Азат, Жанаттын иниси: «Мен үйлөнгөндө агам жанымда болуш керек»
12 июль

Азат, Жанаттын иниси: «Мен үйлөнгөндө агам жанымда болуш керек»

24 жашында коркунучтуу рак илдетине кабылган Жаннат коомчулуктун жардамына муктаж. Алдыда аны оор операция күтүүдө, болгондо да чет өлкөлөрдө жасалышы мүмкүн экендиги айтылган. Мындан улам Жаннаттын 20 жаштагы иниси Азаттын элдин жардамына таянуудан башка аргасы жок. Ата-энеден эрте калган бир туугандар бири бирине таянып, жашоолорун өткөрүп жаткан маалда, тагдырдын ушундай оор сыноосуна кез келишкен...

«7 жашымда атам бизди таштап кетти»

Биз Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан болобуз. Балалык чагыбыз абдан бактылуу болчу. Атам, апам байкем баарыбыз бирге болуп, жай турмушта жашачубуз. Ошондой күндөрдө биздин үйдө чоң кайгы басып, күтүүсүз атам каза болуп калды. Күлкү жаңырган үйүбүздө бир заматта ыйдын үнү угулуп, кайгы басты. Ошол күнү атам жол кырсыгынан каза таап бизди таштап кеткен экен.  Мен анда 7 жашта, агам 11 жашта болсок да атабыздан айрылганыбызды, ал эми эч качан бизге келбесин билгенбиз. Көпкө жаман болуп жүрдүк. 

«Ата-энебиз жок томолой жетим калдык»

Атамдын кетиши баарынан да апама катуу сокку болду. Кайгыдан уламбы, айтор, апам көп өтпөй ооруп калды. Канчалык кайратына келейин десе да болбоду окшойт.  Көп өтпөй апам «жакшы бала болгула! Жакшы окугула, бири-бириңерге тирек болуп, дайыма көз салып карап жүргүлө» деп агам экөөбүздү бири-бирибизге аманат кылып атамдын артынан кете берди. Биз агам экөөбүз ата-энебизди жоктоп, томолой жетим болуп кала бердик. Жашообуздагы эң оор күн ата-энебизди жоготкон күн болду. Биздин жакшылыгыбызды көрсө болмок деген ойду ойлой берем. Алар балдарынын үйлөнгөнүн эмес, ал турсун мектепти аяктап эр азамат болуп чоңойгонун да көрө алышкан жок. 

«Орусияга иштеп кетип, ошол жактан ооруп келди»

Жалгыз тирегим агам. Көрсө, бир тууганым мен үчүн ата-эне ордуна камкордук кылам деп жаш болсо да бат эле чоңоюп кетиптир. Таенем, таежелерим бизди таштаган жок. Биз чоңойгуча камкордугуна алышты. Атамдын туугандары аз болсо да каралашып турушту. Бирок ата-эне орду башка эмеспи. Ошол боштукту сезбесин деп агам дайыма мага камкор болду. Мектепти аяктагандан кийин архитектура тармагында орто окуу жайын аяктаганга үлгүрдү. Ошентип мен да мектепти аяктап Политехникалык жогорку окуу жайына тапшырып,  азыр 2-курста окуйм.  Апам айтып кеткен үчүнбү байкем да дайыма «сөзсүз билим ал, окууңду улант» дей берет. Мени окутам деп Орусияга иштеп ошол жактан ооруп келди. 

«Жакшы күндөрдө бири-бирибизге тирек болуп турсак экен»

Орусияда иштеп жүргөнүндө буту ооруптур. Суукка урунуп калса керек деп дарыканадан дары алып шыбап жүрө берет. Тапкан каражатын менин окуума, кийим-кечеме, тамак-ашыма салып турчу. Бир күнү оорусу күчөй баштаганда Кыргызстанга келип, ооруканага барып эң жаман дартка чалдыкканын билиптир. Агамдын рак илдетине чалдыкканы мага өзгөчө катуу тийди. Оор кабыл алдым. Догдурлар эки ирет химиялык дарылоодон өткөрүштү. Эгер ага жакшы болбосо бутун кесип алып салабыз дешти.  Жакындар менен кеңешип атайын каражат топтоп Түркияга  барып кыр сөөгүн алдырып, чоң операциядан өтүп келди. Жакшы болуп калат десек рак клетка өпкөгө жайыла баштаган экен. Бул жактан бир бутун кесип салууга туура келди. Канчалык жаны кыйналып, оору уктатпай кыжаалат кылып турса да, агам мага: «Мен жакшымын. Сен болсо окууңду улант. Сабактарыңды таштабай жакшы оку. Өзүңдү кара…» дей берет. Агам 24 жашта, мен 20дамын. Экөөбүз тең жакшы күндөрүбүздө бири-бирибизге тирек болуп турсак экен. Мен болсо агама: «Сиз сөзсүз айыгасыз!» деп айтам. Жалгыз бир тууганымдан башка эч кимим жок. Айыгып кетишине жардам бериңиздер деп кыргыз элиме кайрылат элем.