Эльдар Абакиров: Салык чогултууларынын көбөйүшүнүн үч себеби
Акыркы жылдары Мамлекеттик салык кызматы салыктык чогултуу боюнча план тапшырмасын ашыгы менен аткарып, рекорд коюуда. Бул кандай факторлор себеп болууда? Ошол эле маалда өлкөдө салыктык ставкалар жогорулатылбаганы жана жаңы салык түрлөрү киргизилбегени маалым. Жогорку Кеңештин депутаты, экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров бул боюнча пикирин Караван Инфог” бөлүштү.
– Салыктык ставкалар мурдагы эле бойдон, бирок салык чогултуулар көбөйүп жатканын кандайча түшүндүрүүгө болот?
– Салык чогултууларынын көбөйгөнүнүн бир нече себеби бар. Биринчиден, өлкө экономикасы өсүп жатат. Улуттук статистикалык комитетинин былтыр 9 пайызга өстү деген расмий маалыматы чыкты. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономикасы эң тез өсүп жаткан мамлекетке айланды. Демек, буга жараша салык чогултуулар да автоматтык түрдө көбөйүшү керек. Мисалы, буга чейин 100 миллиард сом чогулткан болсок, өсүүнүн шарданында ал 109 миллиардга жетүүгө тийиш.
Экинчиден, бул инфляция болушу мүмкүн. Акчанын куну кеткенде, мисалы, кечээ күнкү 50 сомдук күйүүчү май бүгүн 60 сом болот. А КНС 60 сомдон алынат. Улуттук банк инфляция 6,9 пайыз болгонун жарыялады. Бул дагы салык чогултууларынын көбөйүшүнө себеп.
Үчүнчүдөн, көмүскө экономика кыскарган сайын, ачыкка чыккан каражат көбөйөт. Көмүскө экономиканы азайтуу үчүн ККМ, ЭТТК ишке киргизилген. Азыр ЭТТК боюнча өзгөртүү киргизилип, бир гана ири ишкерчиликке калды. Бирок мындай өзгөрүү көмүскө экономиканы ачыктоого тоскоолдук жаратпайт.
Төртүнчүдөн, салык чогултуулары салык ставкаларынын жогорулашынын негизинде көбөйүшү мүмкүн эле. Бирок биздин шартта андай нерсе орун алган жок. КНС баштагыдай эле 12 пайыз боюнча турат, кирешеден алынуучу салык 10 пайыз бойдон калды. Салыктык ченем өскөн жок.
Эми кайсы себептен салык төлөмдөрү канчага көбөйдү, аны отуруп алып анализдеш керек. Азыркы өсүүдө мен атаган үч себептин тең элементтери бар.
– Салык мыйзамдарын ийкемдүү кылууга улам аракеттер жасалып, бул жааттагы мыйзамдар, эрежелер өзгөрүүгө учуроодо. Бул мамлекет менен бизнестин мамилесин жакшырта алабы?
– Салык кызматынын төрагалыгына Алмамбет Насырканович келгенден кийин демилгеленген, бизнеске жаккан кадам – ЭТТКны ири ишкерчиликке гана калтыруу болду. Ал киши кичи жана орто бизнести бул процедурадан бошотуп, аны бир гана ири бизнестен сурайбыз деди. Андан сырткары, зергерлер үчүн сыртан алынып келинген чийки затка КНС албоо боюнча да маселе көтөрүлдү. Бул албетте, мамлекеттин бизнеске болгон колдоосу, а колдоо болгон жерде экинчи тараптын ишеними жаралат. Зергерчилик иштеги чийки заттан КНС албоо бул жааттагы ишкерчиликти өнүктүрөөрү талашсыз. Буйруса, бул реформанын жыйынтыгын бир жылдан кийин көрөбүз. Ошондой эле, мүлк салыгы автоматтык түрдө эсептеле турган болду. Бул дагы жакшы кадам.
– Экономика өсүшүнө кайсы тармактар көбүрөөк салым кошууда?
– Чоң таасир сырткы соодадан болуп жатат. Жаныбызда Кытай деген чоң соода океаны бар. 2023-жылы Кытайдын маалыматы боюнча, бизге 20 миллиард долларга товар кетирген. Ошол эле жылы автоунааны эле 2,7 миллиард долларга ташыдык. Андай цифра тарыхта болгон эмес. 2024-жылы да 2023-жылга салыштырмалуу соода: экспорт жана импорт өскөнү белгилүү болду. Андан сырткары, Россия ж.б. өлкөлөр менен соода катышыбыз кеңейди.
– Кайрадан салык маселесине келсек. Салык тармагына дагы кандай реформалар керек деп ойлойсуз?
– Азыр бизге абдан зарыл чоң реформа – ар бирибиздин аң сезимибизди салык төлөө милдетибиз экенине буруу. Салыктын арты менен биз мамлекет кепилдик берген тейлөөлөрдү алып жатабыз: жолдор курулууда, мугалим, дарыгерлердин айлык акысы, пенсия, пособиелер төлөнүп жатат. Экинчиден, администрлөөнүн үстүндө иштөө керек. Инвестор биздин чөлкөмгө келгенде, кайсы жерге завод курсам мага пайдалуу болот деп ойлойт. Бул бир гана салык ставкасынын көптүгү же аздыгы эмес, ошол процедура канчалык деңгээлде жөнөкөйлөштүрүлгөн – ал дагы каралат. Салык төлөө абдан жөнөкөй жана түшүнүктүү болуу керек, бул өтө маанилүү. Бир гана инвесторлор эмес, өзүбүздүн ишкерлер үчүн дагы.
