Бакыт Дарманбек уулу: Кыргыз ишкерлерине кулак кагыш – чет өлкөлүк жарандарды кантип мыйзамдуу иштетүү керек?
7 июнь

Бакыт Дарманбек уулу: Кыргыз ишкерлерине кулак кагыш – чет өлкөлүк жарандарды кантип мыйзамдуу иштетүү керек?

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүктөргө 10-июнга чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырып алууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Эгерде бул мөөнөт ичинде талап кылынган аракеттерди жасабаган мигранттарды кандай чаралар күтөт? Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманбек уулу берген маегинде түшүндүрдү.

10-июнга чейин берилген мүмкүнчүлүктүн негизинде легалсыз мигранттар кайда кайрылып, эмнелерди жасашы керек?

– Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккандан тартып, биз аны өлкөбүздүн аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, аларды иштетип жаткан ишкерлерге жеткирүүгө аракеттенүүдөбүз. 10-июнга чейин убакыт берилди, эске салып койчу жагдай, бул мөөнөт узартылбайт. Анткени, айтылган убакка жетишпей калсак, узартышат дегендей түшүнүк пайда болуп жатат.

Бизде чет өлкөдөн келген жарандардын басымдуу бөлүгү курулуш, тигүү жана жеткирүү тармактарында иштешет. Ишкер чөйрөсүнө кайрылабыз: бүт мүмкүнчүлүктөр түзүлдү, айыппулдардан бошоттук, демек, учурду кое бербеңиздер.

Бул үчүн көп документ жана убакыт талап кылынбайт: чет элдик жаран паспорту менен каалаган ички иштер бөлүмүнө кайрылса, ал жактан текшерүүдөн кийин кылмыш иши козголгон эмес же издөөдө эмес деген тастыктама берилет. Ошол тастыктаманы Тышкы иштер министрлигинин бирдииктүү терезесине киргизсе, кайрылгандардын баарынын суроосу канааттандырылат.

Айтып кетчү нерсе, азыр ортомчулар да пайда болууда. Мен аларды шылуундар деп айтат элем, анткени, мында алардын кызматынын кажети жок.

Чет өлкөлүк жаранды иштетип жаткан ишкерлер жогоруда айтылгандай, ТИМдин электрондук порталына –evisa.e-gov.kg – дареги менен кайрылса болот.

– Легалсыз мигранттарды легалдаштыруу чаралары бүгүнкү күндө башка өлкөлөрдө деле болуп жатабы, бул бир гана Кыргызстан тандап алган багыт эмес да?

– Башка өлкөлөрдө да бар. Өзүбүздүн сырткы миграциялык абалыбызды карап көрөлү, 600 миңдей жарандарыбыз сыртта жүрөт, басымдуусу – 380 миңге жакыны Россияда. Анын көп бөлүгү Москва шаарында жана Москва облусунда. 2024-жылдын декабрь айында Россия президентинин жарлыгы чыгып, аларда да мыйзамдашуу процесси башталган. Мөөнөтү 30-апрелге чейин болчу, бирок алардын кабыл алуу системасы көтөрө албай, 10-сентябрга чейин улантылды. Ал түшүнүктүү, анткени Россиядагы мигранттардын саны 2,5 миллионду чапчыйт экен, анын 600 миңдейи мыйзамсыз жүргөндөр.

Ошондой эле Европа өлкөлөрүндө, Америкада да легалсыз мигранттарга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Алар ал турмак мыйзамсыздарга акчасын төлөп, өлкөдөн чыгарып, кийин кайра легалдуу кирүүгө жол ачышууда. Эгерде бул шарттарга көнүшпөсө, кармалып калышса, депортацияга туш болуп, өлкөгө узак убакыт кире албай калышат.

– Башка өлкөлөрдүн жарандарын чакыртып иштеткен кыргызстандык ишкерлерге кандай талаптар коюлат?

– Мен айтат элем, президентибиздин жарлыгы убагында чыкты. Мурда чет өлкөлүк жарандар уруксат кагазды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен алса, визаны ТИМден алышчу. Азыр ошонун баары бириктирилип, бирдиктүү терезеден берилип калды.

Негизи, азыр келип жаткан чет өлкөлүк жарандарга чакырган тарап жоопкерчиликтүү болот. Ошондуктан, чет өлкөлүк жарандарды чакырган учурда ар биринин депозитине 5 миң сом өлчөмүндө каражат салынышы керек. Бул кайтарылгыс сумма. Мисалы, чет өлкөлүк жаран «Альфа» фирмасына иштөөгө чакырык менен келди дейли, кийин текшерүүдө ал «Вета» фирмасынан чыгып калса, анда бул мыйзам бузуу болуп саналат. Мындан улам депортация кылынат, ошондо депозитиндеги сумма керектелет.

Айрым ишкерлер «эгерде бүгүн легалсыз жүргөн чет элдиктерди өзүбүз легалдаштырып, фирмабызга каттап алсак, бирок катталгандан кийин алар башка ишке кетип калышса, биздин жоопкерчилигибиз кандай болот» деген суроолор менен кайрылышууда. Албетте, мында жоопкерчилик аларды легалдаштырган юридикалык жакта болот. Бирок бул боюнча модуль иштелип чыккан, жумушчусу башка ишке кетип калганда, иш берүүчү тарап ошол модулга кирип кеткен жумушчу тууралуу маалымат калтырат. Ал система укук коргоо органдарына жеткиликтүү, маалыматты дароо көрүшөт. Андан ары ошол жумушчуну издеп таап, депортация кылышат. А эгерде башка ишке кетип калган чет өлкөлүк тууралуу жумуш берүүчү тарап эч кандай маалымат калтырбаса, анда жоопкерчилик ошолордо болуп калат.