Жаш тамаданын апасы Айгерим Караева: Көпчүлүк айткан жылуу пикирлер балама канат байлап бергендей болду
12 январь

Жаш тамаданын апасы Айгерим Караева: Көпчүлүк айткан жылуу пикирлер балама канат байлап бергендей болду

Бир жыл мурда соцтармактарда “Чап, чап, колду чап”, деп тамадалык кылган өспүрүм баланын видеосу “вирустук” болуп, беш миллионго жакын көрүүчү топтогон. Бүгүнкү күндө да бул видеонун актуалдуулугу жоголо элек, маал-маалы менен кайрадан жарыяланып, көрүүчүлөрдүн жылуу тилегин, кабыл алууларын жаратып келет. Биз видеодогу “тамада” Нурлис Анарбековдун апасы Айгерим Караева менен байланыштык. Бири туугандарын ортого бийге тарткан, экинчиси берилип бийлеген эки бала өз облусунда, Манас шаарында таанымал чыгармачыл үй-бүлөдө өсүп жатканын билдик.

– Соцтармактардын колдонуучуларынын оң эмоциясын жараткан видео кандайча тартылып калды эле, ушул боюнча айтып берсеңиз?

– Кайненемдин туулган күнүндө, 2023-жылдын 2-апрелинде тартылган. Балдарым негизи ырга жакын, айрыкча, кичүүлөрүм Нурлис менен Рамис. “Ырдаба”, – десең дагы болбойт, атасы чыгармачылыкка жакын эле, ырдачу, тамадалык кылчу. Негизи “чап, чап, колду чап” деген тамада Арген Эсенбай уулуна тиешелүү эмеспи, балам аны көрүп кызыгып жүрчү. Туулган күнгө барганда музыканын минусовкасы бар экен, эч ким ага микрофонду ал, минтип айт, элди чакыр деп айткан эмес, өзү эле дымагы ойгонуп, берилип кетти. Аны кайним видеого тартып, Инстаграмга киргизип коюптур.

– Колдонуучулардын кызуу колдоосуна алынганы сизге жагымдуу болдубу? Кандай кабыл алдыңыз?

– Мен өзү соцтармактардын активдүү колдонуучусу эмесмин, ага киргенге, караганга чынында убактым деле жок. Балдарым өздөрү көрсөтүштү: “Апа, карасаң, беш миллионго жакын көрүү болуптур”, – дешип. Анан эле тааныштарым жөнөтүп башташты “сенин балдарыңбы?” деген суроо менен. “Балдарыңды тартып, өзүң соцтармактарга чыгарбайсыңбы?” – деп сунуш айткандар да болду.  Ага кызыккан жокмун. Кызым комментарийлерди окутту. “Бул бактылуу үй-бүлө кайсы жакта?”, “Кафеге барып акчаны кафеге таштабай, үй-бүлөлүк ушундай отуруштар эң сонун” ж.б. анан да кичүү балам аябай бийлеген болчу, анын дарегине жазылган жылуу пикирлерден кийин эң сонун таасирде калдым. Кубандым. Анан эле чакыруулар башталды, “балаң келип тоюубузду өткөрүп берсин” дегендер болду. Балдарым үй-бүлөлүк эле отурушта өнөрлөрүн көргөзүшкөн болчу да. “Балам кичинекей, той алып барчу деңгээлде эмес”, – деп жаттым.

– Коңшу өлкөлөрдөн да кызыгуулар жаралганын уктум эле.

– Ооба, Казакстандын “Биринчи канал Евразия” деген телеканалында “Балалык” деген көрсөтүү бар экен, ошол жактан бир кыз чалып калды. “Эки балаңызды бир улуу адам коштоп келсе, үчөөңөрдүн жол киреңерди жана бир күндүк жатаканаңарды төлөп беребиз”, - дешти. Кыштын күнү болчу, жол кандай болот деп ойлодум, анын үстүнө балдар мектептен калышат, буларды менден башка алып бара турган адам болбогондуктан, менин да жумушумдан уруксат суроо кыйын болмок. Айтор, бир барабыз, кайра барбайбыз деп жатып барбай калдык. Өзүбүздүн телеканалдар дагы Бишкекке чакырышты, ал жакка да алып бара албадым.

– А Арген Эсенбай уулу тараптан кандай реакция болду?

– Ал дагы байланышка чыгып, жылуу пикирин, каалоо-тилегин айтты. Балама “жолукканыбызда алтын түстүү костюмумду белек кылам, Бишкекке келгенде байланыш”, – деген экен. Бирок азырынча эч кайда бара элекпиз. 

– Жогоруда атасы чыгармачылыкка жакын адам болчу эле дедиңиз, эмнеге өткөн чак менен?

– Атабыздан айрылганыбызга сегиз жылдай болуп калды. 2018-жылы жол кырсыгына кабылып, мен катуу жараат алып, а Чыңгыз (жолдошу – Чыңгыз Жумабеков – ред.) бизди таштап кете берди. Ал убакта Нурлис 1-класста окуп жаткан. Төрт бала менен 35 жашымда жалгыз калдым. Ыраматылык Чыңгыз экөөбүздү чыгармачылык табыштырган. Мен да комузда ойноп, ырдап жүрчүмүн. Баш кошконубуздан кийин тойлорго чыгып, дуэт аткарып, тамадалык кылып жүрдүк. Жалал-Абад облусунун көп аймактарында болдук.

– Эмнеге өнөрүңөрдү өркүндөтүп, республикалык деңгээлге чыгууга аракет жасабадыңар?

– Чыгармачылык бизге кошумча өнөр, кошумча киреше гана болду. Күндүз экөөбүз тең жумушта – мен мугалим, а ал военкоматта иштейт, а кечинде тойлорго чыкчубуз. Жаңы баш кошкон, балалуу болгон, балдарыбыз кичинекей кезинде чыгармачылык бизге абдан чоң күч берди – материалдык да, моралдык да жактан. Чыңгыз каза болгондон кийин чыгармачылыкты жыйыштыргам. А балдарыма бул канынан өтүптүр, ырдап, бийлешип өнөрлөрү күч. Нурлис учурда 8-класста, музыкалык мектепте 2-класста окуйт. Абдан жоопкерчиликтүү бала. Буга эртең менен “тур, сабакка кечигесиң, мектепке бар, музыкага бар” демей такыр жок. Баарын өзү билип жасайт. Ал турмак үйдөгү иштер – күл алуу, от жагуу, жазында короо-жайды сугаруу ж.б. баары ушунун моюнунда. Мектептеги иш-чаралардын баарына катышат. Атасы Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына ыр жазып ырдап чыккан эле, ошол ырды Айтматовдун 90 жылдыгында балам ырдап, облустук кароо-сынакта биринчи орунду 1-классында окуп жүргөндө алган. Азыр “Апакем” деген ыры бар, анысы менен юбилейлик тойлорго чакырышат. Айтор, балам баягы видеосу тарап, жакшы комментарийлерди окугандан кийин экинчи деми ачылгандай болду, чыгармачылыкка каалоосу күчөдү.

– Чыгармачылык менен кетүүсүнө каршы эмессизби?

– Азыр ошого басым коюп баштадык, “талантың болсо өргө чап” дейт. Атаңдын жолун жолдоп, ушул багытта кете бер деп жатам. Аккордеондо ойнойт, ырдайт. А тамада болуу – бул дагы чоң иш. Тойдун да түйшүгү көп. Мисалы, убагында эл отурганда, биз төрт сааттап тик турчубуз. Тойго келген адамдардын баарына жагыш, көңүлүн алыш кыйын. Ошол түйшүккө чыдап, элдин ыраазычылыгына татый алса, мен болгону кубанам.

– Төрт баланы жалгыз чоңойтуп жатыптырсыз, жалгыз бой энеге канчалык оор?

– Моралдык жактан кыйын болот. Балдардын чоңойуп жатканын, алгачкы ийгиликтерин көрсө болот эле дейсиң. Жолдошум менен он жыл чогуу жашадык, бир да жолу кер-мур айтышкан учурубуз болгон эмес. Көзү өтүп кеткенде эмнеге урушпадык экен деп өкүндүм, көңүл калышат беле, мынчалык оор болбойт беле деген ойду да айласыз ойлогон учурум болду. Көп жыл такыр эле башка бирөөнүн жашоосунда жашап аткандай болгом. Балдарым гана үмүт берип, жашоого тартып келишти. А материалдык жактан болсо... ырыскы үзүлбөйт экен. Улгайган апам менин колумда, “Карысы бардын ырысы бар” дейт. Балдардын да өз ырыскысы бар. Өзүм Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүндө социалдык маселелер боюнча башкы адисмин, андан тышкары дагы кошумча иштерим бар. Кудайга шүгүр, өз оокатыбызга тыңбыз.

– Дагы бир суроо – балдарыңыздын видеосу тарап кеткени көз тиеби деген чочулоону жараткан жокпу?

– Өзүм чыгармачылыкка аралашып, сахнага чыгып жүргөндүктөн андай нерселерге маани бербейм. Мага “абайлачы, назар өтүп кетпесин” деп айтышкандар болду. Бирок мен жылуу пикирлерин айтып жаткан көпчүлүктүн батасы тиет деп ойлойм.