Анапия Райымбекова: Обондун касиети адамды таптакыр башка абалга жетелейт
Ыр менен жашаган, репертуарынын көп түрдүүлүгү, булактай шыӊгыр үнү менен жаштыгында да, азыр да күйөрмандарынын сый-урматына ээ болгон кыргыздын белгилүү ырчы кызы, КРнын Эл артисти Анапия Райымбекова ырчылык менен гана чектелбесен мукамдуу обондордун ээси. Бул ирет биз Анапия Райымбекова менен чыгармачылыктын чыйыр жолунда өткөргөн өмүрү тууралуу кеңири маек курдук.
– Анапия эже, чыгармачылыкка болгон сүйүүңүз кайдан башталды? Балалыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз.
– Балалыгым Токтогулдун Өзгөрүш айылында, Көл-Төрдү, Чоң-Төрдү жайлоолорунда өттү. Асманы ачык, суусу тунук, тоо койнундагы ошол күндөр менин жан дүйнөмдү тарбиялады. Балалык – сыйкырдуу жомок сыяктуу экен. Ичкен сууң да бал татып, көргөн дүйнөң өзгөчө кооз көрүнөт. Таң атканда тоо башынан күндүн чыгышын көрүп, шар аккан сууну тиктеп олтуруу мага өзгөчө ырахат тартуулачу. Табият менен сүйлөшүп чоңойгом десем болот. Балалык түшүмө кирет. Жай толукшуган кездерде тээ бийик тоо боорунан кийиктердин чубаганына аваз кылган күндөрүмдү сагынам. Оңой менен адам баласынын көзүнө көрүнө бербеген, ошондон улам “ Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы” деп бабаларыбыз сөз кылган сейрек кездешчү улар, илбээсиндер Көл-Төрдү мекендеп, жээгинен дуу эте канат сермеп учуп өтүшчү. Мына ушунун баары балалыгымды эстегенде кинотасмадай көз алдымда чубурат.
– Демек, табият сиздин ички дүйнөңүзгө чоң таасир берген турбайбы?
– Албетте. Балалыктагы ошол тунуктук, жаратылыш менен болгон байланыш бүгүнкү күнгө чейин мени коштоп келет. Кээде балалыкка кайткым келип, сагыныч басат. Түшүмө да көп кирет.
– Жаштык жылдарыңыз сахна менен тыгыз байланышта өттү. Ал мезгилди кандай эскересиз?
– Жаштык – кызыл гүлдөй кулпуруп турган кез экен. 1986–1996-жылдар менин сахнадагы жылдызым жанган учур болду. Ал кезде ырың пластинкага жазылып чыкса, бул чоң сыймык эле. Айыл-шаарларда ырларым жаңырып, элдин жылуу сөзү мага дем берчү. Айыл-шаарларда бирдей жаңырган өз ырларымды уккан күйөрмандарымдын айткан жылуу сөздөрү дем берип турар эле. “Жаркырап турган кызсың” дешчү алар. Белим бир тутам болуп, атайын костюмерлер тарабынан мага арналып тигилген кыпкызыл көйнөгүм, ага шайкеш тигилген кичинекей кара чыптамам бар эле. Бул менин ырчы катары чон сахнага алгач кийип чыккан формам болгон. Кийин менден кийинки чыккан ырчылар ырым кылып сурап кийип жүрүштү. Негизи кыргыздын улуттук кийимине эч бир улуттун кийими жетпейт. Жаштык кезде кышында гастролго кетип, малчыларга барып концерт койчубуз. Суусамырдын суугу ай! Мен суукка карабай капрон калготки, көйнөк менен үшүбөйм деп чыгып алганым эсимде.
– Сиз иштеген залкар инсандар жөнүндө да айтып өтсөңүз.
– Сахнага жаңы чыкканымда Улукмырза Полотов, Эрмек Мойдунов, Анарбек Ибраев, Тамара Исабекова сыяктуу залкарлар менен иштештим. Улукмырза агайдын алгачкы шакирттеринин бири болгонума сыймыктанам. 1986-жылы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине солист болуп кабыл алынып, биринчи жолу чоң сахнага чыккам. Жаштыктын деми менен чарчоону билбей иштечү экенбиз.
– Кийин обон чыгарууга да кириштиңиз. Бул кандайча башталды?
– 1996-жылдардан баштап обон кайрыктары өзүнөн-өзү келе баштады. Обон келсе, ага татыктуу сөз издейсиң. Алгачкы обондорум туулган жерге арналды. Адам табиятынан сагынычка жакын экен. Өзгөчө айыл, үй, жакындар сагынтат. “Айтпаңыз антип, жүрөгүм ооруйт дебеңиз” ыры ошол сезимдердин жемиши. Бул ырдын эл арасында бүгүнкү күнгө чейин жаңырып келатканы – мен үчүн чоң бакыт.
– Сиз үчүн ыр деген эмне?
– Ыр – башка бир дүйнө. Ырдап жатканда обондун касиети адамды таптакыр башка абалга жетелейт. Ырчы ар бир ырдын тагдырында жашай билиши керек. Ошондо гана угарман өзүн ошол ырдан табат. Жан дилиңди бербей аткарылган ыр жүрөккө жетпейт.
– “Үч теректин үч кызы” аталышы элге жакшы тааныш. Бул чыгармачыл биримдик кандай жаралган?
– Атама ыр жандуулук, апама сулуулук менен уздук касиет мүнөздүү болчу. Айылда калган эки сиңдим да ырчы болобуз деп борборго келишти. Экөөнү тең жетелеп, устаттарга тааныштырдым. Азыр экөө тең өз ордун тапкан белдүү ырчылар. Биз бири-бирибизге дос, сырдаш, таянычпыз. “Үч теректин үч кызы” аттуу ыр элге кеңири тарап, угармандардын сүймөнчүгүнө айланды.
– Улуттук филармонияда иштеп келгениңизге 40 жыылдан ашыптыр. Бул жолду кандай баалайсыз?
– “Дарак бир жерден көгөрөт” деген сөз бар. Жаштыгымдан бери бир жерде эмгектенип келем. 2024-жылы Эл артисти наамы берилди. Бул наамга таза эмгек менен жеттим деп ишенимдүү айта алам. Эл үчүн ырдап, эл баалап жатса — эң чоң сыйлык ошол экен.
– “Айтпаңыз антип, жүрөгүм ооруйт дебеңиз” ырынын артында жеке тагдырыңыз да турат деп айтылып келет…
– Ооба, жаштыктагы сүйүү, сагыныч менен байланыштуу. Жолдошум Алмаз Сарлыкбеков менен өткөн жылдарым мен үчүн абдан баалуу. Эрте айрылуунун азабы оңой эмес. Бирок бүгүн балдарым, неберелерим жанымда. Чыгармачылыгым бар. Мындан өткөн бакыт барбы?
– Акырында, бүгүнкү дүйнө, коом тууралуу ой бөлүшсөңүз.
– Ата-энем салтты, ыйманды карманган адамдар эле. Ошол тарбияны көрүп өстүк. Кыргыздын каада-салтынын ар биринде терең маани бар. Азыркы замандын агымдары кээде тынчсыздандырат, кээде кубандырат. Эң башкысы – элибизде бейпилдик болсун, жаштарыбыз өз тамырынан ажырабасын
