Кандай жай өнүгүүчү кооптуу жагдайлар кыргызстандыктардын ден соолугуна коркунуч жаратат
- Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин биз жай өнүгүүчү коркунуч деп атайбыз, - дейт Жерди прикладдык изилдөө Борбордук-Азия институтунун “Геодинамика жана Георсиков” бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, жай өнүгүүчү коркунучтар боюнча улуттук эксперт Улан Абдыбачаев. – Учурда биз жай өнүгүүчү коркунучтардын таасиринин масштабын жарым-жартылай гана сезип жатабыз, бирок анын кесепеттери келечекте, балким 10-20 жылдан кийин билинет.
Климаттын өзгөрүшүнүн айлана-чөйрөгө жана бүтүндөй коомго таасирин тийгизүүчү потенциалдуу терс кесепеттери чөлгө айлануу, жердин деградациясы, суунун азайышы, мөңгүлөрдүн эриши ж.б. сыяктуу жаратылыш кубулуштарын камтыйт. Биринчи көрсөткүчтөрүнүн бири болуп мөңгүлөр саналат, алардын аянты кичирейип баратат. Мөңгүлөрдүн азайышы Амударья, Сырдарья дарыяларынын суусун пайдаланган элди барган сайын суу таңкыстыгына учуратат, бул келечекте чыр-чатактарды, нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн.
Кыргызстандын аймагы кургак зонада жайгашкан, жаан-чачын аз, а абанын табы жогору болот. Ошондуктан биз дагы учурда суу таңкыстыгы маселесине кабылуудабыз.
Бүгүнкү күндө ПРООНдун колдоосу менен иштелип жаткан улуттук адаптациялык планда каралган климаттык коркунучтар экзоген тектүү. Эгер эндогендик тобокелдиктер масштабдуу болсо, экзогендик коркучтарды биз дайым эле өз убагында алдын ала байкап, калкты өз убагында кабардар кыла албайбыз. Ошондой эле анын таасиринин масштабына объективдүү баа бере албайбыз.
Адаптациянын улуттук планы өлкө үчүн маанилүү документ болуп саналат, ал мамлекет тарабынан климаттын белгилүү бир тобокелдигине каршы аракеттенүүнүн негизги приоритеттерин иштеп чыгууну жана аныктоону камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле мамлекетти жана кыргызстандыктарды жаңы климаттык шарттарга ыңгайлаштыруу жана коркунучтарды азайтуу боюнча кыска жана орто мөөнөттүү иш-аракеттер пландарын даярдайт.
- Улуттук адаптациялык планды иштеп чыгууда төрт негизги тармакка басым жасалган – өзгөчө кырдаалдар, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүк. Биз агрардык өлкө болгондуктан, климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарба үчүн кандай жай өнүгүүчү коркунучтары бар, ушул тууралуу айтып берсеңиз?
- Чындыгында биздин экономика жана азык-түлүк коопсуздугу жер иштетүү жана мал чарбачылыгы менен байланышта. Маселе Кыргызстандын агрардык тармагы аз өлчөмдөгү товар өндүрөөрүндө болуп турат, башкача айтканда биз азырынча азык-түлүк продукцияларын чектелген көлөмдө гана өндүрүп жатабыз. Мындай абалда климаттын өзгөрүшү калкка көбүрөөк терс таасирин сездирет, жалпы кырдаалды курчутат.
Климаттык сценарий аба табынын жогорулашына, ага ылайык мөңгүлөр тез ээрип, сугатка керектелүүчү суу запасынын азайышына алып келет. Ошондуктан бүгүнтөн баштап суу аз сарптап, бирок мол түшүм берүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүп жана көбөйтө башташыбыз керек.
Айыл чарба тармагынын эксперттери Кыргызстанда сууну аз ичүүчү 10 дан эгин түзүлгөнүн жана аларды пайдаланууга расмий уруксат берилгенин айтышууда. Бирок азырынча ага дыйкандар кызыга элек. Эксперттердин айтымында, жаңы дан эгин үрөндөрү менен камсыз кылуу 5-6 жылды талап кылат, а мынча убакыт дыйкандарда жок. Ошондуктан алар кааласа-каалабаса дагы суу көп ичүүчү импорттук үрөндөрдү сатып алышат. Бул биринчи кезекте сууну көп керектөөгө алып келет. Суу таңкыстыгы жаралган учурда түшүм азаят.
- Өзгөчө кырдаалдар тармагынын алдында кандай тобокелдиктер турат?
- Улуттук адаптациялык планды иштеп чыгуу алкагында климаттын өзгөрүшүндө эң аялуу үч облуска баа берүү жүргүзүлдү – Ош, Баткен жана Жалал-Абад. Алар үчүн да, ошол эле учурда башка райондор үчүн да чоң тобокелчилик сел жана суу ташкындары болуп саналат. Анткени Кыргызстан өтө татаал, кескин бөлүнүп кетүүчү жер кыртышына ээ. Жайылмада же сайда топтолуп калган катуу заттар акырындык менен кийинки суу агымын тосуп баштайт. Жыйынтыгында суунун агымы нугунан чыгып кетет.
Тобокелчилик калк дарыялардын боюнда жашаганына байланышкан - Бишкек эки: Аламүдүн жана Ала-Арча дарыясынын ортосунда, Кара-Балта ошондой аталыштагы дарыянын, Өзгөн Кара-Дарыя дарыясынын ж.б. жайгашкан. А сел деген эмне? Бул топурак-таштын же суунун өйдөдөн ылдый карай ташкыны.
Ошондуктан селдин көп болушу сайларды жана дарыялардын жайылмаларын убагы менен тазалап турууга болгон эскертүү. Шаарларда инфраструктура коопсуздук чараларын талап кылат, а айыл аймактарында калктын коргонуу чаралары үчүн ресурстары аз. Селдин башкы тобокелчилиги – ал абдан шар жүргөндүктөн, дайым эле элди алдын ала эскертүү мүмкүн болбой калат. Бирок мамлекет жана коомчулук тийиштүү чараларды көрсө, сел жүрүшү азаят.
Японияны мисалга алайын, өткөн кылымдын 50-жылдары бир районунда абдан тез-тез сел жүргөн, ошондуктан алар ойдуң жерлерде жайгашкан күрүч талааларын сактап калуу максатында дамбаларды курууга чоң каражат жумшашкан. Учурда ал райондо сел маселеси чечилди. Башкача айтканда, биз келечек үчүн инвестициядан аянбашыбыз керек.
- Климаттын өзгөрүшү адамдын ден соолугуна кандай жай өнүгүүчү коркунучтарды жаратат?
- Климаттын өзгөрүшү – бул аба табынын жогорулашы, ал биринчи кезекте калктын аялуу тобуна коркунуч келтирет, негизинен карыларга жана ысыкка сезимтал адамдарга. Кыргызстанда азырынча ысыктын адамга тийгизген таасири изилдене элек. А Россияда 2010-жылы аба табы абдан көтөрүлгөн маалда адам өлүмү кескин көбөйгөнү аныкталган.
Эл аралык тажрыйба ар кайсы өлкөдө адам үчүн жагымдуу аба табы ар кандай болоорун көрсөтөт. Мисалы, Европа үчүн бул 17-24 градус Цельсия, а Индияга көрсөткүч 32ге чейин жетет. Бул эми аймакка жана нымдуулукка жараша болот. Адам организмине олуттуу таасирди 35 жана андан ашык градус тийгизээрине көнүл бурушубуз маанилүү.
Ооба, биз үчүн мындай аба табы кадыресе эле сезилет, бирок организм үчүн келечекте кандай кесепеттерин берээрин азырынча изилдей элекпиз. Ошондуктан улуттук адаптациялык планды иштеп чыгууда улуттук эксперттер Кыргызстанда ушундай изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин айтып жатышат. Анын үстүнө аба табынын адамдын ишке жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирин эч ким изилдей элек. А адамдын жеке бакыбат жашоосу, ошондой эле жалпы экономикабыз ишке жөндөмдүүлүккө байланыштуу болот эмеспи.
- Улуттук адаптациялык план климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга ишкерлерди тартууну көздөп жатабы?
- Албетте, бизнес-коомчулук адаптацияга катышуунун тобокелдиктери да, пайдасы да тууралуу кабардар болушу керек. Мисалы, изилдөөчүлөр климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуунун алдын алуу чараларына бүгүн 1 доллар сарптасак, ал келечекте 40 долларга чейин үнөмдөй турганын эсептеп чыгышкан. Ошондуктан эгер сиз климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу үчүн салым кошсоңуз, бул сиздин бизнес чөйрөңүзгө пайдасын тийгизээрин, ошондо мамлекеттен артыкчылыктарды алуу мүмкүн болоорун түшүндүрүү зарыл.
Ошол эле суу ташкыны жана сел транспорттук коммуникацияларды, соода инфраструктураларын, электр линияларын жабыркатат, а бул ишкерлердин чыгымына алып келет.
Бизнес коомчулугун тартуу үчүн биринчи кезекте укуктук коллизияны жоюу керек. Экинчи, бизнес үчүн тең салмактуу артыкчылыктарды ылгап, түзүп жана акырындык менен киргизүү зарыл. Үчүнчү, белгилеп кеткенимдей, аларга тобокелчиликтер, ыңгайлашууга катышуунун пайдасы тууралуу маалымат берүү кажет.
Бизнес стратегиясынын көз карашынан алганда, ишкерлер жана мамлекет өзгөчө кырдаалдарда бизнести коргоо деңгээлин жана ыңгайлашууга катышууда мүмкүн болгон инвестицияларды түшүнүшү маанилүү.