Күмөндөр Абылов: Азыр «кыргыз күлкүсү» катуу жапа чегип турат
Кыргыз юмору экинчи доорун баштай алабы? Кыргыз сатирасынын деңгээлин көчө күлкүдөн кантип көтөрүүгө болот? Ушул суроолордун тегерегинде жана бүгүнкү кино жаатындагы өзгөчөлүктөр, жаңычылыктар тууралуу КР Эл артисти Күмөндөр Абылов Караван-Инфого маек курду.
– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
– Мен азыр өзүм иштеген Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, кесиптештерим менен биргеликте А.Богачёванын «Дарак» аттуу пьесасынын үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса, учурдун көйгөйүн күчөтүп ойноочу комедия (гротеск) аркылуу чагылдырган, айта турган ою терең, жакшы спектакль болчудай! Андан сырткары киносценарий, аңгеме, эскерүү, ыр жазып, жакында чыга турган китептеримдин үстүндө иштеп, жаңы обондорду жаратып дегендей, бош жаткан жерим жок...
– «Жол» тасмасындагы жараткан ролуңуз купулуңузга толдубу?
– Эми чынын айтсам, жаман болгон жок. Бирок азыркы кезде элдин табитине карап, көп эле тасмалар тартылып жатпайбы. Айтайын дегеним, азыркы кино менен алек болгондор, көбүнчө жаштар комедия жанрына көбүрөөк басым жасап жатышканын көрүүгө болот. Көрүүчү тажап кетпесин деген таризде, окуялар тез-тез алмашып тургандай кылып, тасманы тартуу убактысын колдон келишинче кыскартууга аракет кылгандарын көрүп жүрөбүз. Тасмалардын дээрлик баарын күнү-түнү тартып, он күндүн ичинде, кээ бири бир жумада тартып бүтүп койгону таң калтырат. Бул жакшы көрүнүш. Ижарага алган техникаң арзанга түшөт, актёрлордун тартылуу күнү кыскарып, группанын ичкен-жеген чыгымдары да азаят.
Анткен менен кино элди ээрчибей, элди ээрчитип, мекенин сүйүүгө, улуттук ар намысын коргоого тарбиялап, жат көрүнүштөрдөн арылтууга багытталышы керек деген ойдомун. Бизде азыр фестивалдарга катышып, жогорку байгелүү сыйлыктарды жеңип келген кээ бир автордук тасмалар да башка жактын тасмаларына салыштырмалуу өтө эле арзан, анан кыска мөөнөттө тартылат. Режиссёрлорубуздун айтымында, тарткан тасмасынын бюджетин башка элге айткандан уялышып, кымбаттатып айтышса да, арзан экенине таң калышат экен. Айтайын дегеним, сиз сураган «Жол» тасмасында «Атаңдын көрү! Шашпай тартканыбызда, мына бул жерин минтип, тигил жерин тигинтип койсом, мындан да жакшы болмок экен!» – деген жерлер бар. Бир чети, мындай чукул мөөнөттө тасма жаратуу жанагындай жагдайлары болгон менен, режиссёрдун, актёрдун, оператордун тажырыйбасын өнүктүрүп өстүрөт, такшалтат.
– Акыркы кезде куудулдукту токтотуп, өз кесибиңиз актерлукка багыт алып жаткандайсыз. Кыргызстанда сатираны түшүнгөндөр азайып кеттиби же кысымга туш болбоюн деп сатираны жыйыштырып койдуңузбу?
– Сатираны жыйыштырайын деген оюмда да жок. Жогору жактан кысым да болгон жок. Бул жөн гана учурдагы коомдун кубулушуна жараша болгон көрүнүш деп койсом болот. Азыр «кыргыз күлкүсү» катуу жапа чегип турат деген ойдомун. Себеби, Союз убагындагыдай болбой, сатирик, акын, жазуучу, журналисттер менен куудулдардын байланышы караманча үзүлгөн. Куудулдар ошол себептен өздөрү жазымыш этип, чампалап алып чыгып жүрүшөт. Эгер «чычканды да касапчы союп», мурдагыдай сатириктер жазып келип куудулдарга: «Меникин аткар, меникин аткар!» – деп турушса, «Мыскыл жана тамаша» концерттерин баштан-аяк атайын режиссёр постановщик коюп, композитор ага музыка жазып, сүрөтчү декорациясын костюмуна чейин карап чыкса, «Кыргыз сатирасы» жана сатирага болгон элдин табити азыркыдан алда кайда бийик болоор эле! Болбосо, азыр сатирик жазуучулар такыр эле жок эмес. Толтура, керек болсо. Бирок, аларга калем акы төлөнбөгөнү үчүн алардын жазгысы да, куудулдарга бергиси да келбейт. Ошондуктан мен көп айтам, акындардын «Айтыш-Коому», манасчылардын «Манас-Коому» сыяктуу «Күлкү-Коому» деген коом түзгөнгө меценат болсо, заңгыраган имарат салынып, эстрада театры ачылса, куудулдарды баштап, ырчылардын, музыканттардын баарын тандоодон өткөрүп, ошол театрга кабыл алып, мамлекеттин карамагында болсо, режиссеру, сүрөтчүсү, адабий бөлүм башчысы баш болуп, адистери толук болсо, мен эле эмес, жаштардын да профессионалдык деңгээли бийик болуп, кыргыз күлкүсүнүн деңгээли бийиктейт эле. Сахнага ылайыксыз бейадеп, бирөөнүн адамдык парасатына шек келтиргендер, ашыкча маскара кылгандар да болбойт эле.
Азыр куудул, ырчылардын баары жетим балдардай, өз киндигин өзү кесип, тойлордо, байлардын иш-чараларында жүргөн себеби да ошол. Менин концерт койбой калганым да ушуга байланыштуу. Кээде концертиңди жакшы эле алыңдын келишинче, ар бир номердин маанисине жараша театралдаштырып даярдайсың. Анан эле, концерт коё турган күнү артистериңдин көбү убагында келбей кечиге башташат. Бир кезде бирөө телефон чалып: «Байке, мен тойдо элем, мени артка жылдырып коюңузчу, барып калам!» – десе, концерттин аягында чыкчу дагы бири жаныңды койбой: «Байке, мени эртелетип коё берип коюңузчу, тоюм бар эле?» – деп, андан өткөн концерт бери жакта болот да, даярдаганыңдын баары каякка кеткенин билбей, баш-аягыңды таппай каласың! Анын үстүнө концертти элдин көбү тойдон, интернеттен көрүп алышат экен. Мындан бир гана филармония даярдаган концертин кандай даярдашса, так ошондой кылып коё алышат. Анткени, бардык катышуучулары – филармониянын штаттагы артисттери. Эч кимиси тойго же башка жакка кете албайт.
– Качан көбүрөөк толкунданасыз: киного тартылгандабы же сахнага чыккандабы?
– Кино канчалык жакшы чыккан күндө да, биринчи жолу эл менен кошо чогуу көрүп жатканда гана толкунданам. А спектакль менен сатирага жандуу чыккандыктан болсо керек, ар бир чыккан сайын толкунданып, жүрөгүм туйлап, жакшы сезимдер болот. Ошентсе да Ленин: «Бардык көркөм өнөрдөн биз үчүн эң маанилүүсү кино» – дегендей, жакшы кинону бүткүл дүйнө көрүп, дили тазарып турат турбайбы!...
– Куудулдук өнөр талантты көбүрөөк талап кылабы же актерлукпу?
– Экөө тең талантты көп талап кылат. Талант ар бир адамга табият тарабынан ар кандай өлчөмдө берилет эмеспи. Антсе да талантка ар бир адам абайлап мамиле жасап, бапестеп багып, таптап өстүрүп туруусу керек. Ал үчүн куудул да, актёр да актёрдук чеберчиликти окуп, билим алышы керек. Куудулдун актердук чеберчилиги да күчтүү болушу керек. Себеби, ал аткарган интермедия, сатира, монологдор да кичинекей чыгарма болуп эсептелет. Анткени, алардын да айтайын деген ою бар, башы-аягы, кульминация, связка, развязка деген драматургиянын мыйзамдарына ылайык өз атрибуттары бар. Аларды аткара турган артист да, комикалык амплуадагы таланттуу актёр-импровизатор болушу керек! Ошондуктан менин: «Куудулдар да сөзсүз актёрдук билим алышы керек. Режиссердун колунан өтүшү керек. Жок эле дегенде актерлукту сырттан окуп алышса жакшы болмок», – деп дайыма какшаганымдын себеби да ошондон!
– Жүрөгүңүзгө кино менен театрдын кайсынысы жакыныраак сезилет?
– Кинодо бир ирет ойноп койсоң болду, сен жокто деле эл көрө берет. Аны тартып жатканда, ойдогудай ойной албай калсаң, экинчи, үчүнчү, төртүнчү дубль деп, ойдогудай ойногончо тартып алсаң болот. А театрда бир дем менен, баштан-аяк бир да жаңылбай ойношуң керек. Эмгекти элге, жандуу ойноп жеткирип турушуң керек. Андан да жакшы жери, ролуң күндөн-күнгө ойногон сайын такшала, чырайына чыга турганы! Бирок кино сыяктуу көпкө чейин, күнү-бүгүнкүдөй сакталбаганы өкундүрөт.
Ошентсе да мага театр, сахна жакыныраак сезилет!..
