Султан Стамбеков: Онкологияга кабылган балдардын жашап кетиши – мамлекеттик медицинанын күзгүсү
Онкологиялык дартка кабылган балдардын жашап кетиши – мамлекеттик медицинанын жана башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугун күзгү сыяктуу түз чагылдырып турат. Диагноз канчалык өз убагында коюлду, заманбап диагностика канчалык жеткиликтүү жана дарылоо канчалык деңгээлде камсыздалды – так ушулар аркылуу саламаттыкты сактоо системасындагы реалдуу приоритеттер тууралуу айтууга болот.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков маегинде тармактын курч маселелери, заманбап медицина бүгүнкү күндө кандай мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө жана балдар онкологиясы ар кандай кырдаалдан жана кайрымдуулук иштеринен көз каранды болбошу үчүн кандай системалык чечимдер зарыл экенин айтып берди.
– Бүгүнкү күндө балдар онкологиясындагы эң бир курч маселе эмне?
– Балдар онкологиясы медицинанын эң бир татаал тармагы бойдон калууда. Лабораториялык диагностикасыз заманбап дарылоо мүмкүн эмес. Бизге молекулярдык диагностика, иммуногистохимия, FISH-лаборатория жана албетте, даярдыктан өткөн адистер керек. Балдар шишиги чоңдордукунан айырмаланып, микроскоп менен караганда көбүнчө окшош көрүнөт, ошондуктан заманбап ыкмаларсыз анын түрүн аныктоо жана оптималдуу дарылоо тандоо мүмкүн эмес.
Дүйнө жүзүндө бул үчүн иммуногистохимия колдонулат. Бирок мындай жабдыктын толук комплексин биздин бөлүмгө орнотуу экономикалык жактан максатка ылайыктуу болбойт. Ошондуктан Улуттук онкология борборундагы иммуногистохимия өнүксө, ошол жакка кайрылып турмакпыз. Нур терапиясы боюнча да ушундай эле абал.
– Бул багыттар мамлекеттик программаларда жана стратегияларда каралганбы?
– Ооба, стратегияда жазылган. Иммуногистохимияны да, нур терапиясын да жакшыртуу пландалууда. Сиздер деле билсеңиздер керек, нур терапиясы үчүн аппаратты Индиядан алдыруу боюнча келишимге жакында кол коюлду. Бул бейтаптарды бардык зарыл ыкмалар менен дарылоого мүмкүнчүлүк берчү жакшы перспектива.
Биз шишиктердин мутациясын аныктоого жардам берчү FISH-лабораториясын түзүү боюнча долбоор даярдадык.
– Бул эмне берет?
– Бул стандарттуу химия терапияга карата сезимталсыздыкты алдын ала аныктоо жана дарылоону дароо эле жогорку тобокелчилик протоколу боюнча баштоо мүмкүнчүлүгүн берет. Долбоор макулдашуудан өттү, эми Кудай буйруса, бир жыл ичинде жеке FISH-лабораториябыз болушун күтүп жатабыз. Бул көптөгөн балдардын өмүрүн сактап калууга ташталган олуттуу кадам.
– Демек, бейтаптардын жашап кетишинде лабораториялык диагностика маанилүү роль ойнойбу?
– Ооба, белгилей кетчү нерсе, бул батыш медицинасынын негизги күчү күчтүү лабораториялык жабдыктарда жатат. Ал жакта шишикте дарылоого баш бербеген мутациянын бары-жогу алдын ала аныкталат. Дарыгер бейтапка бир топ интенсивдүү дарылоо зарыл экенин дароо түшүнөт. А бизде диагноз көбүнчө гистологиянын негизинде коюлат. Шишикти көрөбүз, түрүн билебиз, анан стандарттык схемада дарылайбыз. Бирок бардык протоколдордо шишиктин такыр башка мамилени талап кылган өзгөчө түрү бардыгы жазылган. Молекулярдык диагностикасыз биз бул өзгөчөлүктү көрө албайбыз.
– Мындай ыкмаларды киргизүүгө эмне талап кылынат, кандайдыр бир жабдык же кадр керекпи?
– Биринчи кезекте жабдык, бирок ар бир долбоордо биз сөзсүз түрдө окутуу жүргүзөбүз. Лаборанттарыбыз даярдыктан өтүүгө жана бул ыкмалар менен иштөөнү билүүгө тийиш.
Азыр ата-энелер айрым учурда анализдерди чет өлкөгө жөнөтүүгө аргасыз. Андай жыйынтыктар бизге тобокелдик тобун аныктоодо жана дарылоо протоколун тандоодо керек болот. Балдар онкологиясы медицинанын өзгөчө тармагы, аны түшүнөбүз жана тармакты өнүктүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.
– Балдар онкологиясы эмнеден жаралат жана эмнеге анын алдын алуу мүмкүн эмес?
– Балдар онкологиясын алдын алууга болбойт. Скринингдик программа мында иштебейт. Көпчүлүк учурда бул өзүнөн өзү пайда болгон генетикалык мутация – алдын ала аныктоого мүмкүн болбогон “сбой” деп койсок болот. Ошондуктан негизги басымды алгачкы белгилерге жана биринчи баскычты, башкача айтканда педиатрларды күчөтүүгө жасоо зарыл. Поликлиникаларда балдар онкологдору жок болгондуктан, маанилүү роль педиатрларда, алардын билим деңгээлин жогорулатуу кажет.
– Акыркы жылдары балдар онкологиясын каржылоо көбөйтүлдү, бирок дагы деле соцтармактарда акча чогултуулар болууда.
– Ооба, каржылоо көбөйтүлдү. Учурда жылына 200 миллион сом бөлүнөт. А соцтармактардагы акча чогултуулардын улантылып жатканы, бул негизинен экинчи линиядагы дарылануу ала турган бейтаптарга тиешелүү. Мурда бул этапка чейин балдар жашашкан эмес. А азыр аларда ремиссия пайда болууда, тилекке каршы рецидивдер да жок эмес. Рецидивдерди дарылоо – бул жогорку технологиялуу медицина, ошондуктан үй-бүлөлөргө акча таап, чет өлкөлөргө кайрылууга туура келет.
– Бүгүнкү күндө балдар онкологиясына кандай бюджет зарыл?
– Жылына 400 миллион сом болсо жакшы болмок. Мисалы, нейробластома менен ооруган бир бейтапты чет өлкөдө дарылоо болжол менен 300 миң долларды түзөт. Кыргызстанда жыл сайын 10 бала ушундай ооруга чалдыгат. Дарынын бир флакону 50 миң доллардын тегерегинде, бир бейтапка бир курс үчүн 2 флакон керектелет, жалпысынан 6 курс өткөрүш керек болот. Бул өтө чоң сумма.
Ошондуктан биз үчүн ДСУнун (ВОЗ) жана Ыйык Иуда клиникасынын (St. Jude) глобалдык платформасына кирүү өтө маанилүү. Бул долбоор алкагында өлкөлөргө алгачкы дарылоо үчүн дары-дармектер берилет. Биздин үч жылдан бери арыз берип келатабыз, дагы да бере беребиз. Эгерде утуп алсак, баштапкы дарылоо үчүн дары-дармектер берилет, ошондо иштетилбей калган каражаттарды жогорку технологиялык медицинага багыттайбыз. Бул чоң ийгилик болмок.
– Биздин протоколдор дүйнөлүк стандартка канчалык туура келет?
– Биз протоколдор боюнча иштейбиз жана аларды өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө ылайыкташтырабыз, көптөгөн өлкөлөр ушундай кылышат. Дүйнөлүк стандарттарды толугу менен аткаруу кыйын, айрыкча жогорку технологиялуу медицина жана кымбат баалуу дары-дармектер талап кылынган жерлерде. Бирок мурда эмне болгонун жана азыр эмне болуп жатканын салыштырсак, прогресс айдан ачык: эгерде мурда аман калуу көрсөткүчү болжол менен 20% болсо, бүгүнкү күндө ал 50%дан ашат, ал эми болжолдоолор боюнча — 60%. Ушул болжолдун ишке ашышын абдан каалайбыз.
– Кайсы инновациялык технологияларды киргизүүнү артыкчылыктуу деп эсептейсиз?
– Роботтоштурулган хирургия, молекулярдык диагностика, таргеттик терапия жана башка көптөгөн нерселер. Балдар онкологиясы – бул жогорку технологиялуу медицина. Азыр биз балдарыбызды өзүбүзгө жеткиликтүү болгон бардык ыкмалар менен дарылап жатабыз.
– Ата-энелер балдарын ар кандай себептер менен дарылоодон баш тарткан учурлар болобу? Сиздин практикаңызда мындай учур көп эле кездешеби?
– Тилекке каршы, мындайлар болот. Көбүнчө туугандарынын же тааныштарынын азгырыгы менен баш тартышат. Адамдар “табып” деп аталгандарга кайрылышат. А алар көп акча алышат, бирок эч кандай жоопкерчилик алышпайт. Кайсы бир элдик дарыгерге реалдуу айып тагылганын бир да жолу көргөн эмесмин. Бардык айып аягында келип дарыгерлерге тагылат.
Диний ишенимден улам баш тартуулар да болот, мисалы, кан куюуга тыюу салуу, а ансыз дарылоо мүмкүн эмес. Качан гана бала оор абалга жеткенде же көз жумганда ата-энелер бизге кайтып келишет. Бирок убакыт текке кетти. Бул трагедиялык кырдаал, анткени баланы дарылоосуз сактап калуу мүмкүн эмес.
– Практикаңызда өзүнөн өзү эле, мындайча айтканда кереметтүү айыгуу болду беле?
– Кереметтүү айыгууну мен көргөн жокмун. Өз алдынча тарап кетиши мүмкүн болгон жалгыз шишик бар – бул бир жашка чейинки балдардагы нейробластома. 70% учурда ал өзү эле жок болуп кетиши ыктымал. Эмнеге мындай болот – эч ким билбейт. Ушундай көрүнүштөргө чындап эле кез келебиз.
А калган “кереметтердин” баары – же диагностиканын катасы же толук кандуу медициналык дарылоонун жыйынтыгы. Ага кийин альтернативалык ыкмаларды таңуулап коюшат. Мисалы, чоңдордун онкологиясында ушундай көрүнүштөр болот: киши операциядан жана дарылоо курсунан өттү, андан соң кара зире майын ичти, ошону менен медициналык терапия эмес, кара зиренин майы айыктырды деп ишенип алат. Же дагы бир мисал – аял эмчек рагынан дарыланды, дарылануунун толук курсунан өттү, андан кийин Америкага барып аявасканы колдонуп көрдү дагы, “мени ушул айыктырды” деп айтып баштайт. Болбосо аны аяваска эмес, операция, химиятерапия жасаган хирург айыктырды.
Адамдар себептер менен кесепеттерди көп чаташтырышат. Эгерде шишик гистологиялык жактан тастыкталса, бейтап сөзсүз түрдө дарыланышы керек, антпесе жыйынтыгы кайгылуу аяктайт.
– Кыргызстанда балдар арасында кайсы онкологиялык дарт көп кездешет?
– Биринчи орунда – курч лимфобласттык лейкоз турат – 40%дын тегереги. Андан кийинки орунда баш мээнин шишиги – 15-20%, анан лимфомалар – 10-12%. Калган онкологиялык дарттар болжол менен 9 пайызды түзөт. Дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык өлкөлөрдө ушундай көрүнүш.
– Балдар онкологиясында кадрлар кандай? Дарыгерлер жетиштүүбү жана негизги көйгөй штаттык санындабы же эмгек акынын деңгээлиндеби?
– Штатты кеңейтсек абдан жакшы болмок, бул көбүрөөк адистерди тартууга жана иштеп жаткан дарыгерлердин жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет. Штаттык бирдиктердин санында да, эмгек акынын деңгээлинде да көйгөй бар. Бирок азыркы учурда медициналык адистер тарабынан балдар онкологиясына кызыгуу өсүүдө. Эмгек акы салыштырмалуу аз бойдон калууда, бирок акыркы жылдардагы динамика боюнча, бир топ эле өстү жана өсүп жатат.
Бирок биздин ишибизде жоопкерчилик абдан чоң экенин эске алуу керек, анын үстүнө ата-энелер менен иштөө абдан оор, алар баарын өтө курч кабыл алышат жана көп учурда дарыгерлерди күнөөлөшөт. Бирок азыркы медицинаны мурунку менен салыштырсак, асман менен жердей айырма бар.
– Маегибиздин соңунда ушундай диагноздорго кез келген ата-энелерге кандай кайрылуу жолдойт элеңиз?
– Биринчи кезекте, ата-энелерге сабырдуулук жана кайрат каалайм. Бул жол абдан татаал. Кабыл албоо жана четке кагуу фазасынан жашап өтүп, дарыгерлер менен биргеликте, жакындарынын колдоосунун астында бул күрөштөн жеңүүчү болуп чыгуу керек. Биргелешкен күрөш гана бул амалдуу дартты жеңүүгө мүмкүнчүлүк берет.
