«Түндүк» жана мамлекеттик кызматтар порталы 13 саатка өчүрүлөт
www
10 июль

«Түндүк» жана мамлекеттик кызматтар порталы 13 саатка өчүрүлөт

«Түндүк» тиркемеси, Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана БИС аркылуу авторизацияланган башка сервистер убактылуу жеткиликсиз болот. Бул тууралуу «Түндүк» ишканасынан кабарлашты.

Чектөө 10-июль саат 21:00дөн, 11-июль саат 10:00гө чейин болот.

Компаниядан санариптик кызматтардын убактылуу жеткиликсиз болушу Бирдиктүү идентификациялоо системасындагы пландаштырылган техникалык тейлөө иштерине байланыштуу экенин түшүндүрдү.