Назгуль Турдубекова: Көбүнчө физикалык жактан алсыз балдар-кыздар күчтүү балдарга туруштук бере албагандыктан зордук-зомбулукка кабылышат
11-мартта Бишкектеги Инновациялык борбордо «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» КФ, «Биздин айымдар» коомдук бирикмеси жана Кыргызстандын волонтерлор союзу тарабынан уюштурулган «Коопсуз балалык» форуму болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, прокуратуранын, Акыйкатчы институтунун, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, психологдор, жабыркаган балдардын ата-энелери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Балдардын укугун коргоочулар лигасынын директору Назгүл Турдубекова балдарга жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген борборлорду түзүү, жабыркаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүү жана 111 ишеним телефонун онлайн форматка өткөрүү зарыл деп эсептейт. Караван-Инфого берген маегинде ал Кыргызстандын ар кайсы мектептерин камтыган изилдөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди.
– Мектептеги чөйрөнүн жагымдуулугу боюнча изилдөө жүргүздүңүз. Эмнени аныктоого мүмкүн болду? Заманбап мектептерде зомбулуктун кандай түрлөрү бар?
– Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектептеги атмосфера дайыма эле балдарга жагымдуу боло бербейт. Өлкө боюнча 55 мектепти камтыган изилдөөдө мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө көңүл бурушту. Окуучулар үчүн зордук-зомбулук - бул опузалап талап кылуу, рэкетчилик, ур-токмокко алуу, зордук-зомбулук көрсөтүү, сексуалдык зордуктоо, коркутуу, мазактоо, тыюу салуу жана шылдыңдоо.
– Мектептерде зомбулук канчалык жайылган?
– Ар кандай курактагы балдардын жоопторуна таянып, изилдөө тобу мектептерде зордук-зомбулук жогору деген тыянакка келишти: муну сурамжылоого катышкан мектеп окуучуларынын 30 пайызы көрсөттү. Мектептерде зомбулуктун ар кандай түрлөрү катталат: физикалык, психологиялык жана сексуалдык. Психологиялык зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрү – бул оозеки кордоо, кемсинтүү жана коркутуу. Экинчи орунда рэкетчилик жана акча, ар кандай буюмдарды талап кылуу. Эскертүүлөрдүн саны боюнча үчүнчү орунду “дедовщина” ээлейт – улуу окуучулардын өзүнөн кичүү окуучуларды эксплуатациялоосу. Андан ары физикалык зомбулук: мектеп окуучулары ур-токмокко алынганын айтышат. Сексуалдык зомбулук фактылары да катталат.
– Мугалим тараптан болуучу зомбулук көп кездешеби?
– Окуучулар мугалимдер тарабынан зордук-зомбулук фактылары болгонун айтышат. Мугалимдердин психологиялык зордук-зомбулугу окуучуларды бири-бири менен салыштыруу, шылдыңдоо, сырткы көрүнүшүн кемсинтүү, аларды бурчка тургузуу, демилгесин басуу сыяктуу көрүнүштөр менен түшүндүрүлөт. Кээ бир мугалимдер физикалык зомбулукка барышат: указка менен уруп, желкеге чаап жиберишет, кулактарын чоёт. Окуучулардын аз гана пайызы (жогорку класстын окуучуларынын 0,5%ы жана орто класстын окуучуларынын 0,8%ы) мектептеринде мугалимдердин туура эмес жүрүм-туруму такыр болбогонун белгилешкен.
– Окуучулар зомбулуктун курмандыгы гана болбостон, зомбулуктун күбөсү же демилгечиси да болуп калышат. Бул тууралуу изилдөө эмне дейт?
– Жогорку класстын 188 окуучусу (30%) жана орто класстын 58 окуучусу (23%) зомбулукка күбө болгондугун, зомбулуктун курмандыгы болгондугун же зордук-зомбулукка барганын билдиришкен.
Иликтөө ошондой эле мектеп окуучулары ден соолугуна, материалдык абалына, тилине, динине жана расасына карата басмырлоого кабылганын көрсөткөн. Бул тарбия ишиндеги кемчиликтерди айгинелейт. Мектеп окуучуларынын ортосундагы зордук-зомбулук көбүнчө мектепке жана теңтуштарына карата терс мамиле менен байланыштуу, бул үй-бүлөдөгү же мектептин өзүндөгү зомбулуктун кесепети болушу мүмкүн.
Мектеп окуучуларынан келген 1150 жооптун 190 вариантында гана “башка (баары тынч, зордук-зомбулук жок)” деп белгиленген, бул 16,6 пайызды түзөт. Демек, 83,4 пайызы зомбулуктун бар экенин көрсөткөн.
Мугалимдер да улуулардан балдарга карата жана балдардын ортосунда да зордук-зомбулуктун бар экенин ырасташат. Алар физикалык жана психологиялык зомбулук, рэкетчилик, басмырлоо, “дедовщина” жана балдар эмгегин эксплуатациялоону белгилешет. Педагогдордун 6 пайызы окуучулар тарабынан мугалимдерге басым жасалганын көрсөткөн. Мындан тышкары, мугалимдердин 50%ы жогорку класстын окуучулары кенже класстардын окуучуларынан акча талап кылган учурларга туш болушкан, бирок бул сейрек кездешет.
Ата-энелердин 53,1 пайызы мектептердеги зордук-зомбулуктар тууралуу кабардар экенин билдиришкен. Алар мектеп окуучулары арасындагы экономикалык, физикалык, психологиялык жана сексуалдык зомбулукка басым жасашат.
– Зордук-зомбулук кайсы класстан башталат жана анын демилгечилери кимдер?
– Окуучулардын айтымында, зордук-зомбулук 1-класстан башталып, мектепти аяктаганга чейин уланат. Зордук-зомбулуктун эң көп топтолушу 8-9-класстарда, андан кийин 5-6-класстарда кездешет. Бул класстар балдар үчүн психологиялык жактан оор болгон өткөөл, кризистик курак мезгилине туура келет.
Окуучулардын айтымында, агрессорлор көбүнчө жогорку класстын окуучулары (27,2% жогорку жана 29,5% орто класстагылар) жана начар окуган окуучулар (тиешелүү түрдө 22,6% жана 27,5%) болушат. Физикалык жактан жакшы өнүккөн классташтары да агрессор боло алышат (20,5% жана 21,8%).
– Зордук-зомбулукка ким көбүрөөк кабылат?
– Мектеп окуучуларынын айтымында, көбүнчө физикалык жактан алсыз балдар жана кыздар күчтүү балдарга туруштук бере албайт. Алар өзгөчө жогорку класстын окуучулары менен болгон мамиледе өзүнө ишенимсиздигин көрсөтүп алышат, анысы менен агрессияны жаратышат. Ошондой эле башка жактан жаңы которулуп келген окуучу жаңы чөйрөгө көнө элек, достору жок болгондуктан болуп калышат. Бул эки топ эң көп белгиленген.
Мындан тышкары, окуучулар жакыр жана бай үй-бүлөлөрдөн чыккан, жакшы жана начар кийинген, жакшы окуган жана начар окуган, башка улуттун өкүлдөрү жана толук эмес үй-бүлөлөрдөн чыккан балдарды жабырлануучу катары аташат. Бул социалдык же этникалык тегине карабастан, ар бир окуучу жабырлануучу болуп калышы мүмкүн экенин билдирет. Зордук-зомбулук ар кандай формада болот, бирок балдардын бардык топторун камтыйт.
