Гүлжан Исраилова, “Назик” бий ансамблинин менеджери: “Кыздарыбыз сахнага эмес турмушка чыгып кеткенде ичиң ачышат...”
14 январь

Гүлжан Исраилова, “Назик” бий ансамблинин менеджери: “Кыздарыбыз сахнага эмес турмушка чыгып кеткенде ичиң ачышат...”

Кыргыз шоу дүйнөсүндө “Назик ”бий ансамблинин ысымы өз ордун таап, жыйырма беш жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Бул ансамблдин күйөрмандары аларды “Бугу эне”, “Эмгек”, “Кыргыз бийи” ж.б. автордук бийлери аркылуу жакшы тааныйт. Көп жылдан бери аталган бий топтун бийчиси жана менеджери болуп келе жаткан Гүлжан Исраилова менен болгон маекти сунуштайбыз.

– “Назик” бий ансамбли үчүн 2025-жыл кандай жыл болду жана эмнеси менен өзгөчөлөндү?

– Биз үчүн өтүп кеткен жыл эң маанилүү жылдан болду. Себеби, “Назик” бий ансамблинин негизделгенине жыйырма беш жылдын жүзү болду. Топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси Назик Исраилова бий ансамблди алгачкы жолу 2000-жылы түптөгөн. Андан бери билинбей эле жыйырма беш жыл өтүп кетиптир. Биз үчүн дагы бир сүйүнүчүбүз Америка Кошмо Штатынын Чикаго шаарында официалдуу түрдө “Назик” бий ансамблинин филиалы ачылды. Чет элде мыйзамдардын баарын сактап, өзүнчө бий топ ачуу жеңил эместигин билебиз. Ошондуктан бул ачылыш биз үчүн чоң жетишкендик. Ал жактагы бий топту жетекчибиз Назик Исраилова өзү жетектеп жатат. 

– Адатта чыгармачылык юбилейиңерди өткөрүп калчу элеңер, эмнеге жыйырма беш жылдыкты белгилеген жоксуңар?

– Туура айтасыз. Буга чейин топтун түзүлгөндүгүнө беш, он, жыйырма жылдык деп белгилеп, чоң концерттерди берип келгенбиз. Башка бий топтун жетекчилери дагы мага кошулат болуш керек, шоу-бизнес тармагында бийчилердин алгачкы концертин биринчилерден болуп “Назик” бий тобу баштаган. Ошондо бизге “бийчилер дагы кантип концерт берсин, силерге эл келеби?” – деп таңгалгандар болгон. Ар бир юбилейибизде миңден ашык бийчи менен элге шоу концерт тартуулап, концерттерибиз аншлаг менен өтүп келген. Анан жетекчибиз менен кеңешип, жыйырма беш жылдыкка эмес, отуз жылдык юбилейге кызуу даярдык көрөлү деп чечтик. Буюрса, “Назик” бий ансамбли мындан ары да чыгармачылыкта изденүү менен иштеп, отуз жылдыкка Америкадагы бийчилер менен биргеликте өзгөчө даярдык көрөлү деген ниеттебиз бар.

– Бул жылдар аралыгында силердин бий топтон билим алып, өзүнчө бийлеп кеткен кыздар болдубу?

– Мен Назиктин тажрыйбасына, көрөгөчтүгүнө абдан тангалып жүрдүм. Көрсө, ошол кезде эле бий деген бизнес ачкан экенбиз, аны кийин түшүнүп жатпаймынбы. Убагында төрт жаштан баштап кыздарды бийлетип баштаганбыз. Жыйырма беш жылдын ичинде он миңге жакын бийчилерди тарбиялап чыгардык. Мектеп ачып иштеттик. Арасында региондорго турмушка чыккан кыздар биздин батабызды алып, ошол аймактарга бий топторун ачкандары да болду. Назик менин биртууган эжем гана эмес, мага чыгармачылыктагы устатым, сырдашым, кеңешчим болуп калды. Мен андан көп нерсени үйрөндүм. Азыр өзү Америкага кетсе да, аны менен онлайн видео звонок аркылуу пландарымды, жаңы бийлер тууралуу кеңешип, мурдагыдай эле тыгыз байланыштамын. 

– Бий ансамблде бийчилер көп болгону менен баары эле тегиз сахнага чыга беришпейт да?..

– Ооба. Алгач бийдин ашканасын толук кандуу түшүнүп, көп эмгек жасаш керек. Айрым кыздар бүгүн бийлеп эле, эртең сахнага чыккылары келет. Убагында “бийге мээнин эмне кереги бар?” – деген түшүнүктөгү кыздар да болгон (күлүп).  Тескерисинче, эс тутум жогорку деңгээлде болуш керек, үч мүнөттө не деген кыймылдарды эстеп калыш керек, ал эми төрт-беш бийди катары менен бийлегенде канчалаган кыймылды эстөө керек болот. Бийдин кыймылын биринчи эс тутум андан кийин дене жаттайт. Ушул нерсени байкагандан кийин мен ушундай эреже түзүп алгам, анын жакшы натыйжасын көрүп келе жатам. Учурда негизги курамда жыйырма кыз бийлейт. Негизги курам күчтүү болуш керек, улам артынан кыздар тарбияланып турат. Биздеги чоң көйгөй – тарбиялап, таптап келе жаткан кыздардын сахнага чыгаар убагы келгенде, турмушка чыгып кеткенинде ичиң ачышат. Бирок, алардын бактысына бут тосо албайбыз.

– Ал эми бийчилердин илгертеден келе жаткан талаптары бүгүн деле маанилүүбү, мисалы, бою, салмагы дегендей?

– Жалпысынан параметрлер каралат. Мисалы, бою 1,65 сантиметрден өйдө, кымча бел, арык кыздардын болгону албетте, жакшы. Бирок, айрым учурда келишимдүү, арык, узун бойлуу кыздардын бийге шыгы жоктору болуп калат. Кээде сен оюңа албаган жапалдаш бойлуулар ийилчээк, таланттуу жана кабыл алуулары күчтүү болот. Ошондуктан, таланттуулар менен сулууларды аралаштырып, бир сапка тизген учурлар кездешет. Анүстүнө, кыздар менен иштөө жеңил эмес. Ар кандай кыздар келет, үй-бүлөдө кичүүсү, улуусу, сулуусу дегендей. Алардын баары биз үчүн бирдей – бийчи. Баарына талаптар окшош коюлат. Кээде кыздардын апалары “кызымды өткөөл курагында силерге бийге алып келгеним жакшы болуптур, созолонгон кыз болуп өзгөрдү, убактысын туура пайдаланып жатат”, – деп ыраазычылык айтып кетишет. Бий – көп мээнетти талап кылган, жандуу кыймылды көрсөткөн искусство десем болот. 

– Бийчилердин гонорарлары кандай бөлүштүрулөт? 

– Негизинен иштеген ишке жараша пайыздап берилет. Бирок, биздин тойдон алган гонорарыбыз ырчыларга салыштырмалуу абдан аз. Бир тойго алты-он кыз менен барабыз. Алардын ар бирине акча төлөп беришим керек. Концерткеби же тойго болобу, бир убакытка он кызды чогултуп, кечиктирбей өз убагында алып келүү өтө кыйын. Биз бий топту жаңы ачкан учурда бийлегенге кызыккан кыздар көп келчү, бий дегенде көздөрү күйүп турчу, “сахнага чыкканыма сүйүнөм” – дешчү. Азыр кыздар келгенде бийлеп кете аламбы дештин ордуна, “канча акча табам?” – деп сурашат. Азыркы бийчилердин көңүлүн, көзүн карап турасың. Биз көп учурга чейин бир бааны кармап бийлеп жүрдүк. Айрым ырчылардын концерттеринде же клиптеринде аларга жага турган эле бааны коюп келгем. Эми азыр бардык нерсе кымбаттады. Биз да өзүбүздүн татыктуу бийлерибиз үчүн талапка жооп берген баа менен иштөөгө өтүп жатабыз.    

– Жеке өзүң тууралуу сурасам, бир учурда бийден алыстап чет өлкөдө иштеп жүрдүң, ал ишиң өзүңө жактыбы?   

– Ооба, эки жыл бийден алыстап, Түркия мамлекетинде туризм тармагында иштеп жүрдүм. Башкача айтканда, туристтерди отелдерге жайгаштырып, ал жактан да өз ишимди так аткара алдым. Бир айдын ичинде эле түрк тилин өздөштүрүп, жамаатка жагып, бат эле тил табышып кеттим. Жоопкерчилик менен аткарган ишиме жараша, ай сайын айлык маянамды көтөрүп да беришти. Бирок, бий менин жүрөгүм сүйгөн кесибим болуп калыптыр. Кирешеси жакшы жумуш болгону менен жандүйнөм бийди эңсеп туруп алды. Көрсө, жүрөгүң сүйгөн ишти жасаганда гана тапкан акчаң берекелүү болот экен. Кайрадан бийге аралашып кеттим.

– Турмушка чыгууну ойлогон жоксуңбу?

– Мен бийди ошон үчүн таштагам. “Бийлеп жүргөнүм үчүн убактым жок болуп, турмушка чыкпай жүрөм го?” – деген ой келген (күлүп). Көрсө, мен ойлогондой эмес экен. Бийлеп жүрүп деле багымды таап кетүүгө болоорун түшүндүм. Болгону, мен болочоктогу жолдошумду өз айланамдан, чыгармачылык чөйрөдөн издеген жокмун. Азыр мен кырк жаштан өттүм. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайды окуп жүргөн учур “кыздын базары” болот экен. Ошол убакта колумду сурагандарга “окуумду бүтүп, каалаган учурумда турмушка чыгып алам” – деп жооп берчүмүн. Мен ошол базарымды өткөрүп жибердим окшойт (күлүп). Кудайдын буйругуна жакшы ниетимди коюп жүргөн кезим.

– Бактылуу бол! Маегиң үчүн ыраазычылык.