Учак кырсыгынан кийин Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды
www
10 июль

Учак кырсыгынан кийин Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды

Учак кырсыгынан кийин Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда “Манас” эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан аба кемеси менен авиациялык окуя катталган.

Окуя болгондон кийин дароо Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги аталган окуянын жагдайларын расмий иликтөөгө киришти.

Ошону менен катар Tez Jet авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиация мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталып, алардын учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз терс таасир тийгизери белгиленди.

Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

"Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиакомпаниянын аталышына, тарыхына, бизнесинин масштабына же рыноктогу ордуна карабастан, мындан ары да учуулардын коопсуздугуна тобокелдик жараткан ар бир эксплуатантка карата эң принципиалдуу жана катаал чечимдерди кабыл алууну улантат жана мыйзам баарына бирдей экендигин баса белгилейт", - деди ал.