Сүйүү, тагдыр жана улуттук рух: бир доордун аңызы жолболду Алибаевдин лирикалык-эпикалык чыгармаларынын эстетикасы
Кыргыз профессионалдык жана салттуу музыкасынын өнүгүү тарыхында Жолболду Алибаев атабыз өзгөчө орунду ээлейт. Атабыз – салттуу ырчылык менен автордук обончулукту органикалык айкалыштырган, лирикалык темаларды эпикалык кеңдикте иштеп чыккан, улуттук маданияттын ички мыйзам ченемдүүлүктөрүнө таянуу менен бирге дүйнөлүк музыкалык процесстин типологиялык өзгөчөлүктөрү менен да үндөш чыгармачыл феномен. Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгы ырчы-аткаруучу, обончу, дастанчы, санатчы жана педагог катары көп кырдуу мүнөзгө, синкреттүүлүккө ээ болуп, кыргыз музыкасынын көркөм-эстетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө олуттуу салым кошкон.
I. Жолболду Алибаев – салттуу ырчылык мектептин улантуучусу
Жолболду Алибаевдин чыгармачылык стили кыргыз салттуу ырчылык мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрү - Атай Огонбаев, Муса Баетов, Шекербек Шеркулов, Рысбай Абдыкадыров калыптандырган эстетикалык принциптерге таянат. Бул мектепке кең диапазондогу вокалдык мүмкүнчүлүк, текстке өзгөчө маани берүү жана импровизациялык башаттын үстөмдүгү мүнөздүү. Алибаев салтты кайталоо менен чектелбестен, аны заманбап автордук ой жүгүртүү менен байытып, элдик форманы жогорку көркөм деңгээлге көтөрө алган. Бул жагынан алганда, аны улуттук музыкалык салтты профессионалдык деңгээлге чыгарган Рабиндранат Тагор (Индия) же Амир Хосров Дехлеви сыяктуу инсандар менен типологиялык салыштырууга болот.
II. «Чолпонум» феномени: сүйүү темасынын эпикалык интерпретациясы
Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгындагы эң көрүнүктүү чыгармалардын бири – 290 саптан турган «Чолпонум» аттуу автордук дастан-ыры. Бул чыгарма кыргыз музыкалык маданиятында сейрек кездешкен көрүнүш болуп, сүйүү темасын лирикалык деңгээлден философиялык-эпикалык кеңдикке чыгарат.
«Чолпонумда» сүйүү жеке сезим катары эмес, адам тагдырына таасир эткен руханий күч катары интерпретацияланат. Музыкалык формасы боюнча чыгарма дастандык структурага ээ болуп, кыргыз оозеки поэзиясынын салттуу логикасы менен автордук композициянын синтезин түзөт. Бул жагынан алганда, аны Франц Шуберттин вокалдык циклдери же Низами Гянджевинин сүйүү эпостору менен салыштыруу негиздүү.
III. Индивидуалдашкан образ жана автордук аталыш маданияты
Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгындагы өзгөчө белги - сүйүү образын жалпылабастан, атын атап, конкреттүү инсанга арнап ырдоо ыкмасы. Бул ыкма: чыгарманын чындыкка жакындыгын күчөтөт, автор менен каарман ортосундагы чек араны жоёт, музыкалык текстти автобиографиялык деңгээлге көтөрөт.
Дүйнөлүк практикада мындай ыкма Боб Дилан, Жак Брель сыяктуу автор-аткаруучуларга мүнөздүү. Алибаев да ЖЕКЕ турмуштук тажрыйбаны универсалдуу көркөм формага айланта алган.
IV. Поэтикалык мурастарды музыкалаштыруу жана жаңыча боё
Жолболду Алибаев Жеңижок, Барпы, Коргоол, Молдо Нияз, Нурмолдо, Калыгул сыяктуу улуу акындардын тексттерин музыкалаштыруу аркылуу алардын поэтикалык мурасына жаңы көркөм дем берген. Ал тексттин ички ритмин так сактап, поэтикалык образды вокалдык интонация аркылуу тереңдетип, сөз менен обондун органикалык биримдигин түзө алган.
Анын репертуарында Барпы Алыкуловдун сөзүнө жазылган «Өзгөчөм», «Мырзайым», «Буракжан», Жеңижоктун «Көк сулуу», Корголдун «Сен, сен дүйнө», Молдо Нияздын «Даткайым», элдик «Акжамал» жана башка ыр-дастандар өзгөчө орунду ээлейт. Калыгулдун «Тар заманын» ырчылардын ичинен алгачкылардан болуп эл алдына алып чыгышы - анын жарандык позициясын да айгинелейт.
V. Автордук термелердеги жарандык жана философиялык идеялар
Жолболду Алибаевдин автордук термелеринде улуттук биримдик, тарыхый эс тутум жана руханий жоопкерчилик маселелери көтөрүлөт. Мисалы, «Айрылышпа кыргыздар, айрылышпа» аттуу термесинде элдик тагдыр философиясы төмөнкүдөй поэтикалык формада берилет:
«Ээн талаа эрме чөл, белге сиңип,
Эрип кардай этегиң жерге сиңип.
Эр Манасың болбосо, ошондо эле,
Эл болуудан калмаксын элге сиңип». Бул саптарда "Манас" эпосу кыргыз улуттук иденттүүлүгүнүн негизги тиреги катары символдоштурулуп, элдик тарых менен бүгүнкү күндүн ортосунда руханий байланыш түзүлөт.
Ошондой эле, замандашы, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүркановго арнаган ырында Алибаев чыныгы акындык принциптерди – чындыкка берилгендикти, арзан атактан жана материалдык кызыкчылыктан баш тартууну – жогорку нравалык категория катары: " ...Чындыктан бүткөн ырлары,
Чыйрыктырды көптөрдү.
Туура сөздөн адашып,
Турмуштун көзүн ойгон жок.
Туйтунган арам акчага,
Тууганчыл акын болгон жок.
Чырмалышып жалганга,
Чындыктын көзүн ойгон жок.
Жетишкен жеңил атакка,
Жердешчил акын болгон жок..." – деп баалайт.
VI. Педагогикалык жана аткаруучулук ишмердүүлүк
2000-жылдан бери Жолболду Алибаев Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу, профессор болуп эмгектенип келет. Ошондой эле ал Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын артисти катары активдүү чыгармачылык иш жүргүзүп, 100гө жакын обондорду жараткан. Кыргыз улуттук «Манас» театрында Жолболду Алибаев атындагы дастанчылар классында дагы устаттыкты аркалап келет. Анын «Караматхан», «Сүйгөнүмө» сыяктуу ондогон чыгармалары Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып алынган. «Гүлазык», «Чолпонум» аттуу ыр жыйнактары, ошондой эле ыр, санат, дастан, термелерден турган эки автордук жыйнагы жарык көргөн. Соңку жылдары даңазасы артып жаткан "Дана кыз" ырына арналган чыгармалар жыйнагы дагы академик Абдылдажан Акматалиев агайдын башкы редакторлугунда жарык көрдү.
Жолболду Алибаев – кыргыз улуттук музыкасынын локалдык чегинен чыгып, дүйнөлүк маданий процесстин мыйзам ченемдүүлүктөрү менен шайкеш келген көп кырдуу чыгармачыл феномен. Анын мурасы салт менен жаңычылдыктын, жеке тагдыр менен улуттук рухтун органикалык биримдигин чагылдырат. Ошондуктан Жолболду Алибаевди бир доордун аңызы катары гана эмес, кыргыз музыкалык маданиятынын универсалдуу баалуулугу катары баалоо илимий жактан негиздүү.
Манасчы, Азиз Биймырза уулу
