Терс ролдор менен элдин эсинде калган Садыр Сагынбаев
30 апрель

Терс ролдор менен элдин эсинде калган Садыр Сагынбаев

Кинодо терс каармандардын образын ишенимдүү жараткан актёр Садыр Сагынбаев акыркы жылдары экрандан алыстай баштады. Буга себеп – анын устачылыкка, комуз жасоого жана чыгармачылыктын башка нугуна көбүрөөк көңүл буруп жатканы. Бирок анын экрандагы каармандары дагы деле элдин эсинде. Биз актёр менен анын чыгармачылык жолу жана бүгүнкү жашоосу тууралуу баарлаштык.

– Садыр агай, сизди эл көбүнчө терс каармандар аркылуу тааныйт. Бул экрандагы образдар чыныгы жашооңузга же адамдардын мамилесине кандай таасир берди?

– Бул актёр үчүн кадимки эле көрүнүш. Кээде көрүүчү экрандагы каарман менен чыныгы адамды ажырата албай калат. Терс роль ишенимдүү чыкса, образ да, актёр да элдин эсинде ошол бойдон калып калат. Мен муну жаман нерсе деп эмес, тескерисинче ишимдин ишке ашкандыгы деп түшүнөм.

– Бул чыгармачылык жол кантип башталган? Дайыма актёр болууну кыялдандыңыз беле?

– Жок. Мен Кара-Кулжа районунун Октябрь айылында чоңойдум. Мектепте сүрөт тартып, плакат, афиша жасачумун. Ошондон тартып сүрөтчү болом деген кыялым күчтүү болчу.

– Бирок ал жол түз кеткен эмес да?

– Ооба. Атам мектеп директору болгондуктан Политехникалык институтка жиберген. Бирок мен барбай койдум. Бир жылдан кийин Чүйков атындагы окуу жайга тапшырып, ошондо өз жолум башталды.

– Москвага окууга баруу оңой болгон жок окшойт…

– Эки жыл катары менен өтпөй калдым. Акыры эксперименталдык курс аркылуу кабыл алындым. Ошол кезде “Кыргызмультфильмде” иштеп жүрдүм. Сүймөнкул Чокморов менен тааныштым. Жашаган жерим жок болуп, вокзалда да түнөп жүрдүм. Ал киши мени өзүнүн мастерскойуна жашатып  койгон.  Сүймөнкул Чокморовдун адамгерчилиги менин жүрөгүмдө калды.

– Эң оор мезгил кайсы болду?

– Окууну бүтүп келгенден кийинки учур. “Кыргызфильм” жабылып, жумуш таппай калдык. Ошондо көчөдө сүрөт тартып жан бактым. Бул мен үчүн эң оор сыноо болду.

– Театр дүйнөсүнө кантип аралаштыңыз?

– Бакен Кыдыкеева театрына чакырышты. Ошондон кийин сахнага акырындап кайтып келдим.

– Актёрлук көз карашыңызды өзгөрткөн сөз болгонбу?

– Геннадий Базаров: “Сен өзүң эмессиң, сен – образсың” деген. Ошол сөз менин сахнага болгон мамилемди толугу менен өзгөрттү.

– Терс каармандарды ойноо да жоопкерчиликпи?

– Бул абдан чоң жоопкерчилик. Тагыраагы, терс каармандын ролун аткарып жатканда эл жек көргөн адамды ишенимдүү жаратуу керек. “Салам, Нью-Йорк” тасмасынан кийин мени чыныгы жаман адам деп урушкан учурлар болгон. Кийин кечирим сурашкан. 

– Ролдор чыныгы жашоодо да таасир эткен учурлар болобу?

– Ооба. “Аманат” тасмасындагы ролумдан кийин милиция мени чыныгы кылмышкер деп ойлоп кармап кеткен. Кийин гана таанып, кечирим сурашкан.

– Бул сиз үчүн кандай сезим?

– Бул актёр үчүн эң чоң баа. Эл ишенсе — демек образ жашаган деп түшүнөм.

– Азыр эмне менен алексиз?

– Сүрөтчүлүккө жана устачылыкка кайтып келдим. Комуз, кыл кыяк, жыгач буюмдар жасайм. Бул да чыгармачылык.