Манас шаарындагы курулуштар: үч ири объект боюнча 1 млрд сомдон ашык каражат үнөмдөлдү
20-августта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы ири социалдык объектилердин курулушу тууралуу журналисттерге маалымат берип, долбоорлордун сметалык наркы кайра каралып, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө боюнча жүргүзүлгөн иштерге токтолду.
Буга чейин Манас шаарынын мэриясы тарабынан үч ири объекттин курулушу башталган. Бирок жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында алардын долбоордук-сметалык наркы жогору белгиленгени аныкталган. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан аталган объектилердин долбоордук-сметалык документтери кайрадан каралып, курулуш иштеринин наркы такталган. Натыйжада үч ири объект боюнча 1 млрд сомдон ашык бюджеттик каражатты үнөмдөөгө шарт түзүлгөн.
Алсак:
- Облустук клиникалык оорукана: 74,9 млн сом үнөмдөлдү
Нурдан Орунтаев Манас шаарында курулуп жаткан 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукананын долбооруна токтолуп, алгач объекттин сметалык наркы 1,7 млрд сомдон ашык болуп, Манас шаарынын мэриясы тарабынан курулушу башталган.
Президенттин тапшырмасынын негизинде министрлик тарабынан долбоордун сметалык эсептери кайра каралып, курулуштун жалпы наркы 1,5 млрд сомду түздү. Натыйжада 74,9 млн сом бюджеттик каражат үнөмдөлдү.
“Мындай ири объектилерде сметалык эсептерди кылдат текшерүү маанилүү. Ар бир сомдун максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылышы көзөмөлдө болушу керек”, — деди министр.
Ооруканада лаборатория, амбулатордук-диагностикалык, реанимация, операциялык, нейрохирургия, травматология, онкология, урология, көз, ЛОР жана башка бөлүмдөр жайгашат. Мындан тышкары имараттын чатырында 219 чарчы метрди түзгөн вертолет конуучу аянтча каралып, 7 кабат боюнча төрт лифт орнотулат.
Бүгүнкү күндө 7-кабаттагы опалубка иштери дээрдик аяктап калды. Ал эми дубалдарды кыш менен тургузуу иштери 5-кабатка чейин бүткөрүлдү.
- 5 200 орундуу спорт сарайы: 479 млн сом үнөмдөлдү
Министр Манас шаарындагы 5 200 орундуу спорт комплексинин курулушу боюнча объекттин сметалык наркы буга чейин 3 млрд сомдон ашык деп эсептелгенин белгиледи. Министрликтин кайра эсептөөсүнүн жыйынтыгында долбоордун наркы 2,6 млрд сом деп такталып, 479 млн сом бюджеттик каражат үнөмдөлгөн.
Спорт комплексинде 5 200 көрүүчүгө ылайыкталган футбол аянтчасы, VIP орундар, административдик имарат, эл аралык талаптарга жооп берген бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, тамактануучу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.
Бүгүнкү күндө курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
- “Акылман” мектеп-лицейи: 1 чарчы метрдин баасы 750 долларга чейин төмөндөтүлдү
Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы “Акылман” атындагы Президенттик мектеп-лицейинин курулушуна байланыштуу да маалымат берди.
Алгач долбоордун сметалык наркы 2,1 млрд сомдон ашык болуп, курулуштун 1 чарчы метри 1 103 АКШ доллары деп эсептелген.
Министрликтин кайра эсептөөсүнөн кийин 1 чарчы метрдин наркы 750 АКШ долларына чейин төмөндөтүлүп, объекттин жалпы сметалык наркы 1,7 млрд сом болуп такталган. Муну менен 443,5 млн сом үнөмдөлдү.
“Бул жерде негизги максат — курулуштун сапатын төмөндөтпөстөн, чыгымдарды оптималдаштыруу. Мамлекеттик каражат үнөмдүү пайдаланылып, ошол эле учурда объекттердин сапаты жана функционалдуулугу сакталууга тийиш”, - деп белгиледи министр.
Учурда мектеп-лицейдин курулуш-монтаждоо иштери аяктап калды, жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоорго 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн турак жай, лабораториялар, китепкана, бассейн, спорт залы жана стадион кирет.
Белгилей кетсек, аталган долбоорлор учурда Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, объектилердеги курулуш иштери тыкыр көзөмөлдөнүүдө.
