Кадамжайда жаңы шагыл майдалоочу цех иштей баштады
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
10 июль

Кадамжайда жаңы шагыл майдалоочу цех иштей баштады

Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагына караштуу Гүлдүрөмө айылында жайгашкан «Ак-Өргө Курулуш» ЖЧКнын шагыл майдалоочу цехи ишин баштап, алгачкы продукциясын чыгарууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Өндүрүш ишканасынын курулушу жеке инвестициянын эсебинен ишке ашырылып, анын жалпы сметалык баасы 300 миң АКШ долларын түздү.

Жергиликтүү бийлик тарабынан долбоорду ишке ашыруу үчүн ишкерге 3 гектар жер аянты ижарага берилген.

Ишкана саатына 100 тонна шагыл майдалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өндүрүлгөн курулуш материалдары ички рыноктун суроо-талабын камсыздоого, ошондой эле аймакта жүрүп жаткан курулуш иштерин сапаттуу материал менен камсыз кылууга багытталат.

Өндүрүштүн ишке кириши менен 5 жаңы туруктуу жумуш орду түзүлдү. Бул жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууга жана райондун өнөр жай потенциалын кеңейтүүгө өз салымын кошот.