Насирдин Шамшиев: Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө өбөлгө болгон бир нече факторлор
2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү өсүштү камсыз кылганы жарыяланды. Бул көрсөткүчкө өлкө кантип жетти жана өсүшкө кандай факторлор таасир берүүдө? Бул боюнча КР эмгек сиңирген экономисти Насирдин Шамшиев айтып берди.
– Акыркы жылдары өлкө экономикасы ишенимдүү түрдө алдыга кадам таштады. Кандай факторлор экономикабыздын өнүгүшүнө өбөлгө болууда?
– Акыркы 4-5 жылдан бери, ковид маалын эске албаганда, туруктуу түрдө өнүгүп келатабыз. Бул жылдын 7 айынын жыйынтыгы 865 миллиард сомду түзү, өсүшү 11,2 пайызды камтыды.
Эң негизги тармак – курулуш тармагы – 137,8 пайызды түздү. Андан кийин өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактары алдыга жылды.
Кызмат көрсөтүү тармагы мурдагыдай эле ИДПнын 52 пайызын түзүп жатат. Себеби, быйылкы туристтик сезон жакшы болгонуна байланыштуу, мейманкана, ресторан тармактарына суроо-талап өстү.
Бирок ошол эле убакта негизги металлды өндүрүү артка кетип жатат. Ошондой эле, айыл чарба көп жылдан бери болгону 2,3 пайыз менен гана өсүп келатат. Анын да жүйөөлүү себеби бар – быйылкы жылы аба ырайы жакшы болгону менен түшүм бышаар маалда кургакчылык орун алды, бул түшүмдүүлүккө кедергисин тийгизет.
Белгилей кетчү нерсе, биздин бюджет жакшы өсүүдө, Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын 6 айында профицит менен чыктык.
Банк секторун алсак, банк активдери 645 миллиард сом болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 14,7 пайызга өстү. Демек, банк сектору кредит берүү, алуу боюнча туруктуу өсүштө.
Курулуш секторунун 137,8 пайызга өсүшү – бул кийинки жылдын ИДПсын өнүктүрүүгө кошумча салым, анткени, инфраструктура өнүгүп, жолдор, мектептер, үйлөр курулуп жатат.
– Кыргызстан ИДПсынын өсүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунга чыкты. Буга кандай комментарий бересиз?
– Чынында, бизде акыркы жылда экономикалык потенциал абдан жогорулады. Биринчиден, ички аракеттер болсо, экинчиден, инвестицияга жагымдуу шарттарды түзүү менен өзүбүзгө мүмкүнчүлүктөрдү арттырдык. Мисалы, Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, 10 миллион доллар инвестиция салынса, инвестор менен атайын келишим түзүлөт жана шарттарын инвестор өзү аныктайт. Эгерде 50 миллион доллар инвестиция салынса, өтө жеңилдетилген шарттар менен атайын келишим түзүлөт. Анын үстүнө дагы 10 млн кошо турган болсо, инвесторго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 3 жылдык инвестициялык виза берилет. Андан тышкары дагы көп жеңилдиктер каралган. Ошол эле салык саясатында дагы. Аталган сумма салынса, он жылдын ичинде салык же башка төлөмдөр жаатынан жеңилдетүү берилет. Анын үстүнө, бизде, Кыргызстанда эң төмөнкү салык иштейт. Мисалы, КНС бизде 12 пайыз гана. Пайдадан алынуучу салык – 10 пайыз. Эгерде товарды эркин экономикалык аймактарга экспортко чыгара турган болсок, ал ишкер өтө жеңилдетилген түрдө салыктан жана көп төлөмдөрдөн бошотулат. Бул бир гана инвесторлорго эмес, өзүбүздүн ишкерлерге да иштейт.
Мен азыр Өнөр жай палатасында иштейм жана бизге ишкерлер товарларын чет өлкөлөргө көргөзмөгө чыгаруу же экспортко чыгаруу маселелери менен көп кайрылышат. Бул деген ишкерчиликтин өнүгүп баратканын билдирет.
Дагы бир маселе – Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу жерде жайгашкан. Бул жактан Кытай аркылуу Түштүк Азияга чыксак болот же тескерисинче, аларга, биз ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгондуктан, ЕАЭБ рыногуна чыгууга көпүрө болуп бере алабыз.
Эң негизгиси – биз экономикалык жактан ачык өлкөбүз, ошондуктан ушундай мүмкүнчүлүктөр жаралып, өсүшкө ээ болуудабыз.
– Акыркы жылдары инвесторлорго болгон талаптар бир топ жөнөкөйлөштүрүлдү, анын кандай оң таасирлери болууда?
– Талаптардын жеңилдештирилүүсү, ага кошумча мамлекеттик саясаттын оң жолго түшүп, коррупцияга каршы күрөш, дебюрократизация – мунун баары инвесторлорго гана эмес, өзүбүздүн ишкерлерге да чоң колдоо болду. Алардын мамлекетке болгон ишеними өстү. Азыр ишкерлер коркпой ишин баштап жатышат. Коррупция азайганы үчүн алардын иш баштоосу жеңил болуп калды.
Мисалы, Кыргызстандын банк секторунун 6 айдагы жыйынтыгы боюнча, кредиттик портфель 441,2 миллиард сомду түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу 16,4 пайызга көбөйдү. Демек, эл банктарга да ишенип, акчасын чөнтөккө сактабай, банкка алып келип депозитке салып жатат. Ал акчаларды банк кредитке берип, экономиканын өсүшүнө түрткү болууда.
