Бишкекте мааракелик «Борбор Азия Романсиадасы» өтөт – жеңүүчү Москвадагы финалда өнөр көрсөтөт
Бишкекте 25-октябрда орус романсынын жаш аткаруучуларынын X юбилейлик эл аралык «Борбор Азия Романсиадасы» сынагы өтөт. Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан жаш вокалисттер катышууга чакырылат.
Сынак орус романсынын жаш аткаруучуларынын XXX юбилейлик Москва эл аралык «Романсиада-2026» сынагынын программасына киргизилген.
Сынакка чыгармачылык багыттагы жогорку окуу жайлардын студенттери, орто кесиптик окуу жайлардын жана музыкалык мектептердин окуучулары, ошондой эле 6 жаштан 26 жашка чейинки орус романсына кызыккан ышкыбоздор катыша алышат.
Сынак эки негизги номинация боюнча өткөрүлөт: «Романсиаданын үмүтү» – 6 жаштан 16 жашка чейинки катышуучулар үчүн жана «Жаш аткаруучулар» – 17 жаштан 26 жашка чейинкилер үчүн.
Экинчи турга өткөн сынактын катышуучулары үчүн кошумча «Кыргыз романсы» номинациясы каралган. 2026-жылы катышуучуларга эки композитордун тең туулганына 120 жыл толгонуна байланыштуу программага Дмитрий Шостаковичтин жана Абдылас Малдыбаевдин чыгармаларын киргизүү сунушталат.
Мааракелик даталарга карата Дмитрий Шостаковичтин жана СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевдин ысымындагы эки атайын сыйлык негизделген.
Жеңүүчүлөрдү Россиянын эмгек сиңирген искусство ишмери, Россиянын эмгек сиңирген артисти, Москванын «Романс үйүнүн» директору Галина Преображенская жетектеген эл аралык калыстар тобу аныктайт.
Жеңүүчүлөрдүн бири 2026-жылдын 6-декабрында Москвада өтө турган «Романсиаданын» финалында өнөр көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
26-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чоң залында аймактагы өлкөлөрдүн жана Орусиянын лауреаттары менен белгилүү аткаруучуларынын катышуусунда «Орус романсынын жылдыздары» аттуу гала-концерт өтөт.
«Борбор Азия Романсиадасынын» өзүнчө тандоо туру октябрдын башында Ош шаарында өткөрүлөт.
Катышуу үчүн арыздар 16-октябрга чейин кабыл алынат. Сынакка катышуу акысыз, бирок жол кире жана жашоо чыгымдарын катышуучулардын өздөрү же аларды жиберген тарап төлөйт.
Сынактын программасы жандуу музыкалык коштоодо гана аткарылышы керек. Жаздырылган фонограмманы колдонууга жол берилбейт. Зарыл болгон учурда башка шаарлардан келген катышуучуларга уюштуруучулар концертмейстерди акысыз беришет.
Тогуз жыл аралыгында «Борбор Азия Романсиадасына» Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан 500дөн ашуун аткаруучу катышкан. Аймактык сынактын 12 лауреаты кийин Москвадагы «Романсиаданын» финалында өнөр көрсөтүшкөн. Ал эми Бишкектеги сынактык угууларга жана гала-концерттерге 10 миңден ашуун көрүүчү келген.
