Рысгүл Акимжанова: Контрабанда менен алектенгендерди мен мамлекеттин чыккынчысы катары көрөм
Рысгүл Акимжанова жакында айымдардын ичинен эң биринчилерден болуп, КР Эмгек сиңирген ишкер наамын алды. Ал түптөгөн жана жетектеген “Бай Элим Компани” ЖЧКсы бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң чоң экспортер. Рысгүл Акимжанова ишкерчиликтин оош-кыйышы, ишкерлердин башкы маселеси – салык мыйзамдары тууралуу Караван-Инфого айтып берди.
- Салык мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр ишкерлер чөйрөсүнө кандай жеңилдиктерди берди?
- 23 жылдан ак ниет салык төлөөчү болуп келатам. Мен салыктын бардык түрлөрүнүн салынышын жана анын төлөнүшүн колдойм. Акыркы жылдары салык мыйзамына жаңылыктар кирип, реформалар жүрүп жатканын кубаттайм. Бирок ошол эле учурда айрымдардын нааразычылыгы бардыгы белгилүү. Мен муну салык төлөөчүлөрдүн арасында маалыматтардын жеткиликсиз болуп, түшүндүрүү иштери жакшы колго алынбай жатканы деп билем. Өзгөрүүлөр болгон сайын эрежелер да жаңыланат эмеспи. Мына, ошолорду өз убагында салык төлөөчүлөргө жеткирип, кеңири түшүндүрүп турушса мындай кайчы пикирлер жаралбайт эле. Ишкерлердин баары эле салыктан качпайт, аларга түшүнүктүү болушу гана шарт.
- Салык саясатын мындан да ийкемдүү кылуу үчүн ишкер катары кандай сунуштарды берет элеңиз?
- Биздин бизнес 2002-жылы башталган. 23 жылдан бери салык мыйзамдары абдан көп өзгөрүлдү. Акыркы эки жылдан бери салык боюнча абдан активдүү реформалар жүрүүдө. Биздин бухгалтерлер ошол өзгөрүүлөрдүн артынан жетишпей келатышат. Алдын ала бухгалтерлерди даярдап, жаңы эрежелерге көнүктүрүү иштери колго алынса жакшы болот эле деп ойлойм. Ошондой эле салык төлөөчүлөргө кандайдыр бир кайтарып берүү процесстери каралса жакшы болмок. Мисалы биз экспортер катары абдан чоң көлөмдө продукцияларды экспортко чыгарабыз. Ошол эле убакта сырттан продукция алып келип, импортер дагы болобуз. Товарларды алып келүүдө кайсы өлкөдөн алып келсек ошол өлкөнүн Салык кызматы бизден отчет алат, ал өздөрүнүн ишкерлерине салыкты кыскаруу процесси үчүн керек экен. Бизде да ушундай нерселер жолго коюлса, ишкерлер үчүн абдан чоң мотивация болуп бермек.
Пакистанга барганымда ал жакта ар бир киши бир чек үчүн да жанын үрөп, чек десе жанталашкандарын көрүп таң калгам. Кийин сурасам, көрсө аларда чек саясаты абдан өнүгүптүр. Чектин негизинде кайтарымдар көп экен. Салык төлөмдөрү кымбат жана көп экен, бирок чекти көрсөтсөң кайры бир процесстер боюнча ошол төлөгөн салыгыңдын кайсы бир бөлүгү өзүңө кайтып келет. Менин байкоомо караганда, бухгалтердик процесстер боюнча Пакистан дүйнөнү тейлейт. Мына, ушундай нерселерди көчүрүп келсек деп ойлойм.
- Жаңы салык мыйзамдары боюнча өндүрүштүк ишкерчилик баштагандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралган, бул кыргыз өндүрүшүн өнүктүрүүгө жардам берет деп ойлойсузбу?
- Салыктан бошотуу албетте, жакшы. Бул өндүрүшчү болом дегендерге стимул болоору талашсыз. Салыктан бошоткон же жеңилдетилген процесстер негизинен өндүрүшкө абдан жакшы таасирин берет. Бирок ишкерчиликти толук кандуу өнүктүрүү үчүн башка дагы жеңилдетилген насыя, лизинг, грант сыяктуу жардамдар ашыкчалык кылбайт. Мамлекет тараптан түрдүү колдоолор керек. Анан дагы айта кетчү нерсе – бизде өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркында атаандаштык болбой жатат. Импорт продукцияларынын алдында атаандаштык жөндөмү жок болуп жатат.
- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) ири салык төлөөчүлөр үчүн гана калтыруу процесси башталды. Деги эле ЭТТК боюнча оюңуз кандай?
- Албетте, мунун жакшы жактары бар. Бирок жакшы сиңип, үйрөнүп кеткиче бизнес чөйрөсүнө ыңгайсыздыктар жаралып жатканын жашырбайм. Көбүнчө соодада жүргөн адамдар кагаз менен алектенгенге убактысы жок. Мындан улам кагаз иштерин алып кетчү бухгалтерлердин кызматына муктаж болушат. Азыркы киргизилип жаткан жаңычылдыктар бизде өз ишин так билген, электрондук иштерди алып кете ала турган бухгалтерлердин тартыштыгы абдан чоң экенин тастыктап койгонсуду. Ушул маселеге да көңүл бурушубуз керек.
Санариптештирүүгө өтүү менен салык төлөөчүлөрдүн түйшүгүн азайтуу аракеттери туура. Тиркеме, платформалар жакшы иштеп, документацияны тез иштеп чыгып турса эле, калганынын баары жөндүү.
- Кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн кандай көйгөйлөрү бар?
- Мен кайсы жакка барбайын, кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн эң чоң көйгөйү – контрабанда деп айтам. Аны көз жаздымга калтырып болбойт. Контрабанданы токтото алсак, мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп, чынжырчасын чечүүнүн жолдорун издеп, анын негизинде чоң долбоорлорду кабыл алсак, атамекендик өндүрүшчүлөргө эң чоң колдоо болмок. Контрабанда менен алектенгендерди мен мамлекеттин чыккынчысы катары көрөм. Ал ошол кылыгы менен мамлекеттин экономикасына, элдин ден соолугуна зыянын тийгизип жатат. Ички рыноктун коргоосу деген бар, ошону талкалап, бузуп өтүп жатат. Ушул жерден айта кетчү нерсе – ички рыноктун коргоону калыптандырышыбыз керек. Рынок демократиялуу, эркин, атаандаштыкка жөндөмдүү болушу зары. Ал дайыма өзүн өзү көзөмөлдөйт, бирок контрабанда сыяктуу бузуп кирүүчүлөрдөн коргоого муктаж.
- Экспорт менен алектенген ишкерлерге мамлекет тарабынан кандай жардамдар керек?
- Чынын айтсам, башка өлкөлөрдүн экспорттоочу ишкерлерге жасалган мамилени көрүп аябай ичим күйөт. Алар мамлекет тарабынан абдан жакшы жардам алышат, эң болбоду деген субсидия алышат же салыктан бошотулган же ошол тармакка бөлүнгөн каражат, лизинг аркылуу өзүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк табышат. Бирок акыркы жылдары бизде да айыл чарба жаатында көптөгөн программалар түзүлүүдө, акыркысы – кластер боюнча жеңилдетилген кредиттер, айыл чарба техникаларына бөлүнгөн лизингдер, тамчылатып суугаруу боюнча лизингдер. Мунун баарын туура колдоно алсак, жакшы жыйынтыкка жетебиз. Тармактык программаларды иштеп чыгып, каржылоону жеткиликтүү кылуу, илим, билим тармагын өнүктүрүү, ишкерлерге ар тараптан жардам берип, эл аралык стандарттарды өлкөгө алып келүү, башка өлкөлөр менен рыноктук мамилелерди түзүү, башка рынокторго кирүүгө жеңилдик алуу сыяктуу жардамдар бүгүнкү күндө экспорттоочуларга абдан керек.
