Дарика Ибраимова Кыргызстандагы ивент-индустриясынын тренддери жөнүндө
Кыргызстандыктар той-аштарды жакшы көрүшөт, андыктан биздеги башкы ивент – той. Өлкөбүздө ивент-индустрия канчалык өнүккөнүн, бул тармакта жыл сайын кандай тренддер пайда болуп жатканын жана элибиз салтанаттуу иш чараларды өткөрүүгө канча акча коротушаарын Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Darikа event ивент-компаниясынын негиздөөчүсү Дарика Ибраимова “Караван-Инфого” айтып берди.
– Дарика, айтсаңыз, Кыргызстанда ивент-индустрия канчалык өнүккөн?
– 2006-жылы биз компанияны ачканда, башкача айтканда ЖЧКны юридикалык жактан каттоодон өткөргөндө индустрия турмак, ивент-менеджмент деген сөз жок болчу. Шоу-бизнес кайсы бир деңгээлде иштеп жаткан, бирок башаламан жана уюшулбаган түрдө. 5-10 жылдан кийин гана ивент-менеджмент деген түшүнүк пайда болду. Ал эми беш жыл мурда ивент-индустрия түшүнүгүнө ээ болдук. Бүгүнкү күндө ивент-индустрия бизде жакшы ыргакта өнүгүүдө, бирок өтө күчтүү эмес.
– Биздин өлкөдө башкы ивент – бул той эмеспи. Акыркы жылдардагы тойлорду уюштурууда эмнелер өзгөрүүдө?
– Ивент-менеджмент Кыргызстанда чындыгында илгертен эле бар десек туура болот, анткени бул биздин маданиятыбыздын бир бөлүгү. Тойлор жашообуздун – социалдык, маданий, коомдук чоң бөлүгүнө айланды. Ошону менен ивент суроо-талапка ээ, зарыл нерсе, учурда ал маркетингде абдан жакшы колдонулуп жатат. Ивент-менеджмент той тармагында албетте, жакшы өнүгүүдө. Башка өлкөлөргө, башка рынокторго салыштырсак, бизде абдан жакшы деңгээлде. Бул бизде тойлор абдан көп болооруна байланыштуу, мындан улам суроо-талап да көп.
Тойлорду уюштуруунун технологиясы өзгөрүп жатат, биз кайсы бир фишкаларды көбүрөөк колдонуудабыз. Бизде продакшн абдан жакшы өнүккөн. Ошондой эле өзүнчө жаштардын тойлору популярдуу болуп жатат, мурда жаштар да, улуу муундагылар да бирдей катышкан тойлор популярдуу болчу.
– Жаштар демекчи, алар үйлөнүү тойлорду салтка ылайык өткөрүүнү каалашабы же өзгөчө форматтар да барбы?
– Айтып кеткенимдей, учурдагы жаштар барган сайын өзүнчө бөлүнгөн тойлорду көп өткөрө башташты. Мен муну туура деп эсептейм, анткени муундардын кагылышуусу болбойт. Мындай салнататтарда сынактар да башкача, меню да бир топ жеңил, эт тартылбайт. Өзгөчө форматтарга келсек, тойду Ысык-Көлдүн жээгинде, тоодо өткөрүшөт. Азыр чакан резиденция, дачаны ижарага алуу популярдуу болууда. Ооба, негизинен, күтүлбөгөн жерлер деле той аянтчасына айланып кетип жатат, жаштар эксперимент жасагандан коркушпайт, бул жакшы нерсе.
– Кыргызстандыктар дагы кандай майрамдарга басым жасашат? Кандай форматтарды тандашат?
– Бизде үйлөнүү үлпөт, юбилей, тушоо-той жана азыр жаңы пайда боло баштаган кыз узатуу сөзсүз өткөрүлчү тойлорго кирет. Кыз узатуу мурда үй форматында эле өткөрүлчү, а азыр бул да тойдун өзүнчө түрүнө айланды.
– Сиз уюштурган тойлордун арасынан эң өзгөчөсү кайсы болду?
– Биздин компания азыр массалык масштабдуу жана иштиктүү салтанаттарды уюштурууга адистешип жатат. Негизи ивент-менеджмент үй-бүлөлүк, ошондой эле корпоративдик салтанаттардан турат. Той тармагын кошпой айта турган болсом, биз уюштурган эң өзгөчө майрам – бул Чоң-Алайдагы базалык лагерде, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте Ленин чокусунун астында өткөргөн фестиваль. Аны эң бир экстремалдуу иш чара деп атасак да болот, анткени фестиваль анча-мынча адам чыга албаган чоң бийиктикте өттү.
– Биздин эл тойлорго канча акча коротушат?
– Суммасын айтуу кыйын. Мисалы, кафелер киши башына 2 миңден 4 миң сомго чейин алышат, ага кошумча шоу-программа, бул миң доллардан 100 миң долларга чейин айланышы мүмкүн. Ошондуктан бюджетти мында так айтууга болбойт. Эсептеп көрүңүз: эң көп чыгым ресторанга кетет, анан шоу-программа. Орточо эсеп менен тойго 200 адам чакырылса – бюджет мына ушул.
– Негизи ивент-индустрияда канча акча айланат?
– Ивент-индустрияга хорека да, шоу-бизнес да, декоратор жана продакшн байланышкан. Булардын баары ивент-индустрияга байланышта экенин эске алсак, демек, мында абдан чоң акча айланат. Чындыгында ивент-индустрия – бул ири каражат тармагы, анткени буга адамдар акчасын аябайт. Айрым маалыматтарга караганда, ивент-индустрияга 20 миңге жакын адам тартылган. Бирок чоң сумманы кыска убакытта таап коюуга мүмкүн болгону менен бул тармактын бир минусу бар – ал мезгилдүүлүк. Ошону менен жалпы сумманы 12 айга бөлгөндө, орточо эмгек акы эле чыгып калат.
– Майрамдарга креативди кантип кошсо болот?
– Эң башкысы, биз салтанат ким үчүн, кимге арналып өткөрүлөөрүн түшүнүшүбүз керек. Эгер ал юбилей болсо, анда юбиляр үчүн, эгерде үйлөнүү үлпөт болсо, анда жаштар үчүн. Ошондуктан креатив той ким үчүн уюштурулуп жатканына жараша болот. Салтанат ээсине эмне жагаарын, эмнеге кызыгаарын билүү зарыл, анан ага ылайык креатив кошулат. Ал өзүнөн өзү кошула албайт, анткени той ээлерине жакпай калышы мүмкүн. Мисалы, эгерде адал үйлөнүү үлпөттө стрипдэнс көрсөтсөң, бул креативдүү болбой калат. Креатив жалпы аудиторияны маркетингдик изилдөөдөн өткөрүп, анын каалоосун, кызыгуусун тактап алгандан кийин гана аныкталат. Бул анык маркетинг. Ошондой эле абдан көп тренддер бар. Бирок тренд трендге туура келет, ошондуктан дайыма аны туура колдонуу маанилүү. Бул жерде, тактап айтканда бюджетте да рационалдуулук болушу керек. Ошондой эле белгилүү бир аянтта чыгармачыл идеяны колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Ошондуктан бул жаатта бардыгы так эсептелүүгө тийиш.
