Бишкекте баңгизат таратууга шектелген кылмыштуу топтун мучөлөрү кармалды
КР ИИМ
10 июль

Бишкекте баңгизат таратууга шектелген кылмыштуу топтун мучөлөрү кармалды

КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ооган тектүү баңгизаттарды таратуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

2026-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында баңгизаттарды таркатуу менен алектенген 1990-жылы туулган З.у.Э. жана 1993-жылы туулган М.у.М. аттуу жарандар кармалган.

Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүүнүн жүрүшүндө ооган тектүү «героин» баңгизаты жана «ME 8 Police» үлгүсүндөгү ок атуучу тапанча табылып, алынды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын бири К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Алынган баңгизаттар жана ок атуучу курал боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.

Учурда кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.