. Бул жарандарга жумушун жеңилдетүүгө абдан керек, - дейт Айзаратбек Эсенов.

 АЙТИЛ менен биргеликте «document.gov.kg» порталы иштелип чыккан. Анда жашоодо керектелүүчү бардык документтердин үлгүсүн табууга болот. Аны иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү Айдар Сүйүндүк уулу билдиргендей, платформа 700дөн ашуун документтин үлгүсүн камтыйт.

– Бул жаңы тепкич, жетишкендиктердин бири деп эсептейм. Буга чейин кыргыз тилинин сертификациясы маселеси киргизилгенден тартып, аны кайдан табам, кантип үйрөнөм деген көйгөй пайда болбоду беле. Мамлекеттик тил комиссиясына жаңы команда келип, бул багытта жакшы иштерди жүргүздү.

Биз 700дөн ашуун документтердин үлгүсүн иштеп чыктык: арыз, өтүнүч кат, ишеним кат ж.б. Ал турмак соттук иштердин документтеринин үлгүсү да бар. Бирок сот тутумундагы документтерде бир аз кемчилик болуп калгандыктан, анын баарын ошол тармактын адистеринин сунуштары менен кайрадан жаңыладык. Үлгүлөр документ жана ПДФ форматында бар. Каалаган форматта колдонуп, аны өнүктүрүп, жакшыртууга да мүмкүнчүлүк берилген, – деди Сүйүндүк уулу.Начало формы