Asman Airlines Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча жайкы каттамдар сезонун ачты
2026-жылдын 10-июлунда Asman Airlines авиакомпаниясы Kompas туроператору менен биргеликте ушул сезондогу Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча алгачкы эл аралык каттамды ийгиликтүү аткарып, Казакстан менен Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн ортосундагы салттуу жайкы авиакаттамдардын башталышына старт берди.
“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда алгачкы жүргүнчүлөрдү өзгөчө жылуу жана кыргыз элине мүнөздүү меймандостук менен тосуп алышты. “Кыргызстан аэропорттору” ААК тарабынан салтанаттуу азем уюштурулуп, улуттук кийим кийген кыздар конокторду жылуу маанай менен тосуп, алардын кыргыз жериндеги алгачкы көз ирмемдерин майрамдык маанайда өткөрүүгө шарт түзүштү.
Жайкы программага ылайык, Тамчы – Алматы – Тамчы багыты боюнча каттамдар 2026-жылдын сентябрь айына чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылып, эки өлкөнүн ортосундагы ыңгайлуу жана ыкчам аба байланышын камсыздайт.
