Саламат Калыбек уулу, актер: «Чыгармачылыктан кетирбей алып калган досума ыраазымын»
17 февраль

Саламат Калыбек уулу, актер: «Чыгармачылыктан кетирбей алып калган досума ыраазымын»

Кино тармагы өнүгүп, анын ичинен кыргыз сериалдары да популярдуу боло баштады. Өзгөчө «Чоочун киши» сериалы көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп,  көпчүлүктүн сүйүктүү тасмасына айланды. Мына ушул тасмада чечкинсиз, туруксуз Толкунбектин  образын жараткан, ролду өз максатына жеткире аткарган Саламат Калыбек уулу биздин редакциянын төрүндө болду.

– Саламат мырза, айтсаңыз, жашооңуздагы кайсы өзгөрүүлөргө «Чоочун киши» сериалы себеп болду?

– Эң эле чоң өзгөрүү - бул сериалдын арты менен көпчүлүккө таанымал болуп калдым. Белгилүү болгондун жакшы да, терс да жактары бар экен. Негизи кыргыз элибиздин пейилинен айланса болот, таанымалдуулуктун арты менен дүкөндөрдөн арзандатуу алган учурларым көп болот. Элдин батасын, жылуу пикирлерин көп угам. Ал эми терс жактары - көчөдө ээн-эркин баса албай калат экенсиң. Артындан шыбырашып, колдору менен көрсөтүп ыңгайсыз абалда калтырашат. Жеке баракчаларыма жаман сөздөрүн жазышып, телефонума чейин чалышып сөгүп кеткен адамдар да болду.  Элге тааныла электе үйдөгү кийим менен деле сыртка чыгып кетчүмүн. Азыр көчөгө чыгарда сөзсүз жасанып, өзүңдү коомчулукта жакшы жагыңды көрсөткөнгө аракет кыласың. 

– Сериалдын ийгилигин эмнеге байланыштырасыз? Өзүңүздүн оюңузча Толкунбекти башка актёр ойносо деле ушундай көрүмдүү болмок беле?

– Сценарий чыгарма катары мурда элге белгилүү болгон үчүн да көрүмдүү болсо керек. Анан да тасманын популярдуулукка жетишине аны жаратуучуларынын эмгеги чоң.  Толкунбектин ролу менин бактыма буюруп калыптыр, бирок менден башка актёр болсо деле ийине жеткире аткармак деп ойлойм. 

– Сериалды өзүңүз көрөсүзбү?    

– Ооба, бирок толук ырахаттанып деле көрбөйм. Тескерисинче сындап көрөм. Ар бир сериясынан өзүмдүн кемчиликтеримди издеп, кийинкиде ошону кайталабаганга аракет кылам.

– Романтикалык кадрларды жубайыңыз жана кайын журтуңуз кандай кабыл алышат?

– Бул жаатта бир да жолу түшүнбөстүк, кызганыч болгон эмес. Кайын журтум да менин кесибимди түшүнүү менен кабыл алышат. Тескерисинче Жайнага боор ооруп, Толкунбекти жек көрүү менен кийинки сериалдарын күтүп көрүшөт. Көп учурда кийинки серияларына кызыгышып, «эми эмне болот?» деген суроолорун беришет.

– Тасма талаасы кызыктарга бай болсо керек?

– Ооба, ар бир тасманын артында кызыктуу окуялар көп болот. «Жол» деген кинону тартып жаткан учурубуздагы бир окуя эсимде калыптыр. Ал фильмдин сюжети боюнча менин бир тууганым  Орусияда жашап калат. Анын кыргызча билбеген, колуна күчүк көтөргөн таза шаардык баласы Кыргызстанга келет. Ошо тасмага тартылчу күчүктү бир орус киши менен сүйлөшүп жатып араң алып келишиптир. «Бул диетада, жакшы тамактанышы керек» деп какшап жатып күчүктү араң берген экен. Ал күнкү түшкү тамагыбыз таш кордо болчу.  «Иттин баары эле эт жейт да, кантип эле жебесин...» деп баягы күчүккө эттен аябай берип салгам. Ошол жерден аллергия болуп, чүчкүрүп-бышкырып баштаса болобу. Баягы какшап берген орус келип алып аябай урушуп, тилдеген боюнча съёмкага түшүрбөй күчүгүн алып кетип калган. Ошондо уруш жегеним эсимден кетпейт. 

– Келинчегиңиз да чыгармачыл адамбы?

– Келинчегим Айсулуу башка чөйрөдөн. Алгач биз чыгармачылыктан сырт бир жерде иштеп калып, ошол жактан таанышканбыз. Жылдызыбыз келишип, нике кайып экен баш коштук. Бирок биздин жоро-жолдоштор, катыштар баары искусство адамдары болгон үчүн аралашып жүрүп биздин ишти түшүнүп, көнүп деле калган. Анын үстүнө өзү кызыккан үчүнбү, кадр артындагы түйшүктүү ишти айттырбай түшүнөт. Тасманын сценарийин үйгө алып келген күндөн тарта мени менен бирге окуп  кошо аралашып, кошо жүрөт.  Жараткан ролдорумдун биринчи сынчысы келинчегим десем болот. Кинолорумду көрүп кемчилигин айтып, анализдеп, «кийинкиде мындай аткарсаң же минтсең жакшы болчудай» деп кеп-кеңеш  берип турат. Учурда келинчегим балдар менен үйдө. Азыр эки кыз, бир уулду тарбиялап жаткан чагыбыз.

– Өзүңүз кайсы жердин кулуну болосуз?

– Мен өзүм Чүйдүн Чапаев деген айылында төрөлүп-өсүп, мектепти ошол айылдан окуп бүтүргөм. Кийин Токмоктогу музыкалык колледжде окудум. Аны аяктаган соң Чүй районунун акимчилигинде иштеп калдым. Ал жактагы чыгармачыл топтун арасында  Айсалкын деген эжейибиз: «Саламат, сен актёр болгуң келет го. Бишкектеги Улуттук театрга барып студияга тапшырып окубайсыңбы?» деген кеңеш берген эле. Негизи актёр болушума көп адамдар түрткү беришкен. Ошентип театрда окуп билим алгам. Биздин айылдан атактуу инсан Имаш Эшимбеков чыккан. Таттыбүбү Турсунбаева жеңебиз болот деп сыймыктанып калчубуз. Эшимбеков агабыздан кийин эле кинотеатр тармагында иштеп калган мен болдум окшойт.

– Башка бир туугандарыңыз деле таланттубу?

– Ата-энемдин алты баласы барбыз. Аккан арыктан суу агат дегендей, баарыбыз атамды тартсак керек. Атам өзү ыр жазат, акын. Балдарынын баары таланттуу, жакшы ырдашат. Бирок бир туугандардын ичинен чыгармачылыкка толук аралашкан мен болдум. Бир боорлорум башка тармактаиштесе да туугандар чогулганда караоке ырдап, абдан шайыр отурмайыбыз бар.

– Чыгармачылыкта өз ордумду таптым деп эсептейсизби?

– Алгач менде да кыйналган, чайналган учурлар абдан көп болду. Жаш үй-бүлөбүз, кичинекей балабыз менен батирден батирге көчүп, айлык күткөн, жетишпей кыйналган учурлар башыбыздан өттү. Үй-бүлөмө убакыт бөлө албай, анысы аз келгенсип айлыкты эч нерсеге жеткире албай театрды таштап кеткем. Жалпы эле чыгармачылыкты таштап, такыр башка чөйрөгө кетем деп турганда Кайрат деген жакын досум: «Кийин кайтып келгениңде кайра башынан башташың керек болот. Бир аз чыдап кой, баары жакшы болуп кетет. Кыйналсаң мен жардам берип турам», – деп кеңеш айткан эле. Ошол досума абдан ыраазымын.  Ошол кыйын күндөр менин азыркы ийгилигиме себеп болду окшойт. Ал учурду көрбөгөндө мынчалык аракеттенбейт белем, ким билет. Азыр баары артта калды. Биринин артынан экинчи ролго сунуш түшүп бош убакыт жок. Учурда да жакын досторубуз менен жаңы тасма тартуу үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Жеке жашоомдо да ийгиликтер болуп жакында борбордон батирлүү болуп кубандык. Үйгө жаңы киргенде ишенип-ишенбей, «чын эле өзүбүздүн үйүбүз болдубу?» дедик. Батир акысын төлөө деген түйшүктөн кутулдук.  Ар бир кыйын мүнөттөргө чыдап, бири-бириңе күч-кубат берип, түшүнгөндө гана баарына жетет экенсиң. Биз баш кошуп жатканда эмнени кыялдансак,  жубайым экөөбүз бирге жетип келе жатабыз.