Нарында уруксат кагазы жок аңчылык курал колдонуп жүргөн жаран кармалды
10 июль

Нарында уруксат кагазы жок аңчылык курал колдонуп жүргөн жаран кармалды

Ак-Талаа районунун Жылаңач жайлоосунан эч кандай уруксат кагазы жок сайсыз 20 калибрдеги аңчылык куралды колдонуп жүргөн Ак Талаа районун Конорчок айылынын тургуну М.А.К. аттуу жараан кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты.

Алынган курал Ак Талаа РИИБне иликтөөгө өткөрүлүп берилди.

Рейддик иш чаралар Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Ошондой эле Арпа суусунан эч кандай уруксаты жок балык уулоонун эрежелерин аткарбаган 3 жаран аныкталып Укук бузуулар кодексине ылайык ар бирине 1000 сомдон 3000 с айып салынды.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды жаратылышты коргоого жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырып, рейддик иш чаралар мындан ары да улана тургандыгын билдирет.