Ош шаарында 230 жаш спортчу сууда сүзүү боюнча күч сынашты
Ош мэриясы
23 август

Ош шаарында 230 жаш спортчу сууда сүзүү боюнча күч сынашты

Ош шаарындагы “Булак” спорт комплексинде 22-августта Ош шаарынын сууда сүзүү боюнча 2-квалификациялык турнири болуп өттү. 

Мэриядан кабарлашкандай, мелдешке 2010-2019-жылдары төрөлгөн жалпы 230 өспүрүм катышып, жаш спортчулар төрт категория боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, аталган турнирдин жыйынтыгы менен Ош шаарынын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөлөрү аныкталат.