Жыпара, Эламандын апасы: «Эне үчүн эң жаманы – баласынын оорусу»
14 июль

Жыпара, Эламандын апасы: «Эне үчүн эң жаманы – баласынын оорусу»

8 жаштагы Эламан ак кан дарты менен күрөшүп келет. Анын жашап кетиши алдыда болчу операциянын көз каранды. Индияда жасалуучу операцияга чоң суммадагы акча керек. Анын донорлору – бөбөктөрү. «Эгерде керектүү каражат чогулуп калса, балам жашап кетет», – деп үмүтүн үзбөгөн эне коомчулуктан жардам сурайт.

«Баламдын аккан оорусу баарыбызды нес кылды»

Менин атым Жыпара, 30 жаштамын. 2016-жылы үч жыл сүйлөшүп жүргөн жигитиме турмушка чыккан элем. Бакытка балкып турган кездерде алдыңда оор сыноо турарын такыр билбейт экенсиң. Токтогул районунун Ичке-Сай айылында карапайым жашоодо, кайнене-кайнатам менен бирге жашап келгенбиз. Ошентип биринчи уулубуз Эламан төрөлгөн. Абдан сүйүнгөн элек. Ошол кубанычыбыз эки жарым жылга гана созулду. Эламан эки жарымга келгенде шалдырап, тамакка табити жок жатып калды. Жергиликтүү бейтапканага алып барсак дароо борборго Эне жана баланы коргоо ооруканасына жиберди. Ал жактан балама ак кан деген диагноз коюп берип, баарыбыз нес болдук.

«Оорусун кайра күчөтүп алдык»

Бала менен Жаратканым сынабасын. Душманыма да каалабайт элем. Эламанга диагноз коюлгандан кийин беш ай ооруканадан чыкпай дарыландык. Баары жакшы болду. Бир нече айда бир келип турасыңар деп үйгө чыгарган. Ошентип жакшы болуп калды деп кубанып жаткан чакта экинчи ирет оорусу кайталанып калды. Бул дарттын бир эле жолу чет өлкөдөн сөөк чучугун алмаштыруу операциясы экен.

Оорунун себептерин аныктоо үчүн ар кандай ойго жетелене берет экенсиң. Буга чейин жолдошум экөөбүз тең жанынан чыкпай мээрим менен айыктырып алсак керек. Кийин турмуш-тиричиликтин айынан жолдошум Орусияга иштеп кетти. Балким атасына куса болуп стресстен кайра дартын күчөтүп алдыкпы деген ойго келем. Балким таятасынан келген оорубу деген да ой келет. Себеби менин атам да рак илдетинен каза болгон эле. Менин атам Чернобылдын катышуучусу болчу. Ал жактан келгенден кийин агам экөөбүз төрөлгөн экенбиз. Мамлекет камкордугуна алып бизди бат-баттан текшерип анализ алышып, 18 жашка чейин лагерлерге жиберип, компенсация төлөп берип турчу. Балким генетика аркылуу балама өттүбү деген да ой келет.

«Ата-энемден айрылгам, эми баламды жоготуп алуудан корком»

Жакынын жоготуу кандай азап экенин жакшы билем. Мен 10 жашымда апамдан айрылсам, жаңы турмушка чыгып, Эламаным төрөлгөндөн кийин атамдан айрылдым. Ата-энемден айрылгам, эми баламды жоготуп алуудан корком. Азыр уулум жетиге келип: «Апа мен эмнеге кайра ооруп калдым? Айыгамбы? Эмне үчүн кечке ийне алсам да ооруп жатам?» деген суроолорду берип жүрөгүмдү эзет. Эне үчүн эң жаманы баласынын оорусу экен. Кайрымдуу элимдин жардамы менен балам сөзсүз айыгат деген тилегибиз бар. Эламандын эки кичинекей бөбөктөрү донор болуш үчүн азыр анализдери Индияга жөнөтүлдү. Буюрса, балам сөзсүз жашап кетет.