Таласбек Акылбеков: кыргызстандыктар биткоинге инвестиция салса кандай болот?
Биткоиндорду сатып алууну баштай беришибиз керекпи, кайсы криптовалютаны тандаган жакшы, келерки жылы бул санариптик алтынды эмне күтүп турат - “Караван-Инфо” менен болгон маекте кыргызстандык ишкер, инвестор, криптовалюттун эксперти Таласбек Акылбеков өзүнүн эксперттик пикири менен бөлүштү.
– Акыркы учурда биткоинге баалар өсүп жатканы боюнча көп угуп жатабыз. Сатып алууну баштай берүү керекпи?
– Албетте, биткоиндорду сатып алыш керек, анткени АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп жыл сайын 200 миллиард долларлык биткоин сатып алууну чечкен. Ошондой эле, айрым мамлекеттер, анын ичинде Япония жана башка өлкөлөр биткоиндерди сатып алуу жана алтындын ордуна аларды кармап баштоо боюнча мыйзамдык деңгээлде чечимдерди кабыл алууда. Бул санариптик алтын, анын баасы физикалык алтындан алда канча кымбат жана ар кандай аналитиктердин айтымында, 2030-жылга чейин ал болжол менен 1 миллион долларды түзөт. Көптөгөн адамдар бир эле учурда 100 000 долларлык биткоиндор сатып алышыбыз керек деп жаңылышат. 5, 10 же 100 долларга деле сатып алууга болот, андыктан менин сунушум биткоин гана эмес, эң мыкты ондукка кирген башка криптовалюталарды да сатып ала баштаңыз.
– Биткоин мыкты криптовалюта деп эсептелинеби?
– Биткоин дүйнөдө эң биринчи ойлоп табылган криптовалюта, ал эң мыктысы. Бул санарип алтыны, ага бардык башка альткоиндер байланыштырылган.
– Жеке чогултуусу үчүн жөнөкөй кыргызстандык криптовалютаны кантип тандашы керек?
– Активиңизди бөлүштүрөсүз. Диверсификация деген нерсе бар жана коинмаркеткап, бул биржа, анын тизмесинен топ- 10 же 20 криптовалютаны тандайсыз. Ал жерден сиз кайсы монеталарды сатып ала турганыңызды караштырасыз. Сиз мында чындап эле активдериңизди жоготпойсуз, анткени алардын капитализациясы ондогон миллиард долларды түзөт жана булар эң мыкты криптовалюталар, алардын ар биринин өзүнүн өзгөчө максаты бар: алар блокчейн, инвестиция, транзакция, ар кандай банк тармагы дүйнөсүндөгү белгилүү бир маселени чечет.
– Кыргызстанда эгер адам криптага акча салууну чечсе, кайда кайрылышы керек?
– Өзүңүз тааныган, ишенген, жеке баарлашкан адамдар менен байланышка чыкканыңыз оң. Сиз адам эмне менен алектенерин, андан канча киреше тапканын, аны менен барууга болобу, билишиңиз керек, анткени бул базарда алдамчылар көп. Азыр көп адамдар коомдук тармактар аркылуу трейдинг, Р2Р-арбитраж менен алектенүүнү сунушташат, бирок алардын көбү жөн гана шылуундар. Жакшысы, ал адам менен жүзмө жүз көрүшүп, андан кийин гана иштеше баштоо керек. Мен дагы бул дүйнөдө насаатчы болуп эсептелинем, соцтармактарда бармын, жеке өзүмө кайрылышса да болот.
– Бульбакоин деген эмне?
– 2017-жылы энтузиасттар тобу Беларуста монета чыгарып, аны бульбакоин деп аташкан. Ал азыр бар же жогун билбейм. Айтайын дегеним, дүйнөдө каалаган адам тыйын чыгара алат, анан аны рынокко да чыгара алат, бирок мында ал тыйын суроо-талапка ээ болобу, элге керекпи деген суроо турат.
– Стейблкоин деген эмне?
– Эң алгачкы стейблкоин «Tether» компаниясы тарабынан чыгарылган, анын негиздөөчүсү болуп Рив Коллинз саналат, USDT анын табылгасы. Анан алардын криптовалюталык доллары америкалык доллардай эле мааниге ээ жана ал америкалык долларга байланган деп айтышкан. Ошондон тартып стейблкоиндин доору башталды, USDC жана бир нече стейблкоин чыгарылган. Бирок алардын ичинен эң популярдуусу – бул Tether, USDT. Бул дүйнөдөгү үчүнчү криптовалюта, анын капитализациясы дээрлик 140 миллиард АКШ долларын түзөт. Ал доллар менен бирге бир эсебинде жүрөт. Азыр криптовалюта менен алектенген адамдар өзүнүн кирешесин же чыгашасын так ушул стейблкоин, негизинен USDT менен такташат. Ошондой эле адамдар USDT аркылуу которууларды жүргүзөт, анткени ал абдан пайдалуу жана көз ирмемчелик убакытта аткарылат.
– Криптовалютанын боз рыногу деген эмне? Кандай рынок легалдуу же Кыргызстанда боз рынок өнүккөнбү?
– Боз схема бардык жерде бар, кадимки акчаларда да, криптовалюталык акчаларда дагы. Ал эми мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенген адамдар, мисалы, акчаны адалдоо, баңгизатын, курал-жарак саткан же сойкулук менен алектенген, көбүнчө криптовалютага кайрылышат, анткени аны бөгөттөө жана андагы бардык транзакцияны көзөмөлдөө абдан кыйын. Ошондой эле шылуундар, ар кандай боттор бар, алар сага криптовалютаны фиатка же тескерисинче алмаштырып бергендей түр көрсөтүшөт, бирок алдашат. Ошондуктан легалдуу алмаштыруу пунктарын жана легалдуу схеманы колдонуу керек.
Бизде Бишкекте МосСоветте легалдуу рынок бар. Ал жакта алмаштыруу жайлары көп, баары Улуттук банктан лицензия алышкан жана криптовалютаны фиатка алмашырышат. Боз рынокту айта турган болсо, ал жакта коркунуч бар, эгерде алмаштырып жатканда кармалсаңыз, ал криптовалютагы атайын санариптик деңгээлде белгилеп коюшат, ага көзөмөл органдарында аныкталган белги бар, андан соң ал “кир” криптовалютаны ири легалдуу биржада сата албай каласын, аны бөгөттөп салуулары да мүмкүн.
– Кыргызстанда крипторыноктун көлөмү кандай?
– Бул суроого, кыязы эч ким жооп бере албаса керек. Бирок мен бул жакта жылына миллиарддаган жүгүртүүлөр болуп турат деп ойлойм, анткени жыл сайын криптовалюта менен алектенген адамдар көбөйүүдө. Ал турмак “Дордойдогу” соодагерлер акчаны оңой которуу үчүн криптовалюта дүйнөсүнө кошулушат, анткени эч кандай маселесиз бир секунддун ичинде акчаны дүйнөнүн каалаган чекитине жөнөтө аласың. Ошондуктан так жүгүртүүнү, көлөмүн кимдир бирөө айтып бериши кыйын.
– Транзакция учурунда шылуундарга кантип туш болбош керек?
– Бул абдан кызыктуу суроо. Ар бир адам шылуунга жолугуп калышы мүмкүн. Мында эч ким кепилдендирилген эмес. Алар адатта минтип аракеттенишет: биринчи майда суммадан башташат, элди ишендиришет, андан кийин ишенимге киргенден соң адамдар ири сумманы которо башташат, ошол маалда алдашат. Ошондуктан сак болуп, бир гана ишенимдүү адамдар менен иштөө керек. Binance биржасында көйгөйсүз алмаштырса болот, МосСоветте да лагалдуу алмаштыруу жайларынан сатуу-сатып алууну жасаса болот, ошондо алданбайсыз. Башкача айтканда, криптовалютаны кабыл алуунун жана алмаштыруунун легалдуу жайларын колдонуңуз.
– Өлкөнүн крипорыногуна санарип сомунун киргизилиши кандай таасир берет?
– Менимче, бул оң таасирин тийгизет, анткени бул криптаны фиатка же тескерисинче алмаштырууну оңойлотот. Ошондой эле, азыр президентибиз Министрлер Кабинетине өлкөбүздөгү криптобанктар боюнча мыйзам жазууну тапшырды. Башкача айтканда, биз бул багытта абдан тез жылып жатабыз. Баса, бизде криптовалюталар жана санариптик активдер боюнча абдан жакшы мыйзам бар, ошондуктан Кыргызстан бул багытта алдыга жылып жатат.
– Биткоиндер майнинги деген эмне жана аны кантип пайдалана алабыз?
– Башында, Сатоши Накамото псевдоними менен белгисиз адам же адамдардын тобу биткоин казуунун алгоритмин иштеп чыккан. Майниг – бул биткоин казып алуу болуп саналат. Ал эми буга чейин, каалаган адам ноутбукта же компьютерде программаны күйгүзүп, биткоиндорду казып алчу. Бул абдан оңой болчу - программаны ноутбукка же компьютерге орнотосуң, болду. Ал убакта ар бир 10 мүнөттө 50 биткоин майнингделген. Адамдардын кызыгуусун ошондо ушул нерсе жараткан: ал банкты кыйгап өтүп, санарип биткоинди каалаган жагына заматта которо алчу. Ошондой эле ар бир мамлекет чыгарып жаткан акчадан айырмаланып чектелген санда болгону.
Мисалы, пандемия маалында доллар өтө көп чыгарылган, америкалык мамлекеттин тарыхындагы долларлардан да көп чыгарылган болсо керек. Биткоиндер алтындай эле чектелүү санда, анан аны казып алуу өтө кыйын. Биткоиндин баалуулугу ушунда – ал чектүү, болгону 21 миллион, ар бир 10 мүнөттө казылып турат. Компьютерлер алгоритмдик тапшырманы аткарышат дагы, казышат. Мурда, айтып кеткенимдей 50 биткоин ар бир 10 мүнөттө казылып алынчу. Ар бир төрт жылда халвинг болот, башкача айтканда казып алуу эки эсеге азаят. Андан соң 25 биткоин болду, андан кийин 12,5, андан ары 6,25, азыр ар бир 10 мүнөттө 3,125.
Элестетип көргүлө, бүткүл дүйнө азыр ушул үчүн фермаларды куруп жатат, анткени криптовалютаны казып алуу, бул математикалык тапшырманы аткаруу кыйындагандан кыйындап баратат. Буга өтө көп электрэнергиясы кетет, ошондуктан азыр биткоинди жөнөкөй адам каза албайт, аны миллионерлер гана каза алат, анткени биткоинди казып алуунун өздүк наркы 1 биткоин үчүн 50-60 миң долларга теңелди. Бирок башка да криптовалюталар бар, алар биткоиндей эле казып алынат, бирок анда башка алгоритм пайдаланылат.
– Кыргызстандын мыйзамы криптовалютчиктерге канчалык ийкемдүү?
– Биздин мыйзам – ийкемдүү мыйзамдардын бири. 2022-жылы криптовалюталар, санарип активдери боюнча мыйзам кабыл алынган. Биздин мамлекет бул багытта абдан жакшы кетип баратат.
– Криптовалютаны кийинки жылы эмне күтөт?
– Кийинки жылы криптовалютаны АКШ президенттигине Дональд Трамтын киришүүсүнө байланыштуу абдан чоң көтөрүлүү күтүп жатат. Ал өкмөттү алмаштырып, криптовалюталар менен алектенген адамдарды алып келет. Мисалы, Илон Маск DOGE эффективдүүлүк бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Айтмакчы, бул ысым Илонго жаккан биринчи мемкоин менен шайкеш келет. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөр азыр да биткоиндор сатып алуу жана федералдык резерв сыяктуу кармап туруу үчүн мыйзамдарды киргизип жатышат.
Американын көптөгөн штаттары мындай мыйзамдарды кабыл алууда, Япония да ушул багытта бара жатат. Ошондуктан, рыноктордун жана бүтүндөй экономиканын криптовалюталарга карай өнүгүү перспективасы учурда кызуу жүрүп жатат. Ал эми мезгилден артта калууну каалабасаңыз, азыр изилдеп, криптовалюталар дүйнөсүнө тереңдеп киришиңиз керек: алар эмне, эмне үчүн түзүлгөн, эмне үчүн кирешелүү, эмне үчүн мынчалык өсүп жатат. Россиянын президенти Владимир Путин криптовалютага тыюу салуу мүмкүн эместигин, КМШда бул багытта иш баштоо зарыл экенин, анткени Россияга Америка жана Европа тарабынан санкциялар киргизилгендиктен, фирмалар менен юридикалык жактардын ортосундагы транзакциялар оор болуп калганын айтты. Адамдар криптовалюталарга өтүүдө, анткени аларды бөгөттөө мүмкүн эмес, бул борбордон ажыратылган система, аны эч ким жаба албайт.
