Талас дарыясына агып кеткен өспүрүм 18 күндөн бери табыла элек
видеодон алынган кадр
10 июль

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүм 18 күндөн бери табыла элек

Талас дарыясына агып кеткен Чоң-Токой айылынын тургуну Тимур уулу Баэл 18 күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин Талас башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июлда да издөө иштери уланууда. Ал үчүн жалпы 10 кызматкер тартылып, алар дарыянын жээги жана мүмкүн болгон аймактарга кылдат издөө жүргүзүүдө.

Эске салсак, кырсык 2026-жылдын 23-июнунда катталган. Өспүрүмдү издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу да каза болду.