Кыргызстанда 109 млн дары-дармек таңгагы санариптик система аркылуу көзөмөлдөнүүдө
Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү процесстерин санариптештирүү иштери уланууда. 2021-жылдын 2-ноябрындагы №238 токтомго ылайык түзүлгөн мамлекеттик маалыматтык система фармацевтикалык продукцияны жүгүртүүнүн негизги процесстерине санариптик көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылат.
Бүгүнкү күндө системага 2 604 катышуучу, анын ичинде 291 медициналык уюм жана 2 313 дарыкана уюму кошулган. Системада дары-дармек каражаттарынын 2 075 аталышы катталган.
Система 109,2 млн таңгак дары-дармек каражатын көзөмөлдөөнү камсыз кылат, алардын ичинен 36,8 млн таңгак жүгүртүүдөн чыгарылган.
Системанын инструменттеринин бири — бейтаптардын коопсуздугун жогорулатууга, жасалма дары-дармек каражаттарынын жүгүртүүгө чыгарылышына каршы күрөшүүгө жана фармацевтикалык рыноктун ачыктыгын камсыз кылууга багытталган «Дары-дармек» мобилдик тиркемеси.
