Алексей Арзамазов: Тилди үйрөнүүнү саламдашуу сөзүнөн баштаңыз, бул ошол элдин маданиятын түшүнүүнүн эң мыкты ыкмасы
Москвалык түрколог, П.Лумумба атындагы Россия элдердин достугу университетинин орус тили, этно-багытталган педагогика жана санариптик дидактика кафедрасынын профессору Алексей Арзамазов Бишкектеги КРСУда тил илими боюнча лекция окуду. Ал кыргыз тилин үйрөнө баштаганын жана анын кооздугуна суктанганын айтты.
– «Манас» абамайданында учактын трапынан кыргыз жерине бут койгондо күтүү менен реалдуулук дал келгенин сездим: ар тарабымдан ар кайсы тилдеги сүйлөшүүлөр угулду, мен мындай көрүнүштү лингвист-түрколог катары эчактан бери кыялданып жүргөм. Биздин ЖОЖго конок болуп келген Сорбоннанын илимпозу эске түштү. Ал Москвага, бизге келгенде студенттер азыркы, көп тилдүү Россияны кандай баалай турганын сурашкан. Француз профессору көңүлкош жана муздак жооп берген: «Кайсы көп тилдүүлүк тууралуу айтып жатасыңар?» Болбосо РФ – бул ири өлкө, көп тил бар, бирок полилингвизм жаатында иштеген лингвисттер кабыл алган тилдер айрым гана этникалык аймактарда колдонулат. Мисалы, Кабардино-Балкарияда, Дагестанда же Чеченстанда. А бул жерде, Кыргыз Республикасында бир нече, эң куру дегенде үч: кыргыз, орус жана өзбек тилдеринин айклышындагы уникалдуу тажрыйба бар экен. Анын баарын колдонуу актуалдуу жана күнүмдүк жашоодо коштойт. Ошондуктан, мен силерге айтат элем, биз, россиялык лингвисттер, филологдор сиздер тарапты суктануу менен карайбыз: Кыргызстандын көп улуттуу эли лингвистикалык изилдөөлөр үчүн кызыктуу материалдарды алып жүрөт.
– Алексей Андреевич, сиз бала кезиңизден англис, француз тилдерин үйрөнгөнсүз. Эмне үчүн Европа тилдерин эмес, түрк тилдерин изилдөөнү тандап алдыңыз?
– Ооба, мен бала бакчадагы курагымдан эле полиглот болгом. Тегим ар түрдүү улуттардан турат. Бул фактыны кичинекей кезимде түшүнүп, ар кандай тилдерди үйрөнө баштадым. Бала бакчадан кийин ата-энем мени англис жана француз тилдерин тереңдетип окуткан лингвистикалык гимназияга беришти.
Түрк тилдери менин жашоомо кайдан келгенин айтсам, аларды 12-13 жашымда, жөн гана өспүрүмдүк кызыгуу менен үйрөнө баштадым. Ошол убакта мен англисче жана французча жакшы сүйлөп, башка тилдерди тез өздөштүрүү өзгөчөлүгүм бардыгын билип калгам, каалаган тилди бат эле үйрөнүп алам деп ойлочумун. Качан гана татар жана түрк тилдерин «бир демде багындыруу» аракетим ийгиликсиз аяктаганда, абдан капа болдум, анткени алардын лексикасы жана грамматикалык түзүлүшү мен мурда үйрөнгөн тилдерге такыр окшош эмес болчу. Бирок өспүрүм курак - көп тил билген адам болуу үчүн эң сонун убак: өжөрлүк жана жаштык максимализми өз ишин жасап, бара-бара бул эки тил тең мага багынды. Андан ары дагы көп ийгиликтерге жеттим: бара-бара түрк дүйнөсүнүн укмуштуудай бай руханий маданиятын ачтым.
– Так ушул нерсе – грамматиканын татаалдыгы, орус тилине окшошпогондугу көп адамдын кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун жоготот.
– Кыргыз тилин изилдеген бир катар кесиптештеримдин эмгектерин окуп жатып, алардын кыргыз тили орус тилине такыр окшош эмес деген пикирине туш келем. Мен буга толук кошулбайм: мисалы, орус тилин кытай тили менен салыштырып көрөлү – бул чынында эле башка тилдик системалар. Кытайлыктын сүйлөгөн сөзүндө тондор системасы чечүүчү мааниге ээ, ал орус тилдүү адамга тааныш эмес. Же мисалы, Кавказ элдеринин – чечен, авар, кабардин тилдери. Көптөгөн европалыктар алардын айтылышын толук өздөштүрө алышпайт, анткени кеп аппаратынын кээ бир физиологиялык өзгөчөлүктөрү бар, алар бала кезинде калыптанып калат да, жетилген куракта өзгөрбөйт. Биз, орус тилинде сүйлөгөндөр, лезгин же абхаз тилдеринин эң татаал тыбыштарын кайталай албайбыз, анда, эгер жаңылышпасам, кыркка жакын үнсүз тыбыштар бар. Ал эми кыргыз тили мындай көйгөйдү камтыбайт. Мисалы, кечээ Бишкекте такси чакырып, кыргыз айдоочуга туш болдум. Ал орус тилин жакшы билбейт экен, бирок эмне деп айткысы келгенин абдан жакшы түшүндүм. Сизди ишендирип кетем, кытайлык киши орусча Пекин акценти менен сүйлөсө, сиз аны түшүнбөйсүз.
– Сиздин көз карашыңызда, «өзүңдүкү – өзгөнүкү» деген кабыл алуу акцентке байланыштуу болобу? Бөтөн тилде акцент сүйлөгөн адам мисалы, ошол тилдин ээлери менен жумуш боюнча баарлашууларда кыйынчылыкка кабылабы?
– Сиз бир топ татаал теманы козгодуңуз, бул боюнча көптөгөн лингвисттер талашып-тартышып келишет. Бул көйгөй ар бир тилдин, анын ичинде орус тилинин ичинде да бар. Билесизби, мен жумуш боюнча Татарстанга барганда, айрым кесиптештерим, татар улутундагылар кээде мага кайрылышып, алардын ордуна Москвага, мисалы, Россия илимдер академиясына телефон чалып берүүмдү суранышат. Анткени, айрым москвалыктар жана РФнын борбордук бөлүгүнүн тургундары кимдир бирөө орус тилинде азиялык акцент менен сүйлөгөндөрдү кабыл ала беришпейт. Чынын айтканда, эмнеге андай болоорун билбейм. Болбосо, улуу курактагы интеллигент адамдар, илимпоздор!.. Жыйынтыгында, менин татар досторум мага: «Алексей Андреевич, Москвага чалып берчи, алар менен өзүң сүйлөшчү. Анткени алар бизди көрүшпөй туруп эле, начар мамиле жасап башташат», – деп жалдырашат. Кандай болгондо да, балким бул оюма макул болбошуңуз да мүмкүн, бирок жеке мен акцент эч кандай маанише ээ эмес, эгерде адам ошол тилде оюн толук кандуу түшүндүрө алса деп эсептейм. Кечирип койгула, акцентке басым жасоонун кереги жок. Киши оюн түшүндүргөнгө аракеттенип жатат, аракеттенип жатат, комплимент айтып койгула. Болбосо, анын кызыгуусун жокко чыгарып, сиздин тилиңизди үйрөнүүгө болгон далалатын мокотуп саласыздар.
Билесизби, 3-классымда окуп жүргөндөгү бир окуя эсимде. Досторум менен Москвада сейилдеп жүрүп, англис тилинде сүйлөшүп баратканбыз. Аңгыча жаныбызга бир аял келип, «Балдар, англис тилинде абдан начар сүйлөйт экенсиңер!» – дебеспи. Кыязы, андан кийин жарым жылдай санаа тарттым окшойт. Ал турмак англис тили сабагына катышуум кыйын болду. Ал аял эмнеге келди десең! 19-кылымдагы россиялык мыкты пианист Антон Григорьевич Рубинштейндин «сүрөтчүнү макташ, макташ, дагы бир жолу макташ керек» деген кеңешин аткарыш керек болчу. Бул кеңеш эң аяр тема болгон тилдерди үйрөтүүгө да тийиштүү. Бул сиздин башка тилде сүйлөө маданиятыңызды өркүндөтүүгө жардам берүүчү маанилүү курал. Тил үйрөнүп жаткан адамга комплимент айтыңыз, жакшы үйрөнө албай жатканын билип турсаңыз да айтыңыз. Болбосо аны таарынтып, сиздин маданиятыңызды үйрөнүүгө болгон кызыгуусун оңой эле кыркып коесуз. Бул айрыкча орус тилин этникалар арасындагы баарлашуу куралы катары пайдаланган КМШ өлкөлөрүнүн тилин алып жүрүүчүлөргө карата маанилүү.
– А айрым орус тилдүү кыргызстандыктар өлкөдө кыргыз тилин үйрөтүүчү жакшы адистер жоктугуна, ага карабай кыргыз тил курстарынын баасы немец, француз жана англис тилдеринин курстарына караганда кымбат экенине даттанышат. Кандай ойлойсуз, бул ар бир бурчтан кыргыз тили угулган жана ар бир жерде кыргыз тилинде жарнамалар илинген өлкөгө ылайык келеби?
– Жарнамаларды окуп кыргыз тилин үйрөнүүгө эмне тоскоолдук болуп жатат? Бул тил эне тили болгон адамдар менен кыргыз тилинде аз-маз болсо да сүйлөшүүгө аракеттенүүгө эмнеге болбосун? Тилди жакшы билбегениңиз үчүн тартынуунун кереги жок! Бир жолу кесиптешим менен таң калаарлык талашты баштадым – бир чет тилин терең үйрөнгөн жакшыбы же аз-аздан бир нече чет тилин билүүбү? Жыйынтыгында, мындай тыянакка келдик: бир чет тилин терең билгенге караганда, ондогон чет тилин начар билүү жакшы. Анткени, көп тилдүүлүккө болгон муктаждык, этикеттин деңгээлинде да абдан жогору болот.
– Сиздин оюңузча, тилди үйрөнүүнү жарнамалардан, тааныш жана бейтааныш адамдар менен баарлашуулардан тышкары, дагы эмнелерден баштоого болот?
- Бул суроону мага студенттерим көп беришет. Дайыма «этикеттен баштагыла», – деп жооп берем. «Саламатсызбы!», «Жакшы калыңыз!» жана ден соолук, акыбал – жайлы сурашкан жөнөкөй сөздөрдөн. Бул тил тармагындагы ишенимдүү, мээримдүү мамилелерди курууга болгон биринчи кадам. Менин кыргыз тилин үйрөнө баштаганыма аз эле болду, бирок эми эле бул тил саламдашуу жагынан абдан бай экенине ынандым.
– Кыргыз тилинин дагы кандай өзгөчөлүктөрү сизге түрколог катары кызыктуу болду?
– Дароо эле көзгө урунганы – кыргыз тилинин өзгөчө үн табияты; кошуналары өзбек жана түркмөндөрдүн фонунда да кыргыздар өзүнчө турат, ал таптакыр башкача.
Мындан тышкары, аффикстердин өзгөрмөлүүлүгү бар. Бул «– дар, – лар, – лер, – лар» жана башка ушул сыяктуу бөлүкчөлөрдүн саны. Жана ошондой эле – адабияттан эмес, негизинен оозеки элдик оозеки чыгармачылыктан алынган мол фразеологизмдердин жыйындысы.
Ал эми орус тилине келсек, анын дээрлик бардык дүйнөлүк тилдерге мүнөздүү көйгөйү бар: генетикалык тамырынан жана элдик маданияттан кандайдыр бир алыстык байкалат. А кыргыз тилинин өзөгүндө тескерисинче, эң бай фольклордун издери жатат.
Орус тилинде анын ролун көбүнчө көп кырдуу жана бай адабият аткарат. Бирок бул баары бир башка тепкич, сүйлөө маданиятынын башка баскычы.
Билесизби, менин кызыктуу тажрыйбам бар, мен бир катар түрк жана фин-угор тилдери боюнча өз алдынча окуу куралдарын жазам. Бизде Татарстан Республикасынын жетекчилиги тарабынан колдоого алынган долбоор ачылды. Марий, удмурт, чуваш тилдери боюнча да ушундай окуу куралдары жарыяланган. Июнь айынын башында татар тили боюнча өз алдынча окуу куралым жарыкка чыгат.
– Бул окуу китептери Татарстанда жашаган татарлар үчүн болбосо керек?
– Таң калышыңыз мүмкүн, бирок татарларга да арналган: жыл сайын ар кайсы булактардан дээрлик эки миллиард рубль татар тилин өнүктүрүүгө бөлүнөт, бирок аны окууну такыр каалашпайт. Бишкекте бир нече күн жүрүп ошондой эле көйгөй Кыргызстанда, кыргыз тилинде да бардыгын байкадым.
– Сиз ушул жерден жаңылышыңыз мүмкүн: Кыргызстанда кыргыз тилинде кыргыздардын басымдуу бөлүгү сүйлөйт. Ал эми башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин тилекке каршы, биле беришпейт. Кандай ойлойсуз, бизде, калктын дээрлик баары орус тилин билген Кыргызстанда баарына кыргыз тилин билүү канчалык зарыл?
– Мен дайыма эки тилдүүлүк, көп тилдүүлүктү колдойм. Азыркы дүйнөнүн реалдуулугу ушул. Адам бир тилде гана сүйлөй алса – бул комильфо эмес. Бул менимче, анын атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн гана азайтпастан, азыркы көп уюлдуу дүйнөдө маалымат жактан да аксатат. Өзүңдүн тил ресурстарыңды максималдуу түрдө колдонуп, башка маданияттарды да үйрөнүү керек.
Маектешкен Андрей Токомбаев.
