Кайрат Телеушев: Эмнеге Ирандын айланасындагы конфликт чөлкөмдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртүүдө
Ирандын айланасындагы кырдаал күн сайын курчуп баратат. Сириядагы ирандык объектилерге сокку уруу, Ливандагы кырдаалдын курчушу, Ормуз булуңундагы кемелер менен болгон окуялар жана өзөктүк программанын айланасындагы тынымсыз талаш-тартыштар Жакынкы Чыгыш кайрадан ири кризиске жакындап келе жатканын көрсөтүп турат. Биз саясат таануучу, "Гуров жана өнөктөштөр – Борбордук Азия" PR-компаниясынын башкы директору Кайрат Телеушев менен Ирандын айланасындагы курчуунун артында кандай процесстер турганын, Тегеран алсыраса, андан ким пайда көрүшү мүмкүн жана болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай таасир этерин сүйлөштүк.
– Ирандын тегерегиндеги кырдаалды кандай баалайсыз? Көпчүлүк аны АКШ менен Израилдин агрессиясынын курмандыгы деп эсептешүүдө.
– Мен болуп жаткан окуяларды "курмандык же агрессор" деген моралдык схема эмес, эл аралык саясаттын логикасы аркылуу кароону сунуштайт элем.
Эл аралык мамилелерде мамлекеттер биринчи кезекте өз кызыкчылыктарынын негизинде иш алып барышат. Бул моделди Моргентау жана Миршаймер сыяктуу саясий реализмдин классиктери сүрөттөп беришкен. Бирдиктүү улуттук бийлик жок дүйнөдө ар бир мамлекет өз позициясын бекемдөөгө умтулат, анткени коопсуздукка эч ким кепилдик бере албайт.
Эгерде Жакынкы Чыгышты ушул көз карашта карасак, анда Иранды тышкы кысымдын объектиси катары гана кабыл алууга болбой турганы айкын болот. Бул ондогон жылдар бою өзүнүн таасир этүү системасын түзүп келе жаткан мамлекет. Мындагы конфигурацияда башка ири державалар да маанилүү ролду ойнойт. Россия Жакынкы Чыгышта өзүнүн аскердик жана саясий катышуусун сактап калууга умтулат жана Ирандын союздашы бойдон калууда. Кытай Иран мунайынын туруктуу жеткирүүлөрүнө жана "Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагында инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар, Тегеран менен кызматташууну стратегиялык катары карайт. Ошол эле учурда Германия, Франция жана Улуу Британия сыяктуу ири европалык мамлекеттер Дональд Трамптын катаал линиясын эске алууга аргасыз.
– Ирандын стратегиясы эмнеде көрүнөт?
– Ал конкреттүү фактыларда жакшы көрүнүп турат. 2003-жылы Саддам Хусейн кулатылгандан кийин Иран Ирактагы позициясын шиит саясий партияларын жана куралдуу түзүмдөрүн колдоо аркылуу бир топ күчөттү.
Сирияда Тегеран согуштун алгачкы жылдарынан баштап Башар Асаддын негизги союздашы болуп калды. Ирандын каржылык колдоосу жана аскердик кеңешчилери болбосо, Сириянын жетекчилиги алда канча оор абалда калмак.
Мындан тышкары, Иран ондогон жылдар бою Ливандын "Хезболласын" колдоп келет. Тегеран ошондой эле Газа секторундагы ХАМАС менен кызматташып, Йемендеги хуситтер кыймылына колдоо көрсөтүүдө.
Аналитикалык изилдөөлөрдө бул союздаштар тармагы "каршылык көрсөтүү огу" деп аталат. Кеп Ирандын таасиринин кеңейиши, ага өз аймагынын чегинен тышкары атаандаштарын ооздуктоого жардам берген союздаш күчтөрдүн системасы жөнүндө болууда.
– Эмне үчүн кырдаал бүгүнкү күндө курчуду?
– Жакынкы Чыгыш бир нече ири державалардын: Иран, Израиль, Түркия жана Сауд Арабиясынын кызыкчылыктары кагылышкан аймак бойдон калууда. Андан тышкары, аймакта олуттуу аскердик күчүн сактап турган Америка Кошмо Штаттары бар. Жакынкы Чыгыштын кеминде 19 жеринде ондогон туруктуу жана убактылуу базалар, ошондой эле 40 миңге жакын аскер кызматкери жайгашкан. Алардын сегизи Бахрейнде, Египетте, Иракта, Иорданияда, Кувейтте, Катарда, Сауд Арабиясында жана Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан туруктуу базалар.
Мындай системада күчтөрдүн тең салмактуулугунун логикасы иштейт. Бир өлкө күчөгөндө, башка мамлекеттер муну коркунуч катары кабыл алып, анын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө аракет кылышат.
Израиль Ирандын өзөктүк программасын өтө олуттуу коркунуч катары карайт. МАГАТЭнин маалыматы боюнча, Иран 60%га чейин байытылган 120 килограммдан ашык уранды топтоду, бул өлкөнү өзөктүк курал жасоо босогосуна жакындатууда.
– Ирандын алсырашынан кайсы тарап пайда көрүшү мүмкүн?
– Кыска мөөнөттө кырдаалдан эң көп пайданы Израиль көрсө керек. Тель-Авивде Иран жана анын союздаш түзүмдөрү канчалык алсыз болсо, Израилдин коопсуздугуна ошончолук аз коркунуч туулат деп эсептешет.
Бирок дагы бир маанилүү оюнчу бар - Түркия. Анкара аскердик жана саясий потенциалын активдүү түрдө күчөтүүдө. Түркия НАТОдогу экинчи чоң армияга ээ, болжол менен 450 миң аскер кызматкери бар жана өзүнүн аскердик-өнөр жай комплексин активдүү өнүктүрүүдө.
Акыркы жылдары Түркия Сирияда, Иракта, Ливияда жана Түштүк Кавказда аскердик катышуусун кеңейтти. Эгерде Ирандын таасири азайса, Анкара Жакынкы Чыгыштагы саясий жана экономикалык таасирин күчөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.
– Чөлкөмдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугу кандайча өзгөрүшү мүмкүн?
– Эгерде Иран олуттуу түрдө алсырайт деп эсептесек, анда аймактык системанын чокусунда эң күчтүү эки күч борбору – Израил жана Түркия калышы мүмкүн. Израил аймактагы эң технологиялык жактан өнүккөн армияга жана эксперттердин баалоосу боюнча Жакынкы Чыгыштагы жалгыз өзөктүк арсеналга ээ. Анын аскердик бюджети жылына 24 миллиард доллардан ашат. Түркия болсо ири куралдуу күчтөргө жана тез өнүгүп жаткан коргонуу секторуна ээ.
Мындай кырдаалда дал ушул эки өлкө Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн мындан аркы конфигурациясын аныкташы мүмкүн. Ошондуктан, азыркы кризис жөн гана локалдык конфликт эмес, аймактагы таасирдин масштабдуу кайра бөлүштүрүлүшүнүн башталышы болуп саналат.
– Болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай таасир этиши мүмкүн?
– Борбор Азияга түздөн-түз аскердик таасир болбойт. Бирок сезилээрлик кесепеттери болот.
Биринчи фактор энергетикага байланыштуу. Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунай соодасынын 20 пайызы өтөт. Бул аймактагы ар кандай олуттуу чыңалуу дүйнөлүк энергетикалык баалардын өсүшүнө алып келет. Кыргызстан үчүн бул күйүүчү майдын кымбатташын, транспорттук чыгымдардын көбөйүшүн жана көптөгөн товарлардын баасынын өсүшүн билдирет.
Экинчи фактор – логистика. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Иран Перс булуңунун портторуна, биринчи кезекте Бендер-Аббас жана Чабахар портторуна маанилүү жол бойдон калууда. Эгерде Ирандын айланасында абал туруксуз болуп кетсе, анда жүк агымынын бир бөлүгү Каспий, Кавказ жана Түркия аркылуу альтернативдүү каттамдарга өтүшү мүмкүн. Бул "Ортоңку коридор" деп аталат. Мындай кырдаалда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу дагы тездеши мүмкүн.
Үчүнчү фактор коопсуздукка тиешелүү. Адатта Жакынкы Чыгыштагы ири конфликттер радикалдуу диний кыймылдардын жана пропаганданын күчөшү менен коштолот. Ошондуктан, Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары мындай процесстердин аймакка тийгизчү таасирин кылдаттык менен көзөмөлдөөгө аргасыз болушат.
Төртүнчү фактор геосаясатка байланыштуу. Эгерде Ирандын таасири азайса, аймактагы бош калган мейкиндикти башка оюнчулар ээлейт. Биринчи кезекте Түркия, ал Борбор Азияда экономикалык, билим берүү жана аскердик-саясий долбоорлорду активдүү өнүктүрүүдө.
Бешинчи аспект – маданий. Мисалы, Тажикстан үчүн Иран перс маданий салтынын маанилүү борбору болуп саналат. Тажик тили перс тилинин бир формасы. Ирандын алсырашы анын гуманитардык таасиринин кыскарышына жана бул тармакта башка мамлекеттердин активдүүлүгүнүн күчөшүнө алып келиши мүмкүн.
– Айтылгандардын негизинде кандай тыянак чыгарууга болот?
– Борбор Азия үчүн бул конфликт согуштук аракеттер эмес, экономика жана аймактык күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү аркылуу сезилет. Күйүүчү майдын кымбатташы, соода жолдорунун кайра курулушу жана тышкы таасирдин күчөшү аймак үчүн негизги кесепеттерге айланышы ыктымал.
Иран 92 миллиондон ашык калкы бар ири мамлекет бойдон калууда жана алдыңкы энергетикалык державалардын катарына кирет. Өлкө дүйнөдөгү такталган жаратылыш газынын жана мунай запастарынын көлөмү боюнча үчүнчү орунда турат, ошол эле учурда өнүккөн ракеталык программага ээ. Бирок бүгүнкү күндө ал олуттуу тышкы кысымга кабылууда.
Тегеран өз позициясын сактап кала алабы же жокпу, бул Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн келечектеги тең салмактуулугу гана эмес, Евразиянын геосаясий картасы кандай өзгөрөт жана Азия менен Европанын ортосундагы соода кандай жолдор менен жүрөт, көп жагынан ошого да байланыштуу болот. Ошол эле учурда, узак мөөнөттүү келечекте Иран тышкы кысымга ыңгайлашып, экономикалык жана саясий байланыштарын кайра кура алса, бул кырдаалдан күчтүү позициялар менен чыга аларын да жокко чыгарууга болбойт.
