Нуржан Давлетбекова, коомдук ишмер, акын Чыныбай Акуновичтин жубайы: «Жылдыздуу жээк» фестивалы учурунда Чыныбай арабызда жүргөндөй сезимде жашап калам...
Саясий ишмер, Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты, парламенттин спикери, филология илимдеринин кандидаты, акын Чыныбай Турсунбековдун бул дүйнөдөн өткөнүнө туура беш жылдын жүзү болду. Жубайы Нуржан Давлетбекова өмүрлөшүнүн өрнөктүү өмүрүн, акындык өнөрүн даңазалап, жыл сайын Чыныбай Турсунбековдун элесине арнап, үч муундун башын бириктирип, поэзия фестивалын уюштурат. Тоодой жүктү көтөргөн Нуржан айымды кепке тарттык.
– Нуржан эже, жүрөктөгү дартты дарылап, Чыныбай ага жасоого үлгүрбөй калган поэзия фестивалын ишке ашырууга киришкениңизге туура 5 жылдын жүзү болуптур. Чоң түйшүк, эбегейсиз даярдыкты талап кылган фестивалдан ырахат аласызбы?
– Албетте, поэзия фестивалдан алган ырахатты сөз менен айтып жеткире албасам керек. Ишенесизби, фестивалды уюштурганда жүрөгүмдө тынчтык орун алып, акылым самаган нерсесине жеткендей болот. Эң башкысы бул фестивал менен Чыныбайдын «саясаттан кеткенде адабиятка баш отум менен киришем» деген тилегин ишке ашыргандай болобуз. Анткени, акындар менен кошо Чыныбайдын ырлары көл жээгинде жаңырып, Чыныбай тууралуу сүйлөшөбүз. Ал учурда мен Чыныбай арабызда жүргөндөй сезимде жашап калам. Бул күндөрдү абдан күтөм... Ошон үчүн ар бир жагдайды эске алып, кылдаттык менен даярданып, программаны дагы ийне-жибине чейин иштеп чыгабыз. “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалы жаш акындарды шыктандырып, адабиятка дүбүртү катуу жаштардын кошулушуна салым кошсо экен, катышуучуларга эргүү тартуулап, өз ара достошуп, мамилесин бекемдеген аянтчага айланса экен деген аруу тилек тилек менен жылда уюштурабыз.
– «Жылдыздуу жээк» фестивалы тууралуу жакшы сөз укканда жан дүйнөңүз эргий түшөбү?
– Албетте, жакшы сөз жан эргитет. Баарынан да фестивалга катышып, жакшы сөздөрүн жазгандар мага кубат берет. Акын Улукбек Омокеев «мен бул фестивалды бир жыл бою күтөм. Досторум, калемдештерим, устаттарым, жаш таланттар менен жүз көрүшөм, баарлашам. Бизди бир аянтка «Жылдыздуу жээк» фестивалы чогултат. Бул фестиваль чыгармачылык гана эмес, социалдык дагы чоң долбоор. Бул фестиваль үй-бүлөнү даңктап, аялзатынын кадырын арттырып, жаштардын ынтымагын бекемдейт. Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан поэзия фестивалы башка фестивалдар үчүн үлгү, маяк болуп калды” деп жазганы көңүлүмдү көккө көтөрдү. Анткени, фестивалды күткөндөрдөн жалгыз эмес экениме кубандым. Чынында эле фестивалдын жылдан-жылга ажары ачылып баратат. Поэзия фестивалы жаштарга дем берген үчүнбү катышуучулар турган жерден эле эки жыл мурун «сармерден уюштуруп, көрүүчүлөрдүн жарпын жазалы» деп ыр майрам тартуулап салышкан. Фестивалга катышкан кыз-жигиттер жылдан жылга сармерденди көркүнө чыгарып жатышат. Манас айтышат, ыр айтыш кылышат, төкмө акындарды айтыштырышат. Жаңылмач, табышмак айтышып, ырдап, бийлеп көрүүчүлөрдү эстетикалык ырахатка бөлөшөт. Баары чын дилден аткарышканы үчүн көрүүчүлөр бүтпөсө экен дешет. Биз дагы сармердендин ажарын ачкан жаштарга кызыктыруучу сыйлыктарды берип, аларга стимул бергенге аракет кылабыз.
– Нуржан эже, поэзия фестивалында атаандаштык күчтүү болобу же тилектештикпи?
– Акыркы мезгилде атаандаштыктан дагы тилектештиктин күчтүүлүгүн көбүрөөк байкап баратам. Фестивалды жаш акындардын чыгармачылыгын колдоо максатында уюштурганыбыз менен иш жүзүндө чыгармачыл жаштардын ынтымагын бекемдеген, тилектештик аянтчасына айланганына күбө болуп жатабыз. Менин кубанганым, сыймыктанганым «Жылдыздуу жээк» фестивалынын катышуучулары жети дубандан келишип, бири-бири менен жакындан таанышып, чыгармачылыктагы тилектештер, достор, курбулар болуп жатышат. Фестивалдын алкагындагы сынактарда атаандаштык эмес, тилектештик күчтүү болгону, бири-бирин сүрөп, колдоп турганы жүрөк жылытат. Бир акын жеңишке жетсе миңи сүйүнүп турганын көргөндө жок эле дегенде ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп жатыппыз деп толкундандым.
– Нуржан эже, өмүрлөшүн аздектеген адам сиздей болоор. Агайдын жашоодо жок экенине ишенүүгө көп убакыт керектелдиби?
– Оңой болгон жок. Депрессияга баттым... кыздарым, уулум айланчыктап эки күндүн биринде тоого, шар аккан суунун жээгине алып барып, «айтчуңуздун баарын сууга айтыңыз. Бугуңузду чыгарыңыз» деп мени суу жээгине жалгыз таштап, өздөрү ары жакта күтүп отурушту. Бирде ыйлап, бирде сооронуп атып, балдарымдын күчү менен араң өзүмө келдим. Өкүнгөнүм Чыныбай экөөбүз бир адамга айланып, бири бирибизди толуктап калганда шум ажал арабыздан алып кетти. Пандемия учурунда врачтарды карап отура бербей, эртерээк эле Түркияга алып кетсек, аман калат беле деген арманым, өкүнүчүм чоң... Эч нерсе менен орду толгус Чыныбайдын орду бош калды... Тагдырга баш ийип, балдарым атасыз, мен Чыныбайсыз жашоону үйрөндүк...
– Чыныбай агай ак мээнет менен жеткен ийгиликтин баарын айрымдар акчага байланыштыра беришчү эле. Бирок агай кабагым-кашым дечү эмес эле го..?
– Чыныбай өтө мыкты адам эле. Үлгү боло турган көп сапаттары бар эле. Кандай жагдай болбосун эмоциясын кармай билчү. Бирөө ага жамандык кылса маани берчү эмес. Аябай кечиримдүү эле. Убагында Атамбаев Экономика министри болуп бериңиз деп чакырганда дагы макул болгон эмес. Бирок кийин СДПКга кошулуп шайлоого аттанды. Депутат болду, фракциянын лидери болду. Билбегендер мунун баарын акчанын күчү менен жасады дешти. Бирок чынында андай эмес эле. Чыныбай андай сөздөргө кабагым-кашым дебегени менен ал багындырган ийгиликтин баарына ак мээнет, адал эмгек менен жетти.
– Саясатта дос күттүбү?
– Саясатта санаалаштары болсо болгондур. Бирок, дос күткөн жок. Өмүрүнүн аягына чейин эле акын достору менен калды. Жаш кезде достору менен жолугушканда сөзсүз жазган ырларын окушчу. Бара бара ыр менен айтышып, ыр майрам кылышчу. Азыр деле ошол достору Кожогелди Култегин, Курманбек Рысбаевдер ушул фестивалды уюштурууга кеңештерин берип, жардамдашып жатышат.
– Агай көзү тирүү кезинде эле ушундай фестиваль уюштурууну максат кылчу беле?
– Ооба. «Марал» радиосунда Чыныбай Акунович менен Садык Шернияздын маектешип калды. Ошондо Садык Шернияз «Агай, акындар үчүн бир нерсе жасадыңызбы?» деген суроо берди. «Мен экономикабыз көтөрүлсө, акындардын да зоболосу бийиктейт, алардын да жашоосу оңолот деп ойлоптурмун, бирок андай эмес экен. Жаш акындарга көңүл бурсам болмок экен деп өкүнүп жүрөм» – деп жооп берди. Ошол сөздөн улам идея келип, ушул фестивалдын алгачкы кадамдары жасалган. Чыныбай өзү башында туруп өткөрмөк, анда мындан да башкача деңгээлде өтмөк...
– Поэзия фестивалына катышкан акындар кандай жол менен тандалат?
– Поэзия конкурсунда акындардын аты комиссия мүчөлөрүнө айтылбайт. Номер менен ырлары гана берилет. Ар бир комиссия мүчөсү койгон баа менен эсептелип ким финалга чыкканы эң соңунда аныкталат. Биринчи этапта ырлары бааланса, экинчи этапта акындар өздөрүн сахнада алып жүрүү, ырды көркөм окуу боюнча жюрилердин сынынан өтөт. Ошондуктан биринчи этаптагы баллдар менен экинчи этаптагы баллдардын саны кескин айырмаланган учурлар болот.
– Быйыл канча акын катышты?
– 85 акын ырын берди. Анын ичинен бешөө гана финалга чыкты. Жалындуу ырларды окуган дүбүртү катуу жаштарды көргөндө сүйүндүм. Поэзиянын купуя сырларына каныккан, поэтикалуу ырлары окурманды ойго салган, көркөм табылгалардын ээлери байгелүү орундарды жана гранприни багындырды. Калыстардын чечими менен баш байгенин ээси Бегайым Нурлан кызы 100 миң сом, 1-орунга татыктуу болгон Гүлүмкан Исаева диплом, 40 миң сом, 2-орунга татыктуу делген Эркинбек кызы Мээрим, 30 миң сом, 3-орунду багындырган Бектемир Асылбеков диплом, 20 миң сом, 4-орунга татыктуу болгон Мирлан Аскаров диплом, 20 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле көркөм окуу сынагына катышкандардын ичинен Ч.Турсунбековдун “Кызыл короз” ырын эң мыкты көркөм окугандыгы үчүн 1-орунга татыктуу болгон Айтунук Бучуковага диплом жана 20 миң сом, 2-орунга татыктуу делген эки конкурсантка диплом жана 13 миң сомдон, 3-орунга татыктуу делген 3 конкурсантка диплом жана 10 миң сомдон сыйлыктар берилди.
– Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан келген коноктор фестивалга суктанып, биздин да жаш акындар катышса деген ниеттерин билдиришти. Алар катышканга фестивалдын жобосу жол береби?
– Казакстандан, Өзбекстандан, Түркиядан келген конокторубуз да Чыныбайдын чыгармачылыгын колдоп, даңазалап, жайылтуу ниетин билдирип, ырларын түрк, өзбек тилдерине которуп, китебин жарыкка чыгарып, бет ачарына чакырышты. Ошондой эле алардын жаш акындары да бул фестивалга катышууга ынтызар экенин билдиришти. Бирок, биздин фестивалдын шарты сынакка катышкан чыгармалар, ырлар же эсселер кыргыз тилинде гана болууга тийиш. Боордошторубуздун мындай сунуштары бизди кубантканы менен жобого жалаң кыргыз тилинде деп жазылып калган. Ошон үчүн алардын акындары конок катары катышып, биздин чыгармачыл инсандар менен адабий, маданий алакаларды бекемдей берсе болот деген ойдомун.
– «Акун» пансионатында «Акындардын сейил багы» ачылып, фестивалдын лауреаттарына арналган бактар тигилди. Бул идея качан кайдан пайда болду эле?
– Бир күнү отуруп эле ушул ой пайда болду, командама сунуштадым. «Акун» пансионатында иштеген кыз-жигиттер эки айдын ичинде эле акындарга арналган сейил бакты даярдашты.
Буга чейинки фестивалдарда акындар чогулуп алып, комнаталарында отуруп ырдап, ыр окугандарын угуп калчумун. Ошондо баары чогуу отуруп, ыр окуй турган жер болсо деп ойлонуп калдым. Кыялданып жүрүп ушул акындарга арналган сейил багыбыз ачылды. Азыр ортого отту жагып, акындарга арналып тигилген бактардын жанында ырдап бийлеп, жалындуу ырларды окуй турган аянтча курулду. "Акун" пансионатында ачылган "Акындар сейил багы" жаш акындардын сыры, ыры төгүлгөн, чыгармачылык эргүү тартуулаган ажайып жайга айланса экен деген ниеттемин.
– Фестивалды жыйынтыктап китеп чыгаруу планыңызда барбы?..
– Быйыл 15-октябрда Чыныбай 65 жашка чыкмак. Ошого карата буга чейинки катышкан акындардын ырларын топтоп «Жылдыздуу жээк» аттуу китеп чыгарууну максат кылып жатабыз.
