Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды
10 июль

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды

Үй-бүлөлүк зомбулук жана бөтөн мүлктү ээлеп алуу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү М.С. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүү мурдагы жубайына карата бир нече жолу үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп, денесине жаракат келтирген, ошондой эле акча каражатын мыйзамсыз алып кеткен деп шектелүүдө.

Ошондой эле, М.С. буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгондугу аныкталган.

Учурда шектүү тергөө абагында кармалып, кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылууда.