Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “Африкалык таланттуу балдар Кыргызстанга келишет”
Кээде жөнөкөй эле кичинекей кыймыл бүтүндөй бир окуяга себеп болуп калат. Ырчы Гүлназдын алыскы Африка менен болгон байланышы инстаграмдагы “жактыруу” белгисин басуудан башталган. Бүгүн бул окуя жөн гана чыгармачылык байланыш эмес, эки континентти бириктирген маданий алакага айланды. Руандадагы сегиз күн, таланттуу балдар тууралуу ырчы биздин маекте кенен токтолду.
– Гүлназ, Руандадан кандай келип алдыңыз? Негизи эле ал жакка барууңузга себеп болгон таланттуу балдар менен кантип байланышып калдыңыз эле?
– Чынын айтсам сонун эмоция, жакшы маанай, жаңы энергия менен келдим. Бир жолу инстаграмды барактап отуруп кара терилүү жакшынакай балдардын орусча ырдап, бийлеп жатышкан видеосуна “жактыруу” басып, баракчасына катталып койгом. Ошондон көп өтпөй алар менин аткаруумдагы “Аттиң ай” ырыма бийлеп чыгып мага сюрприз кылышты. Албетте, бул мен үчүн күтүүсүз жана абдан жагымдуу болду. Африкалык балдардын “Мориокс кидс” деп аталган бул популярдуу тобу Азия боюнча эң алгач кыргыздын ырын аткарып, Африкадан Азияга маданий жол ачты десем болот. Андан кийин коңшу өлкөлөрдүн ырлары ырдала баштады. Кийин менин сүрөтүмдү чыгарып, “Гүлназ апа” деп чакыруу кылышты. Мен барууну ниет кылдым. Бирок ал учурда кантип, кайсы каражат менен барарым белгисиз болчу...
– Анан кантип барып калдыңыз?
– Менин тапкан каражатым өзүм гана барып келгенге жетмек. Бирок жердин аркы бетине, тааныбаган Африка өлкөсүнө жалгыз баруудан чындап корктум, кооптондум. Ошондой күндөрдүн биринде “Достук курулуш” кыш заводунун негиздөөчүсү Марина Даврановна деген жеке ишкер айымыбыз: “Мен демөөрчү болуп берейин, долбооруңа канча каражат кетет, эсептеп айтып кой”, – деп калды. Жакшы ишке себепкер болгон Марина айымга, мени жылуу сөздөрү менен колдогон ар бир катталуучума учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем. Стилист, координатор жана видеограф болуп төрт адам бардык. Жалпысынан 17 миң доллар каражат сарпталды.
– Ал жакта канча күн болдуңуз жана кандай таасирлер менен келдиңиз?
– Ал жактагы сегиз күндүк иш сапарымда көп нерсеге жетишкенге жана көптөгөн жаңылыктарды топтогонго аракет кылдым. Эки тилде ырдап клип тарттык. Таң калганым, алар жаратылышынан музыкага шыктуу, абдан таланттуу болушат экен. Кыргызча ырды бир күндө жаттап ырдаганына өзгөчө суктандым. Өз тилибиздеги ырды бир нече күндө араң жаттайбыз го. Алардын аракетин көрүп ыраазы болдум.
– Кантип баарлашып жаттыңыз?
– Мен гимназия мектебинде окугам. Ошол жылдары бизге Америкадан келген мисс Эмми деген мугалим англис тилинен кирчү. Ошондо бул тилди жакшы окуп койсом керек, анымдын пайдасы тийип мектептеги ошол базам менен эле баарлашып жаттым. Аба майданынан окшош кийинип балдар тосуп алышты го, ошондо такалып араң сүйлөп аткам. Андан кийин көбүрөөк баарлашканга дароо көнүп кеттим окшойт. Бири-бирибизди жакшы эле түшүнүшп жаттык.
– Жашоо-шарты кандай экен? Тамагына дароо эле көнүп кеттиңизби?
– Биз беш жылдыздуу мейманканага жайгаштык. Жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекет болгондуктан бир аз кымбатчылыкты байкадым. Эки киши жата турган бир номерди 1700 АКШ долларына алдык. Борбор шаарында төрт адам тамактанса болжол менен ар бирибизге бир жарым миң сомдун тегерегиндей каражат короп жатты. Үй менен машинанын баасы бизге караганда кымбат турат экен. Бизде ар бир үйдө бирден машина бар го, аларда унаасы бар адам бай деп эсептелинип, көпчүлүк жашоочулар жөө жана мотоцикл менен жүрүшөт экен.
– Жакыр жашагандар көп болсо керек?
– Ал жактын жашоочулары байлар анан жакыр жашагандар деп экиге бөлүнгөндөй сезилди. Себеби биз жайгашкан жерде пальмалар, жолдору асфальт, айтор, өнүккөн мамлекеттей шарт түзүлсө, ал жерден 10-15 мүнөт мүнөт шаардын четине чыксаң жепирейген бир бөлмөлүү кепе тамдарды көрөсүң. Ал үйлөрдө 8-10дон адамдар жашашат экен. Мени өзгөчө таң калтырганы - ошол жашоого ыраазы болгондой баары бейкапар, жайбаракат. Кагаз баштыктарды колдонуп, экологияга аяр мамиле кылышары да суктандырды. Көбүнчө дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алек болушуп, балдарынан өйдө мээнеткеч калк экени көрүнүп турду.
– Ал жакта да кыргыз мигранттар бар бекен?
– Ооба, бар экен. Кыргыз кайда болбосун кыргыз, меймандос келишет эмеспи. Эң башкысы баары жакшы шартта жашашат экен. Кетер алдында дасторкон үстүндө чайлашып, баарлаштык. Африкадагы боордоштор өзгөчө белектерин берип кубантышты.
– Таланттуу балдардын жашоо шарты кандай экен? Жакында Кыргызстанга келери тууралуу айттыңыз эле...
– “Мориокс кидс” группасын негиздеген Шема аттуу мырза өзү бардар турмушта төрөлүп, бирок кийин бир себептерге байланыштуу апасы үч эркек баласы менен эч нерсеси жок көчөдө калган экен. Шема бала кезинде спортко, бийге кызыгып, бирок алар менен алектенгенге шарт болбоптур. Ошондон улам го, өзүндөй таланттуу, жакыр үй-бүлөдөн чыккан отуздай баланы чогултуп, ушул группаны түзгөн экен. Шериги экөө атайын бир үйдү ижарага алып, өздөрү ошол жерде жашайт экен. Балдар мектептен чыккандан кийин ошол үйгө келип тамактанышып, сабактарын даярдашып, анан бий менен машыгып репетиция кылышат экен. Буюрса, сентябрь айынын башында ал 30 баланын ону жана уюштуруучулар Кыргызстанга келмей болушту. “Көчмөндөр оюнунун” жабылыш аземине, андан кийин менин жеке концертиме катышышат. Булардын билеттерин Маданият министрлиги алып бермей болду.
– Негизи “Аттиң ай” ырын кандайча тандап калдыңыз эле?
– Мындан төрт жыл мурун мен өзүмдүн алгачкы шоу концертимди бергем. Ошондо репертуарды толукташ керек болуп жаңы ыр издеп жатсам апам: “Аттиң ай” ырын ырдабайсыңбы. Сага жарашат” деген сунуш айткан. Анын үстүнө бала кезимде Динара эже ырдаганын угуп абдан жактырчумун. Дароо эле Динара Акулова эжем менен байланышып сураганымда, “ырдай бер” деген эле. Ал учур концерттин алды болгон үчүн түйшүк, иш көп болуп кетип жаздырганга үлгүрбөй калгам. Кийин көңүлүмө багып жүрүп акыры ырдаган элем. Музыкасын жазган Кубик Калыковго байланышып уруксат алдым. Сөзүнүн автору Оңолбек Соурбаев агабыздын көзү өтүп кеткен экен, кыздарынын бирине жолугуп сурап алып аткарып баштагам. Ошондо “Аттиң айды” Кыргызстандын жети дубанына жеткирем” деген ниетим бар эле. Сенин планыңдан Кудайдын планы жогору турат деген чын экен, мына Кыргызстан эле эмес, дүйнөнүн башка континентине чейин тарап кетти. Мен үчүн акжолтой болгон бул ырдын авторлоруна чын жүрөгүмдөн ыраазымын!
